БАЙДЕН КЕЧИРИМ СУРАДЫ

286
0

АКШ президентинин катчысы Жо Байден экстремисттер жөнүндө берген билдирүүсү боюнча Сауд Арабиясынан кечирим сурады. Байден офисинин катчысынын билдиришинче, президенттин катчысы Саудия тышкы иштер министри Сауд Файсал менен сүйлөшкөн. Маек убагында Байден экстремисттик (жихадий) топторго каршы АКШ менен кызматташкандыгы үчүн Саудияга ыраазылык билдиргендиги айтылууда.

АКШ вице-президенти Жо Байден Гарвард университетинде АКШнын Жакынкы Чыгыштагы саясаты туурасында сүйлөгөн сөзүндө АКШнын союздаштары, ошону менен бирге Саудия, Түркия жана Бириккен Араб Амирликтери мамлекеттеринин Сириядагы террорчу (Исламий) топторду курал-жарак жана каражат менен камсыздап жаткандыкта айыптаган эле.

Мындан мурда АКШ вице-президенти Жо Байден Сириядагы жихадий топтор жөнүндө берген билдирүүсү туурасында Бириккен Араб Амирлигинен да кечирим сурады. Анткени, Бириккен Араб Амирлигинин тышкы иштер министри Анвар ибн Мухаммад Байдендин билдирүүсүнө таӊ калгандыгын билдирип, бул жөнүндө расмий ачыктама беришин талап кылган эле.

АКШ вице-президенти өзүнүн Сирия жөнүндөгү пикирлери Бириккен Араб Амирлигинин экстремисттик (жихадий) топторду колдоп жаткандыгын билдирбестигин ачыктады. Бул тууралуу Байден Абу-Дабинин валиахды шайх Мухаммад Зоид менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтып өттү.

О.э. Байден Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдаган менен да телефон аркылуу байланышып, өзүнүн билдирүүсү үчүн кечирим сурады. Байден Анкарадан кечирим сурагандан кийин анын офиси бир билдирүү чыгарып, Вашингтон экстремисттик (жихадий) топторго каршы күрөштө Түркиянын ролун өзгөчө белгилей тургандыгын билдирди.

Байдендин билдирүүсү Анкаранын да ачуусуна тийген эле жана Түркия президенти Эрдаган Байденден кечирим суроону талап кылган эле.

Туркистон:

Көӊүл буруӊуз, мусулмандарга жардам берүү жана бул ишин жарыя кылуу сыймык эмес, акаарат имиш!!!

Мусулмандарга каршы түзүлүп жаткан коалицияга кошулуу жана түздөн-түз аларды кыруучу операцияларда катышуу эки дүйнө шермендечилиги эмес, сыймык имиш!!!

Мусулман куфр тарабынан террорист деп атап коюлушу менен Аллахтын алдында ушул сыяктуу атамалар эсепке алынып, ортолорубуздагы боордоштук көтөрүлөбү?

Аллахка ант болсун, булар Аллахтын динине жана мусулмандардын үстүндө кыянат кылып жатышат!!!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here