ХАМАС: ХИЗБУЛЛА МЕНЕН КҮЧТҮҮ АЛАКАБЫЗ БАР

272
0

Хизбулла тобу Сирияда Асад күчтөрү тарабында туруп мусулмандарды кыргын кылып жаткан бир мезгилде, Палестинада яхудийлерге каршы иш жүргүзүү менен таанылган Хамас уюму Хизбулла тобу менен бекем байланышы бар экендигин ачыктады.

Хамас уюмунун тышкы алакалар боюнча жооптуусу Усама Хамдан Ливанда чыгуучу Ас-Сафир газетасына интервью берди. Ал интервюсунда Иран мамлекети жана Хизбулла тобу менен Хамас уюму ортосунда алакалар өтө активдүү экендигин, ал тургай кээ бирөөлөр ойлогонго карганда бекемирээк алакалар бар экендигин баса белгиледи.

“Душманыбыз бир. Душманыбыз душмандарына каршы колдоно турган тактикалар да бирдей. Ошол себептен улам тажрыйбаларыбызды бөлүшүү үчүн ортоктош иш алып баруудабыз. Иран мамлекети жана Хизбулла тобу менен алакаларыбыз кээ бирөөлөр ойлогондон да жакшыраак болууда. Хизбулла менен алакаларыбыз кээ бир адамдардын жакшы күмөн кылганынан да жакшыраак. Шарттар канчалык өзгөрсө өзгөрсүн, бирок, бул алакаларды болгон күчүбүз менен коргойбуз”, – деди Усама Хамдан.

Хамас уюмунун тышкы алакалар боюнча жооптуусу “Душманыбыз бир” дегенде яхудийлерди назарда туткан болсо да, бирок, бүгүнкү күндө Хизбулланын чыныгы душманы яхудийлердин Сириядагы табакташы болгон залим Асаддан кутулуу үчүн жихад кылып жаткан мусулмандар экендиги эч кимге жашыруун эмес.

Ошол эле убакта Америка, Европа союзу жана Израиль мамлекеттери Газа секторунун бомбаланышына Хамас уюмун айыптуу деп эсептешүүдө. Израилдин абадан, жерден жана деӊизден ишке ашырган чабуулдарынын натыйжасында 200дөн ашуун мусулман өлдү. А бирок, ББС маалымат агенттиги көрсөткөн видео материалда айтылышынча, Хамас тарабынан Израилге атылган ракеталардан бир да адам өлгөн эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here