ХИЖРАТ – БУЛ КАЧУУ ЭМЕС

257
0

Хизбут-Тахрир – Түркия тарабынан тынымсыз өткөрүлүп жаткан конференциялар карапайым калк тарабынан кызыгуу менен кабыл алынууда.

Түркиянын Бусра шаарында өткөрүлгөн “Хижрат” деген аталыштагы конференция көпчүлүк мусулмандардын катышуусунда болуп өттү.

Конференция Куран кырааты менен ачылгандан кийин сөзгө чыккан Суат Чобан Ислам тарыхында маанилүү бир чекит болгон хижрат жөнүндө сөз кылып, Хижрат – бул  качуу эмес, же бир жерден экинчи бир жерге көчүп кетүү эмес, тескерисинче, маанилүү бир нерсе экендигин баса белгиледи. Мусулмандарды хижрат жөнүндө тереӊ пикирлөөгө чакырган Чобан хижрат Ислам үммөтү үчүн жаңы доор т.а. Ислам мамлекетинин башталыш чекити болгондугун баса белгиледи.

Бул кызуу өткөн конференция залдагы адамдардын суроолоруна жооп берүү менен аяктады.

Ошол эле убакта Түркиянын Диярбакир шаарында “Исламга даъват кылуунун маанилүүлүгү жана зарылдыгы” деген аталышта дагы бир конференция уюштурулду.

Конференцида сөзгө чыккан Халил Нурислам Исламга даъват кылуу бүт мусулмандарга фарз экендиги о.э. муну кечиктирүү же этибарсыз калтыруу жаиз эместиги жөнүндө сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө: “Исламга даъват кылуу мусулман киши бекер болгон убакта аткарып коё турган иш эмес т.а. бул мусулмандын негизги милдети болуп эсептелет. О.э. бул Аллах Тааланын башка өкүмдөрү сыяктуу да эмес. Мисалы, намаз окуу үчүн белгилүү бир убакыттар белгиленген. Ал эми даъват үчүн убакыт белгиленген эмес, ал ар дайым ишке ашырылышы керек. Даъватчы кайда болсо да сөзү, же амалы, же тышкы көрүнүшү менен бул милдетти аткарууга мажбур”, – деди.

Андан кийин сөзгө чыккан Хасан Билен сахабалар жана алардан кийин келген Ислам жетекчилери Ислам даъватына кандай маани беришкендиги тууралуу сөз сүйлөдү.

Ал: “Бүгүнкү бузук абалды эч ким четке кага албайт. бул бузук абалды өзгөртүүнүн бирден-бир жолу – бул Ислам мамлекетин тикелөө”, – деп баса белгиледи.

Конференция адаттагыдай эле суроолорго жооп берүү менен аяктады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here