ФУЛЛЕР: ЧЕЧИМ ҮЧҮН АСАД МЕНЕН КЕЛИШҮҮ ШАРТ

287
0

АКШнын борбордук разведка башкармалыгынын мурдагы жетекчисинин жардамчысы Грэм Э. Фуллер Сириядагы кризисти жөнгө салуу үчүн Асад менен келишүүнү АКШ өкмөтүнөн талап кылды. Фуллердин баса белгилешинче, Сирияда ийгиликке жетишүү үчүн муътадил (демократияны жактоочу) оппозиция менен эмес, Асад менен келишүү зарыл. Анткени, Сириядагы оппозициялык топтор арасынан “зыяны азыраагын” тандап алуунун ордуна Башар Асад менен келишип коюу өтө эле ыӊгайлуу.

Мындан мурда АКШ президенти Барак Обаманын Сирия боюнча планы конгресске сунушталып, тастыкталган эле. Анда белгиленген токтомго ылайык, Сириядагы мужахиддерге каршы күрөшүү үчүн муътадил (демократия тарапкечи болгон) оппозицияны куралдантуу жана машыктыруу белгиленген болчу.

Фуллер «Хаффингтон Пост» маалымат агенттигине жолдогон макаласында Сириядагы мужахиддерге каршы күрөшүү үчүн Башар Асад менен союз түзүү эң ыңгайлуу жана туура жол экендигин айтты. Фуллердин айтымында, бүгүнкү күнгө чейин Асадды бийликтен четтетүү планы ийгиликсиздикке дуушар болгон, демек мындан кийин бирден-бир жол аны менен келишүү.

Фуллер: “Жакынкы Чыгыш бүгүнкү күндө өмүрүмдө көрбөгөн эң кооптуу абалга түшүп калды. Бардык чараларга карабастан, абал күндөн-күнгө начарлап барууда. Ар күнү Батышка карата жаңы-жаңы душмандар майданга чыгууда. Бул регион чыгыштан да, батыштан да АКШнын душмандарын өзүнө тарткан борборго айланып калды. АКШ жана башка мамлекеттер Ирак менен Сириядагы ички чатактарды бастырууда ийгиликсиздикке дуушар болушту. Эми болсо Ислам мамлекетинин кайраты барган сайын жайылып барууда. Азыр ийгиликсиздикти кабыл алуу жана Асад менен келишип Сириядагы ички чатакты басуунун убагы. Бир гана ушул жол аркылуу бул регионду террорчу топтордон тазалоого болот”, – деди.

Туркистон:

Фуллер кырдаал кооптуу болуп бара жатканын айтып жатканда, аскерий алсыздыктан эмес, тескерисинче, идеологиялык ийгиликсиздик жакындап келе жатканынан эскертүүдө. Куфр дүйнөсү аскерийлеринин Исламий өлкөлөргө бастырып кирүүсү мусулмандардын Исламий туйгуларын козгойт. Исламий идеология аларды бириктирет. Ошондо мусулмандар ар бир аракеттеринде шаръий өкүмгө амал кыла башташат. Бул болсо, алардын мурунку каталарын оӊдоп алышына жана Ислам байрагы астында биригүүсүнө алып барат.

Фуллердин тынчсыздануулары өтө орундуу. Ал куфр системасынын кыйроосу Исламий идеологиянын турмушта өз ордун табуусу аркылуу болушун жакшы билет. Бул идеология намаздын рукндарын жана тарыйкатын баян кылып мусулмандарды жамаатта бириктиргени сыяктуу эле, жихаддын шарьий болушунда да мусулмандарды бириктирет. Бул абалдын турмушка кайтышын мусулмандардын куфр менен түздөн-түз күрөшүүсү жана өз ара күрөшүүдөн тыйылышы тездетет.

Ал “Ислам мамлекети” уюмунун кайраты жөнүндө сөз кылуу менен, Шамга каршы түзүлгөн коалициянын аракеттерин жана ал тарабынан болуп жаткан кыргындарды актамакчы болууда о.э. анын зарылдыгын баса белгилемекчи болууда. Батыш дүйнөсү, куфр системасы өзү үчүн чыныгы душман деп билүүчү Ислам системасы экендигин жашыруу максатында, “ИШИМ”  уюму кылган жана кылбаган  кыргындарды катуу реклама кылды. Аны мусулман дүйнөсүнөн ажыратып алып, чыныгы мусулмандарды кырууда анын жаманаттысынан пайдаланмакчы болду. Бирок, алар үчүн мусулмандар өз ара мамилелерин четке сүрүп коюп, шаръий өкүмгө ылайык бириккен абалда куфрга каршы күрөшүүсү коркунучу пайда болду.   

Фуллер Асадды майданга кайтаруу жөнүндө сөз кылып жатканда, азыркы абалда өздөрүнө көз каранды болгон оппозициялык өкмөттү мусулмандарга тан алдыруу кыйын экендигин жана аларды аскерий жактан колдоо менен мусулмандарга каршы аракет кылганга караганда Асаддын өзү ыӊгайлуураак экендигин айтмакчы болду. Булардын максаттары өтө ыпылас жана мусулмандарга карата өтө карасанатай экендиги баарыбызга белгилүү болду. Болгону чыккынчы, караӊгы жана куфрга байланып алган саясатылар гана атайылап ыймандарынан кечүү менен куфрдун мусулмандарга каршы аракеттерин колдоп жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here