Америкадагы финансылык кризис

394
0

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды (жер жүзүнө) халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кишилер»

Басма сөз баянаты

Америкадагы финансылык кризис

Маалымат каражаттары Америка Конгресси 2014-жылы 11-февралда Кошмо Штаттардын карыздары потологун 2015-жылы 15-мартка чейин көтөрүүгө макулдук бергени жөнүндө кабар таратты.

АКШ ушул күндөрдө суктангыс экономикалык жана финансылык абалды башынан өткөрүп жатат. Себеби, Америка экономикасы аста-секин алдан тайып барууда… Кошмо Штаттар өзүнүн финансылык жылын (2013-жыл октябрда) мамлекеттик мекемелерди жабуу менен баштады. Буга бюджет туурасында Сенат менен Өкүлдөр палатасы ортосундагы келишпөөчүлүк себеп болду. Ошондо 850 миң кызматкер маяна төлөнбөй турган мажбурдуу эс алууга чыгарылды. Конгресс дефолтту жарыя кылуудан качып 2013-жылы октябрда карыз потологун 2014-жылдын 27-февралына чейин 16,7 триллион долларга көтөрүп койду. Бул Америкадагы айыккыс финансылык кризисти кечиктирүү гана болуп эсептелет. Американын Вашингтон карыздарды убагында төлөй албайт деген эскертүүлөрү күчөдү. Бул болсо болуп көрбөгөндөй ойрон кылуучу кырсык болот. Муну менен бирге акыбеттер 2008-жылдагы финансылык кризистин акыбеттеринен да кооптуу болушу мүмкүн. 2011-жылы жайында карыздар потологун көтөрүү жаатындагы дал ушундай саясий абал Вашингтондун «шал» болуп калышына алып келген. Бул болсо «Стандарт энд Пурс» агенттигин Кошмо Штаттарды мыкты кредиттик рейтинги болгон «ААА» бөлүгүнөн төмөн түшүрүүгө мажбур кылды.

Байма-бай жүз берип жаткан бул финансылык кризистер ушул түрдөгү кризистердин биринчиси эмес жана акыркысы да болбойт. Себеби, Ак Үйдөгү топ, Уолл-стриттеги ири капиталист магнаттардын кызматкери болгон бул топ жоопкердикке тартылбай, жазадан коркпой иш жүргүзө берсе бул кризистер улана берет. Дүйнөдө Америка шерменделигин ачыкка чыгарып, анын ыплас жана зордукчул саясатына чек коё турган күч пайда болбосо Америка өз курмандарынын канын соргон мите курттай беймарал жашай берет… Жылына 800 миллиард долларлык бюджет кубатталып турган жер жүзүндөгү эң чоң аскерий күчкө таянып жаткан Америка өзүнүн ач көздүгүн кандыруу үчүн каражат бөлүүнү дүйнөгө зомбулук менен буюра берет. Америка бул колонизаторлугу XIX кылымда күчүнө чыккан Британиянын колонизаторлук саясатынан таптакыр айырмаланбайт. Себеби, капиталисттик түзүм колонизатор мамлекеттердин экономикаларынын гүлдөп-өсүшүн дүйнө байлыктарын талап-тоноо жана анын калктарын кулга айлантуу акысына курат. Мында аскерий шантаж күчү ишке салынат, мындай шантаж кээде дипломатиядан, экономикалык жана финансылык саясаттардан турган «уяң күч» менен чүмбөттөлөт. Бул саясаттар себептүү калктардын тагдыры Америка же Европадагы финансылык биржалардагы чайкоочулардын колунда күрөөгө айланып калат.

