Татарстандагы сот өкүмдөрү Челябинскте дагы камакка алуулар

268
0

2014-жылы 14-сентябрда Набережные Челны шаарынын соту төрт Хизб-ут-Тахрир мүчөсүн Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин 282-беренесине ылайык «душмандыкка жана чыр-чатакка үгүттөө, адамдын намысына шек келтирүүдө» о.э. ушул берененин 2-бөлүмүнө ылайык «экстремисттик уюмдун аракетинде катышууда» айыптуу деп тапты. 1973-жылы туулган Рязапов Булатты жазаны өтөө колониясына бир жыл төрт айга эркинен ажыратты. Калгандарды бир жылдык шарттуу камак жазасына өкүм кылды, алар: 1969-жылы туулган Байназаров Айбек, 1971-жылы туулган Басиров Радиф, 1983-жылы туулган Кучкаров Рамил.

2-октябрда да Россия Федералдык коопсуздук кызматкерлери Россия ички иштер кызматкерлери менен биргеликте Челябинск регионунда Хизб-ут-Тахрирдин 4 жигитин колго алышкан. Алардын үйлөрүндө тинтүү өткөрүшүп, аларды камакка алышкан, алар үстүнөн Россия Федерациясынын кылмыш кодексинин 205.5 беренеси 2-бөлүмүнө негизделип «террористтик уюм аракетинде катышуу» айыбы менен сот иши башталды, кийин алар 5 жылдан 10 жылга чейин эркининен ажыратылды. Алар: 1982-жылы туулган Хабиров Салават, 1989-жылы туулган Шамсутдинов Ринат,  1988-жылы туулган Шаимов Альфред, 1983-жылы туулган Миров Арифжан. Баса белгилөө зарыл, ага-инилер Хабиров Салават менен Хабиров Вадим эми гана (2014-жылы 12-сентябрда) жаза мөөнөттөрүн өтөшүп азаттыкка чыгышкан эле.

Этибарлуусу, Набережные Челны шаарында соттолгон мусулмандарга жана алардын Челябинскте камакка алынган боордошторуна да ушул 282-беренеге негизделип айып коюлган. Бул беренеден мусулмандарды кылмышкерге чыгарууда пайдаланылууда. Бул берене 2013-жылы 27-сентябрда бүткүл Россия региондору бойлоп «Баарыбыз Куръанды коргойбуз» урааны астында өткөрүлгөн кампания артынан иштелип чыккан. Орус режими мусулмандардын «Хижабга тыюу салуу менен эже-карындаштарыбыздын кийимдерин чечип алышты» о.э. «Алар Россияда мусулмандарды камакка алып, өлтүрүп жатышат» сыяктуу ураандарды үйрөнүп чыгып, аларды көтөрүп чыгуу кылмыш деген тыянакка келди. Негизи, бул ураандар Россиянын кылмыштуу абалын көрсөтүп турат. Ушуга ылайык, анын ушул абалын коомчулукка ачыктап жаткан кишилер кылмышкерге чыгарылышты.

01-11Бул окуялар Россия атайын коопсуздук кызматы биздин кайратыбызды сындырууга жана позициябыздан баш тартууга аракет кылып жатканын көрсөтөт. Түпкүлүгүндө, пикирий даъват алып барып жаткандарды террористке чыгаруу кыйын болууда, себеби, исламий региондордо аларды тынч жол менен аракет кылган кишилер катары таанышат. Демек, КГБ мураскорлору алдында коомдук пикирдин сокур тыйынчалык да мааниси жок.

Ушул себептен улам, биз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө, каршы тынымсыз мыйзамсыз аракеттер алып барылып жатканына күбө болуудабыз. Бул аракеттерди атайын коопсуздук күчтөрүнүн басымы астында орус жетекчилиги ойлоп тапкан. Бирок, канчалаган камакка алуулар болбосун, канчалаган мыйзам беренелери иштелип чыкпасын, Халифалыкка даъват кылып жаткандар канчалык сотко тартылбасын, атайын коопсуздук кызматы алып барып жаткан күрөштөр, куугунтуктар жана зулумдар мыйзамсыз бойдон кала берет. Себеби, алардын баары Хизб аракетине тыюу салып актап болгус ката негизине курулган.

Дагы айтабыз, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө коюлуп жаткан айыптоо жана соттор адилетсиз жана жасалма, ар кандай айыпсыз адамды камоо жана эркинен ажыратуу чоң кылмыш эсептелип, аны жасагандар да, ага шерик болгондор да тез арада албетте эсеп беришет.

Аллах Субханаху ва Таала айтат:

﴿وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّـهَ غَافِلًا عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ * إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ * مُهْطِعِينَ مُقْنِعِي رُءُوسِهِمْ لَا يَرْتَدُّ إِلَيْهِمْ طَرْفُهُمْ * وَأَفْئِدَتُهُمْ هَوَاءٌ﴾

«(Эй Мухаммад), сен эч качан: «Аллах залим кимселердин кылып жаткан амалдарынан капарсыз», деп ойлобогун! Бар болгону Аллах аларды(н жазаларын) көздөр(коркунучтан) катып кала турган (Кыямат) күнүнө калтырууда. (Ал күндө) алар баштарын (асманга) көтөргөн абалдарында (чакырылган тарапка эсеп-китеп үчүн)жүгүрүшөт. Көздөрү өздөрүнө кайтпайт (т.а. коркуудан катып калып, өздөрүнүн кандай абалда экенин да көрүшпөйт). Дилдери (коркунучтан) боп-бош болуп калат»                                                         [14:42-43]

Хизб-ут-Тахрирдин

Россиядагы басма сөз бөлүмү

Хизб-ут-Тахрирдин Россиядагы басма сөз бөлүмү: www.hizb-russia.info

Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here