Кыргызстан өкмөтү 2014-жылга келип өз бийлигине “коркунуч туудурушу” мүмкүн болгон “ашынган кылмышкер”лерге каршы күрөшүн ого бетер күчөттү. Бул күрөштө расмий өкмөт өзүнө атаандаш катары алсыз муслима аялдарды тандады.
Алгач расмий өкмөт 1960-жылдын 16-ноябрында Жалал-Абад областында төрөлгөн жана учурда Бишкек шаарында жашап келген, экинчи топтогу майып Кыпчакбаева Сайракан Кенжетаевнаны 2014-жылдын 27-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи-Май райондук сотуна чакыртып соттун чечими менен Бишкек шаарындагы №1 убактылуу кармоочу камагына таштады. Кийинчерээк, 2014-жылдын 10-сентябрь күнү болуп өткөн соттук отурумда Биринчи-Май райондук соту Кыпчакбаева Сайраканды Кыргызстан кылмыш кодексинин 299 – (этникалыкалык, диний жана улуттар аралык кастыкты козутуу) беренеси менен айыптуу деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратты. Ошол сотто Кыпчакбаева менен биргеликте дагы бир “өкмөткө олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн болгон” 1986-жылдын 17-мартында Нарын областында төрөлгөн, үй-бүлөлүү, эки жаш баланын энеси Орозбекова Гулзина Качкыновнанын да иши көрүп чыгылды. Орозбекова Гулзинанын биринчи жолу соттолуп жатканы, карамагында эки жаш баласы бар экендиги эсепке алынып, үч жыл мөөнөткө шарттуу түрдө эркинен ажыратуу жазасы белгиленип, бир жылдык сыноо мөөнөтү дайындалды.
Кыпчакбаева Сайракандан кийин расмий өкмөт Аманова Зулфияны да камакка алды. Эки ай камакта кармагандан кийин, Зулфияга карата баш коргоо чарасы 20-май күнү үй камагына алмаштырылды жана кийинчерээк бир нече ирет болуп өткөн соттук отурумдарда Зулфия Аманова айыбы далилденбесе да, 50 миӊ сом штраф салуу менен азаттыкка чыгарылды.
Мындан тышкары, УКМК кызматкерлери тарабынан 2014-жылдын 1-апрелинде, 1976-жылдын 5-март күнү Жалал-Абад шаарында төрөлгөн Токтобаева Жумазия Сүютбековнанын Бишкек шаарында жашап жаткан үйүндө тинтүү өткөрүлгөн жана тинтүү маалында анын үйүнөн Хизбут-Тахрирге тиешелүү болгон адабияттар табылганы үчүн Кыргызстан кылмыш кодексинин 299 – (этникалык, диний жана улуттар аралык кастыкты козутуу) беренеси боюнча айыптап камакқа алган эле. Кийинчерээк 2014-жылдын 24-июнунда Биринчи-Май райондук соту Токтобаева Жумазияны 4-жылга эркинен ажыратуу жазасын дайындады.
Күрөшүн дагы да күчөтүүгө токтом кылган расмий өкмөттүн күч органдары 2014-жылдын 30-сентябрь күнү Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарында “антитеррор” операциясы алкагында бир нече үйлөрдө тинтүү иштерин өткөрүштү. Бул иш-чаралардын натыйжасында 20 жаштан 25 жашка чейинки 7 аял Хизбут-Тахрир уюмуна мүчө болгондукта шектелип камакка алынды жана аларга карата кылмыш иши козголду.
Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн кожоюндарынан алып жаткан акчаларды актоо жана чындыкта жок болгон коркунучту көбүртүп көрсөтүп, алардан дагы да көбүрөөк акча өндүрүү максатында о.э. эркектер, ага-инилер же аталар эле эмес, тескерисинче, бардык мусулмандар тарабынан намыс катары сакталышы важиб болгон алсыз аялдарга каршы жүргүзүп жаткан куугунтуктарына эч кандай реакция билдирилбей жатканынан кайраттанган расмий өкмөттүн күч органдары тарабынан 2014-жылдын 18-ноябрь күнү Бишкек шаарында жана Чүй областында Хизбут-Тахрир уюмуна мүчө болгондукта шектелген бир нече аялдардын үйүндө тинтүү өткөрүлдү. Бул тинтүү жана колго түшүрүү операциясын ИИМдин 10-бөлүмү жана УКМК кызматкерлери биргеликте ишке ашырышты.
ИИМдин маалымат кызматынын кабар беришинче, 1989-жылы Ош областына караштуу Араван районунун Маңгыт айылында төрөлгөн, учурда Бишкек шаарында жашап жаткан К.Б нын үйүнөн Хизбут-Тахрирге тиешелүү чоӊ өлчөмдөгү материалдар табылган.
Дагы башка бир муслима, 1988-жылы Нарын областынын Ак-Талаа районунда төрөлгөн жана Бишкек шаарында жашап, мектеп-гимназияда мугалим болуп иштеген Ж.Анын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүүнүн натыйжасыда да “тыюу салынган китептер” бар экендиги аныкталган.
Чүй областынын Ысык-Ата районунда жашаган, 1987-жылы Ысык-Көл областына караштуу Түп районунун Ичке-Суу айылында төрөлгөн Ж.Знын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүү маалында “диний-экстремисттик” мазмундагы китептер, нетбук, жазма китепче жана ноутбук табылган.
Бишкектин Жал кичи районунда жашаган 1987-жылы төрөлгөн К.Жнын үйүнөн да ушундай мазмундагы адабияттар табылган.
Кыргызстандын Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык уюмуна мүчө болушу үчүн катуу басым өткөрүп жаткан Россия өкмөтү Атамбаевден Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүүнү да талап кылууда. Россия Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн кандай жолду карманып жаткан болсо, Кыргызстан өкмөтү да анын изинен ээрчип барууда. О.э. дос ким да, душман ким экендигин айрырмалай албастан алсыз аялдардан өзү үчүн “коркунуч” пайда кылып, ушул жол аркылуу кожоюнун ыраазы кылууга умтулуп келе жатат.
Абдурахман Адилов
Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү
20-ноябрь, 2014-жыл.