Мындан мурун да Америка өкмөттөрү карыз потологун 1962-жылдан тартып 74 жолу көтөргөн. Бул иш-чаралар каптай турган ресурстарсыз барган сайын көбөйүп бара жаткан чыгашалардан келип чыккан проблеманын негизин чечүүдөн качуу гана болуп эсептелет. Ошондуктан, Америка өткөн кылымда өз кыйматынын 97%ын жоготкон валютасын (Америка долларын) эл аралык соода валютасына айландырып, башкаларды да ушуга тартып, мажбурлап колонизаторлук саясатын карманууда. Америка башка мамлекеттерге өзүнүн казына векселдерин сатып алууга (бул векселдердин финансылык милдеттенмелерин кийин төлөп беремин деп убада берип) мажбурлоо менен бюджетиндеги дефициттин ордун жабууну жүктөөдө. Бирок, ал күн т.а. финансылык милдеттенмелерди төлөө күнү эч качан келбейт. Себеби, Америка эң үлкөн аскерий кубатка ээ болуп тура берген соң дүйнөдө эч ким ага каршы турууга батына албайт. Бул адамдардын байлыктарын күч менен тартып алуу негизине курулган ковбой саясатынан көп деле айырмаланбайт…

Ар сапар Америка саясатчылары өздөрүнүн мурундарынан алыс жерди көрбөй жатышат. Ошондуктан, аларды төлөнүшү шарт болгон карыздарды төлөөдөн качып карыз потологун көтөрүү менен (бул потолог 17 триллион доллардан т.а. 16 триллион доллар болгон Америка ички дүң продукциясынан да ашып кетти), өздөрү доллар деп атап жаткан кагаздарды басып чыгаруу саясатын кармануу менен инфляциянын дагы да күчөшүнө жана келечек муундун карызы дагы да көбөйүшүнө себеп болуп жатышканы кыпындай да тынчсыздандырбайт. Себеби, алардын эсеп-китептери кийинки шайлоолордо аягына жетет, андан кийин дүйнө жок болуп кетсе да аларга баары бир…

Америка саясатчыларынын акмак саясаттары Американын келечек муунуна жана дүйнө калктарына бактысыздыкты, байлыктарын «Сем аганын» финансылык тобунун жыргалчылыгы үчүн тапшырууну жүктөөдө. Себеби, «Сем ага» адилет жана акыйкат деген нерселерди билбейт, тескерисинче, ковбойлордун шантаж жана зомбулугун гана билет.

Американын финансылык саясаттагы бул оюну Түркия, Индонезия жана башка мамлекеттер  сыяктуу өнүгүп келе жаткан экономикалардын финансылык кыйроолоруна себеп болууда. Американын финансылык саясаты капиталды Америка карыздарын акча менен камсыздоо үчүн өзүнүн финансылык базарларына тартат. Бул болсо инвестиция жаткыруучулар өнүгүп келе жаткан базарлардан чыгып кетишин түшүндүрөт, Түркия, Индонезия жана башка мамлекеттер инвестицияларды тартууга урунуп процент ставканы көтөрүүгө мажбур болот. Бул болсо, жергиликтүү карыз каражаттары көтөрүлөт же жергиликтүү валюта чайкоочулардын басымдарына учурайт дегени. Мунун натыйжасында 1997-жылы Чыгыш Азия мамлекеттеринде жүз бергендей дагы бир финансылык кризис келип чыгат.

Бүгүнкү дүйнөнүн абалы ушундай. Бүгүн дүйнө колонизатор мамлекеттердеги капиталисттер тобунун зулуму астында эзилүүдө. Адамзат бул бактысыздыктан исламий экономикалык түзүм менен гана кутулуп чыгат. Исламий экономикалык түзүм алтын жана күмүшкө таянат, финансылык чайкоочулуктарга, рибанын эч бир түрүнө таптакыр жол бербейт.

Эй Ислам Үммөтү, эй адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Үммөт!

Колонизатор Батышка кул болгон акимдердин таажы тактыларын ойрон кылып, Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышыңардын убагы келди. Халифалык бүткүл адамзатты капитализм адилетсиздигинен жана зулумунан Ислам адилетине жана рахматына алып чыгат.

«Динсиздик үстөмдүк кылуусун каалашабы?! Ыйманы толо болгон коум үчүн Аллахтан да жакшы өкүм кылуучу ким бар?!»                      [5:50]

Усман Баххаш

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

Дарек: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат

Почта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here