Кыясты колдонуу далилдери – Унду нанга сатуу туурасындагы суроолоруна жооптор

371
0

بشير الخلافة القادمة нын

1 – Кыясты колдонуу далилдери

2 – Унду нанга сатуу

туурасындагы суроолоруна жооптор

Суроолор:

Ассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатух ва баъд.

Урматтуу шейх, Аллах ишиӊизге жардам берсин жана сизди Өзү ыраазы боло турган нерсеге жетиштирсин:

Мен Шахсия китебинин 3-бөлүмүндө кыяс темасын окуп калдым. Менин көӊүлүмдү бурган нерсе, Хизб кыястын бир шаръий далил экендигине катъий жана зонний далилдер менен далил келтирет. Акыйкатта болсо, Хизб «рошид халифалар жана башкалар ижмасы да далил болот» деп айтуучу адамдарга тескери жооп берип «алардын далилдери зонний, ошондуктан, далил кылып келтирүүгө жарабайт» деп айтат. «Хизбдин өзү зонний далилдерди келтирүүгө үйрөнүп калган го», – деп айтылышы да мүмкүн. Иш ушундай болгон болсо эмне үчүн биз бул ишти көрсөтүп өтпөйбүз, айрыкча бул китеп жаңыдан басылып чыккан соӊ эмне үчүн бул ишти көрсөтүп өтпөдүк?

Дагы менин раъйым боюнча – мен өзүмдү ката кетирип жатамын деп ойлобоймун – кыяска катъий далилдер менен далил келтирүү жагы далалатта ачык болбогон, тескерисинче, ал далилден истинбат кылуу болуп эсептелет. Мааниси мындай: ырасында катъий насста өкүмгө себеп боло турган бирер иллет бар болсо ошонун өзү кыяс жайыз экендигине жетиштүү болот. Мен бул ачык калам менен далил келтирүү эмес деп билемин.

Башка бир суроо:

Кээ бир адамдар наабайканадагы наабайчыга бир кап унду алып барып беришип, анын ордуна мисалы ар күнү нандан белгилүү өлчөмдү алышат. Бул жайиз болобу? Бул иш ижара же бай (соода) түрүнө киреби? Эки тарап бул эки иштин эч бирин ачык айтпаса да ижара же бай түрүнө киреби?

Эгерде мүмкүн болсо тезирээк жооп беришиӊизди суранамын. Аллах сизге жардам берсин, нусрат жана үстөмдүктү сизге жар кылсын, баарыбызды жакынкы күндөрдө дарул Исламда бириктирсин. Вассаламу алайкум ва рохматуллахи ва барокатух.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллахи ва барокатух.

Биринчи: Кыяс жөнүндө айта турган болсок, анын далили иллет варид болгон насс. Ошондуктан, эгерде иллет Китепте келген болсо далил Китеп болот, иллет Сүннөттө келген болсо далил Сүннөт болот…

Бул ачык калам менен келген нерсе. Ошондой болгон соӊ сиз кантип «мен бул ачык калам менен далил келтирүү эмес деп билемин» деп айта аласыз?

Иллет далилдерине караӊыз, ошондо жоопту көрөсүз:

  • Мисалы Аллах Тааланын:

«Тээ (байлык) силердин араӊардагы бай-дөөлөттүү адамдардын ортосунда гана айланып жүрө бере турган нерсе болуп калбасын үчүн»         [59:7]

деген аятты караӊыз.

Эми төмөнкү суроого жооп бериӊиз: Халифанын мамлекеттик мүлктөн кембагалдарга бериши, байларга болсо бербестиги жайиз болобу?

Табигый түрдө буга: Ооба болот, – деп жооп берилет. Эми суроону толугураак беремин: Буга далил кайсы? Жооп Аллах Тааланын:

«Тээ (байлык) силердин араӊардагы бай-дөөлөттүү адамдардын ортосунда гана айланып жүрө бере турган нерсе болуп калбасын үчүн»                                 [59:7]

деген аяты эмеспи?

  • Дагы бир мисал

«… وَفِي سَائِمَةِ الْغَنَمِ إِذَا كَانَتْ أَرْبَعِينَ، فَفِيهَا شَاةٌ…»

«Жайлоодо багылуучу кой эгерде кырк болсо анда бир кой(зекет берилет)…» деген хадисти алалы. Бул хадисти Абу Давуд чыгарды.

