ИРАН: АСАД РЕЖИМИ КУЛАСА ИЗРАИЛДИН КООПСУЗДУГУНА КОРКУНУЧ ТУУЛАТ

235
0

Ирандын тышкы иштер министринин катчысы Хусайн Амир Абдуллахиян эгерде Сирияда Башар Асад режими кулай турган болсо Израилдин коопсуздугуна коркунуч туулушунан эскертти. Абдуллахияндын баса белгилешинче, Сириядагы саясий өзгөрүштөр өтө көптөгөн коркунучтуу натыйжаларды келтирип чыгарат.

Иран маасалык маалымат каражаттары таркаткан кабарга ылайык, Вашингтон менен байланышкан Абдуллахиян АКШ өкмөтүн бул коркунучтан эскерткен.

Иран тышкы иштер министринин катчысы: “Бул тууралуу АКШ өкмөтүн жетиштүү даражада эскерттик. Эгерде терроризмге каршы күрөш жардамында Сирия режими өзгөрүшү анык болсо яхудий режиминин коопсуздугу таптакыр камсыздалбайт”, “ИШИМге каршы күрөш аталышы астында Сирия режимин өзгөртүүгө себеп болуучу ар кандай ыкма жана иш АКШга жана анын коалициясына о.э. яхудий режимине коркунучтуу натыйжаларды келтирип чыгарат”, – деди.

Ал: “Биз Сирия президенти Башар Асаддын бийликте түбөлүккө калышын каалабайбыз. Бирок, ошол эле убакта террорчуларга (Мужахиддерге) каршы күрөштүн өзөгү болуп эсептелген Сирия режиминин кулашына таптакыр уруксат бере албайбыз”, – деп кошумчалады.

Эскерте кетүүчү нерсе, АКШ ИШИМге каршы күрөш деген аталыш астында Жакынкы Чыгыш регионундагы жихадий топторго каршы коалиция түзгөндөн кийин Түркия да бул коалицияга катыша тургандыгын жарыя кылды. Бирок, Түркиянын премьер-министри Ахмад Давутоглу бул коалицияга катышуу үчүн ИШИМге каршы уюштурулган чабуул Асад режимин да өз ичине алышын шарт кылып койгон.

Иран тышкы иштер министринин катчысы Хусайн Амир Абдуллахиян бул жаатта Түркия жооптууларын да эскерткендигин айтып өттү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here