НАТО ТҮРКИЯНЫ КОРГОЙТ

324
0

НАТОнун Измирде жайгашкан кургактык күчтөрүнүн командачысы генерал-лейтенант Фредерик Ходжес Сирияда болуп жаткан окуялар НАТО союзу тарабынан көӊүл коюу менен жакындан күзөтүлүп жаткандыгын айтып, 5 берененин “өтө маанилүү” экендигин билдирди.

Ходжес: “Эгерде Түркия чабуулга дуушар болсо НАТО уюумуна мүчө башка мамлекеттер Түркияны колдоого даяр”, – деди.

Американын борбору Вашингтондогу маалымат борборунда кабарчылардын суроолоруна жооп берген Ходжес Түркия мамлекети НАТО уюмунун эӊ алгачкы мүчөлөрүнүн бири экендигине жана географиялык жактан дүйнөнүн эң маанилүү чекитинде жайгашкандыгына басым жасады. О.э. Ходжес Түркиянын 1952-жылы НАТО уюумуна мүчө болгондугун жана ошол кезден бери анын күчтүү, коопсуз мүчөсүнө айлангандыгын эскертип өттү.

Ходжес НАТО уюмунун Измирдеги штабы да эң узак убакыттан бери т.а. Наполеон доорунан кийинки убакыттан баштап ишмердүүлүгүн улантып келе жаткан штаб экендигине ишара кылды. Ходжестин айтымында, бул Түркиянын НАТОго, НАТОнун болсо Түркияга бекем байланыштуу экендигин көрсөтөт.

Ходжес НАТОнун башкы максаты жөнүндө сүйлөп, НАТО союздаштарынын ортоктош коопсуздугун камсыздоосуна жана НАТОго мүчө мамлекеттер бири-бирин коргошуна көӊүлдү бурду. Ходжестин айтымында, Түркия өкмөтү 2012-жылы жаз айларынын аягында Сириядан келе жаткан коркунучтар каршысында НАТОдон расмий түрдө жардам берүүнү талап кылган. Ходжес Түркиянын бул талабынан кийин НАТОго мүчө башка 27 мамлекеттин ыраазылыгы менен үч ай мөөнөт ичинде үч мамлекет тарабынан Түркия аймагында Патруль ракеталык коргоо түзүмү жайгаштырылгандыгын жана бул миссия бүгүнкү күндө да уланып жаткандыгын айтып өттү.

“Бул абал НАТОго мүчө мамлекеттер Түркияга жардам көрсөтүү милдетин мойнуна алгандыгына ачык-айкын далил болот. Бул системанын Түркияга ушунчалык кыска убакыт ичинде курулушу жана кыш мезгилинин ортосунда ишке даяр абалга келтирилиши НАТО уюмунун эркине, биримдигине жана өтө чоӊ мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигине далил болот. Корголуп жаткан Кахраманмараш, Газиантеп жана Адана шаарларына Сирия тарабынан бир да ракета чабуулу жүз бербеген болсо да Патруль коргоо системасынын миссиясы уланышын таптакыр унутпашыбыз керек”, – деди НАТОнун Измирдеги командачысы генерал-лейтенант Фредерик Ходжес.

Мындан мурда НАТОнун башкы катчысы Андрес Фог Расмуссен “Сириядагы химиялык куралдар мамлекеттен чыгарылып кеткенден кийин Түркиядагы Патриот батареяларына муктаждык калбады” деген пикирге кошулбай тургандыгын билдирген болчу.

Расмуссендин айтымында, Сирияда химиялык куралдар бар болсо да, жок болсо да, Патриот коргоо системасы өз ордунда калышы керек. Анткени, ал ар кандай ракеталык чабуулдардан коргоо максатында орнотулган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here