ИНЖИРЛИК АКШГА АЧЫЛДЫ

268
0

Америка президенти Барак Обаманын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сьюзан Райс Сириядагы кырдаал жөнүндө АКШнын НБС телеканалына интервью берди. Сьюзан Райстын билдиришинче, Анкара өкмөтү Сириядагы муътадил (демократиялык башкарууну жактоочу) оппозицияны аскерий машыгуудан өткөрүү үчүн АКШ жана анын шериктерине Түркия аскерий базаларынан, айрыкча Инжирлик аскерий базасынан пайдаланууга уруксат берген.

Райс түрк жооптуулары АКШ жана анын коалициялык шериктерине Сирия ичкерисинде иш жүргүзүү үчүн өз имараттарынан пайдаланууга уруксат бергендигине басым жасады.

“Бул Түркиянын бизге берген жаңы убадасы. Биз муну курсантчылык менен тосуп алдык”, – деп өзгөчө баса белгилеген Сьюзан Райс: “Биз Түркиядан жалгыз өзү кургактыктан Сирияга киришин талап кылбадык”, – деп кошумчалады.

АКШ тышкы иштери министрлигинин маалымат катчысы Мария Харф да Түркия өкмөтү сириялык муътадил оппозицияны аскерий машыгуудан өткөрүүгө ыраазы болгондугун билдирди. Харфтын айтымында, Түркиядагы аскерий базалардын биринде америкалык жана түркиялык адистер сириялык муътадил оппозиция аскерлеринен 2000 адамды аскерий машыгуудан өткөрүшөт. АКШ корго министрлигинен бир топ адистер аскерий каналдар аркылуу пландарды иштеп чыгуу үчүн эмдиги аптада Анкарага жолго чыгышат.

АКШ тарабынан террорчу (жихадий) топторго каршы күрөшүү максатында түзүлгөн коалицияга катышуу үчүн Түркия бир нече шарттарды койгон. Мисалы, учууга тыюу салынган аймакты белгилөө, Сирия тарабынан коопсуздугу камсыздалган аймакты пайда кылуу, машыгуудан өткөрүү жана аскерий жабдыктар менен камсыздоо жараяны кимдерге карата жана кандай ишке ашырылышын белгилеп алуу сыяктуу шарттар ошол шарттардын катарын толуктайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here