Эми төмөндөгү суроого жооп бериӊиз: Үйлөрдө жем-чөп берип багылуучу жана чабандык кылынбай турган койлордон зекет берилеби?

Буга табигый түрдө: Жок, – деген жооп берилет. Эми суроону толугураак кыламын: Буга далил эмне?

Жооп Расул Aдын Абу Давуд чыгарган:

«… وَفِي سَائِمَةِ الْغَنَمِ إِذَا كَانَتْ أَرْبَعِينَ، فَفِيهَا شَاةٌ…»

«Жайлоодо оттогон кой эгерде кырк болсо анда бир кой(зекет берилет)…»деген хадиси эмеспи?

Ошентип, демек сиз бул темада далилдердин ачык келгенин көрүп турасыз.

Ал эми эгерде сиз «ачык калам» деген сөзүӊүз менен «нусустарда келүүчү жана кыяс темасы болгон иллет дайыма ачык болбойт, тескерисинче «далалат, истинбатий, кыясий жактан» ачык болушу жана ачык болбошу мүмкүн» деген маанини назарда туткан болсоӊуз бул туура. Мисалы:

«إِنَّمَا جُعِلَ الِاسْتِئْذَانُ مِنْ أَجْلِ البَصَرِ»

«Уруксат суроо көз үчүн гана (важиб) кылынды», – дегенхадисти алалы. Бул хадисти Бухарий чыгарды. Мында  «أَجْلِүчүн» деген иллет ачык келди. Ал эми «жайлоодо багылган…» болсо далалатан иллет болуп эсептелет. Себеби, ал муфхам васф. Сиз эгерде ушуну назарда туткан болсоңуз, бул туура. Бирок, бул тафсилий далилге тиешелүү башка тема болуп эсептелет. Ал эми ижмалий усулий далилге келсек, ал Китеп аны катъий айтканын жана Сүннөттүн аны катъий айтканын далилдөө менен болот. Мына ошондон кийин кыяс катъий далилденген болот, себеби, ал Китеп жана Сүннөткө барып такалуучу болот. Бул болсо, тафсилий далилден башка. Ачык боло турган жана ачык болбой турган иллеттин тафсилий фикхий далили мына ушундай болот. Бул болсо, тигинисинен башка.

Эми сиздин китепте келген: «Кыястын шаръий далил экендиги катъий далил менен жана зонний далилдер менен собит болду» деген сөздөр жөнүндөгү пикириӊизге келсек, сиздин сөзүӊүздүн туура жагы да бар. Себеби, далил усул жана фикхте колдонулса да, бирок, анын мадлулу катъийлик жана зоннийлик жагынан ар түрдүү болот. Бул орунда тема усул далилдери жөнүндө болгону үчүн демек зоннийди коюп, катъий далилге гана чектелүү абзериээк. Ушуга караганда, демек, абзели ага түзөтүү киргизүү. Ошондуктан, инша Аллах ага түзөтүү киргизебиз. Маалымат үчүн айтарым, мен өзүмдүн «Тайсирул вусул илал усул» китебимде төмөнкүлөрдү айтканмын:

«Кыястын хужжаттыгы иллет мавжуд далилдердин т.а. Куран, Сүннөт жана ижманын хужжат экендигинен келип чыгат, себеби, Китеп, Сүннөт жана ижманын хужжат экендиги собит болгон, биз муну айтып өттүк, демек, кыястын хужжат экендиги да собит болду».

Расул A кыясты иштетүүнү көрсөтүп берди. Мисалы, Пайгамбарыбыз Aдан ажылыктын казасы жөнүндө суралганда Пайгамбарыбыз кыясты иштетти…

Экинчи: Эми унду нанга сатуу туурасындагы сурооӊузга келсек,

Бул – эй боордошум – жаңы проблема эмес, тескерисинче, аны фукахалар талкуу кылышып, бул суроого түрдүү жооп беришкендиктен ал тууралуу төмөнкүдөй ихтилаф кылышкан:

Риба боло турган заттар иштетүү менен өзгөрсө, мисалы, буудай майга салып куурулган болсо, же унга айланса, же камырга, же бышырылган нанга жана ушуга окшогон нерселерге айланса ал бир жинс болобу т.а. унга буудай лафзы туура келип, аны колмо-кол гана, мислин мислине сатуу гана жайиз болуп, андан башкасы жайиз болбой калабы? Же башка жинске айланып калабы? Башка жинста да риба болобу, бири-биринен ашык абалда, бирок, колмо-кол сатуу жайиз болобу? Же башка жинсте риба болбойбу, демек, насыяга сатуу жайиз болобу? Бул маселе алардын назарында мындай болгон:

