Хизб-ут-Тахрир–Палестина делегациясы орус консулдугуна Россиянын мусулмандарга каршы алып барып жаткан кылмыштары караланган катты тапшырды

312
0

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды (жер жүзүнө) халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (неъмат) кылса, анда, алар итаатсыз кишилер»

Басма сөз баянаты

Хизб-ут-Тахрир–Палестина делегациясы орус консулдугуна Россиянын мусулмандарга каршы алып барып жаткан кылмыштары караланган катты тапшырды

Маалымат кеңсесинин мүчөсү доктор Мисъаб Абу Аркуб башчылыгындагы Хизб-ут-Тахрир–Палестина делегациясы президент Путинге жана орус бийлигине жолдонгон катты тапшырды. Катта Россиянын мусулмандарга каршы, өзгөчө, Россиядагы жана анын областарында, айрыкча, Татарстанда, Орто Азиянын бардык мамлекеттеринен тартып Шамдагы мусулмандарга каршы, өзгөчө Хизб-ут-Тахрир жигиттерине каршы алып барып жаткан кылмыштары кескин караланган.

Делегация араб жана орус тилдеринде жазылган катты дүйшөмбү күнү Рамаллах шаарындагы орус консулдугунун саясий бөлүмүнүн жооптуусуна тапшырды. Делегация мүчөлөрү катка кошуп Хизб-ут-Тахрир–Россия тарабынан чыгарылган баракчаны тапшырышты. Баракчада Россиянын Татарстан жана башка мусулман өлкөлөрүндөгү мусулмандарга каршы алып барып жаткан кылмыштары көрсөтүлгөн.

Хизб Путинге жана орус бийлигине жолдогон катта «орус бийлигинин мусулмандарга каршы кылмыштары күндөн-күнгө күчөп, артып барууда» деп баса белгилеп төмөндөгүлөрдү кошумчалады: «Силердин Чеченстанда жасаган кылмыштарыңар, сербдер Серебриницада жана Косоводо жырткыч кыргындарды ишке ашыруулары үчүн аларды коргогонуңар, Өзбекстандагы мусулмандарга ырайымсыз мамиле кылып жаткан тогут Каримовду колдоп-кубаттаганыңар, тогут Башарды Шамда ишке ашырып жаткан кыргынында чексиз колдоп-кубаттап жатканыңар, Афганистанда кылган кылмышыңар, Татарстандагы жана Россиянын башка региондорундагы мусулмандарга каршы акыркы кылмыштарыңар бийлигиңердин душмандыгын жана эч бир баалуулукка эгедер эмес экениңерди көрсөтүп турат».

Хизб мындай деп эскертти: «Орус бийлиги ушуну билип алсын, биз бул кайрылуубуз менен орус бийлиги жасаган кылмыштарынын акыбетинен эскерткен болобуз. Себеби, Мухаммад Aдын Үммөтү эки миллиардга жакындашып калды. Ислам күчөп барууда, ал эми, силердин мусулман өлкөлөрүндөгү жүгүртөтөрүңөр болгон тогут акимдер кулоо алдында турат. Жер жүзүнүн бардык жайларындагы мусулмандар Халифалыкты тикелөөгө карай ылдам аракет кылып жатышканын, Халифалык бардык мусулмандарды бир дене сыяктуу бириктиришин силер жакшы билесиңер».

Хизб өз катында мындай деп баса белгиледи: «Силер Халифалык көп сандагы армиялар менен силерге келишин жакшы билесиңер. Бул армиялар силердин таасириңерди жана текебердигиңерди жок кылат. Путин жана анын тышкы иштер министри дүйнөнү Халифалыктан жана анын майданга кайтып жатканынан эскертип келишти. Биз болсо силерге мындай  дейбиз: Россия жана дүйнөдөгү мамлекеттер баары бир болуп мусулмандардын биригишине жана Халифалыктын тикеленишине таптакыр жолто боло албайт. Ошондуктан, бир аз болсо да акыл жүргүзгөн адамдарга мындай дейбиз: эс-акылыңарды жыйнап алгыла, Путин жана анын жүгүртөктөрүн тыйып койгула, алар мусулмандардан колдорун тартышсын. Антпесе, биз Күчтүү, Азиз Аллахтын уруксаты менен силерден албетте өч алабыз, албетте, Путинди жана ага жардам бергендерди бардык тогут жана залимдерге үлгү кылып коёбуз».

Биздин маалымат сайтыбызда басылып чыккан Хизб катында орус калкына мындай кайрылуу жасалган: «Орус бийлиги силерди Россияда жана анын областарында куугунтукталып жаткан боордошторунан таптакыр баш тартпаган эки миллиард мусулмандарга карама каршы болууга мажбур кылууда. Акыйкатта болсо, мусулмандар силерге жакшылыкты алып келишет, силерди чынчылдык, изгиликке, силерди жаратып, силерге ырыскы берип жаткан Аллахка ибадат кылууга, жакшы ахлакка чакырууда. Биз силерге жакшылыкты алып келебиз жана силерди жакшылыкка даъват кылабыз. Бирок, залим бийлигиңер мусулмандардын урматын тебелеп-тепсөөдө, мусулмандарга каршы душманчылыкты козгоп силерди алдап, адаштырууда. Ушул максатта орус атайын кызматы силерге каршы жийиркеничтүү террорчулук операцияларын ишке ашырып, перзенттериңер жана аялдарыңар бутага алынган жардырууларды уюштурду, кийин мусулмандарга каршы кылмыштуу иштерин актоо үчүн бул жардырууларды мусулмандар жасады деп чыкты. Орус бийлигиндеги кылмышкерлер өздөрүнө каршы чыккан ар кандай кишиге зомбулук кылышууда. Бул болсо, силердин жана перзенттериңердин келечегин Россиядагы ушул аким топтон коргоо үчүн күрөш алып барууга үндөйт».

Телефон: 0598819100

Электрондук почта: info@pal-tahrir.info

Палестинадагы басма сөз бөлүмүнүн сайты: www.pal-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here