1 –   Аны бир жинс деп эсептеген факихтерде бир проблема пайда болгон. Ал бири-бирине окшоштугу мүмкүн эместиги проблемасы. Себеби, акыры кантип буудайды нан менен кайл же вазнда өлчөө мүмкүн же унду камыр же савик (арпа же буудайдан даярдалган ботко) менен вазнда өлчөө мүмкүн ж.б… Ошондуктан, бул факихтер буудайды нанга же унга – бири-бирине окшоштугу мүмкүн болбогондуктан – сатуу жайиз болбойт деп айтышты.

2 –   Башка факихтер болсо «экөө эки синф, бирок, риба боло турган синфтар» деп айтышты. «Т.а. буудай рибалуу синф, ун рибалуу синф, нан рибалуу синф… Ошондуктан, ырасында бир синф болбогон соӊ, аларды бири-бирине сатуу т.а. буудайды унга же нанга каалаганыӊызча сатуу жайиз болот, бирок, колмо-кол сатуу керек», – деп айтышты.

3 –   Факихтердин дагы бир тобу болсо: Алар (т.а. буудай, ун жана нан) жинстар, ошондуктан, буудайдан башка нерсеге айланган нерсе рибалуу синф болбойт, тескерисинче ал башка нерсе болот, ошондуктан, демек нан же камыр же савик (арпа же буудай боткосу) рибалуу синфтар эмес, ошого караганда демек, буудайды нанга жана унга каалашыӊызча сатуу да, насыя да жайиз болот, себеби, алар рибалуу синфтар эмес т.а. буудайды риба болбогон башка синфка сатуу, – деп айтышты.

  • Ушуга ылайык, демек, бул маселеде мужтахиддердин раъйлары ар түрдүү… Мен сизге кээ бир этибардуу факихтердин раъйларын келтиремин:

а)   Шофеий сатуу жайиз болбойт деген раъйды билдирди:

Шофеий мазхабындагы Нававийдин (хижрий 676-жылы дүйнөдөн кайткан) «Мажмуъи» китебинде төмөнкүлөр келген: «Унду нанга сатуу жайиз болбойт, себеби нанга от кирген, туз жана суу аралашкан, бул болсо, бири-бирине окшоштукка монелик кылат, себеби, нан вазн менен өлчөнсө, ун кайл менен өлчөнөт, демек, экөөнүн бири-бирине теӊ болушун билүү мүмкүн болбойт».

б)   Абу Ханифа да сатуу жайиз болбойт деген раъйды билдирди:

Ханафий мазхабындагы Бадруддин Айнийдин (хижрий 885-жылы дүйнөдөн кайткан) «Биная шархул хидая» китебинде төмөнкүлөр келген: «Абу Ханифадан мында т.а. нанды унга сатууда жакшылык жок т.а. жайиз болбойт деген раъй накл кылынган».

в)   Абу Ханифанын эки шакирти: Абу Юсуф жана Мухаммад бири-биринен артыкча абалда колмо-кол сатуу жайиз деген раъйды билдиришти:

«Биная шархул хидая»да төмөнкүлөр келди: «нанды унга эгерде колмо-кол болсо бири-биринен артык абалда сатуу жайиз болот». Анда дагы: «Нанды нанга бири-биринен артык абалда санап же вазн менен өлчөп сатуу Абу Юсуф жана Мухаммаддын сөздөрү боюнча колмо-кол болсо жайиз», – деп келген.

«Биная шархул хидая»да дагы: «Фатва биринчисине т.а. нанды унга сатуу жайиз экендигине берилди», – деп келген.

г)   Абу Юсуф насыяга т.а. карызга сатуу жайиз деген раъйды билдирди:

«Биная шархул хидая»да: «Абу Юсуф назарында эгерде ун насыяга болсо да жайиз, нан насыяга болсо да жайиз. Фатва ушуга берилди», – деп келген.

Кандай болсо да, сиз бул маселеде өзүӊүз ижтихадына ишенген мужтахидге таклид кылышыӊыз мүмкүн, Аллах сизге жар болсун.

Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта                                        

7робиус-саний, 1435-х.   

7февраль, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here