ӨЗҮН ӨЗҮ ӨЛТҮРҮҮ – ӨГӨЙ ТҮШҮНҮК

274
0

Кыргызстанда жылына бир айыл калкына тете адам өз жанын өзү кыят.

Былтыр республика аймагында жалпы 546 өзүн-өзү өлтүрүү фактылары катталган. Анын ичинен 354ү эркектер болсо, 101и аялдар, 82си жашы жете элек өспүрүмдөр. Анын ичинен 482 киши асынып өлгөн.

Эксперттер бул көйгөйдүн себебин үй-бүлөлүк абалдын начардыгынан, мектептеги рэкетчилик, ал эми кээ бир учурда сүйлөшкөн кыз-жигит бири-бирин тыштап кетүүсүнөн деп түшүндүрүүдө.

Байкоочулардын айтымында, өз жанын кыйгандардын саны күн санап өсүүсүнө өлкөнүн экономикасы таасир этет.

Лекин турмуш чындыгы мындай пикирлерди четке кагат. Анткени, экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө деле өз өмүрүнө өзү кол салгандар толтура. Мисалы, дүйнөдө Япония суицид боюнча алдыңкы орунда турат.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, быйыл жыл башынан бери 10 ай ичинде мектеп жашындагы 79 бала өз жанын кыйган. Ал эми 2012-жылы 12 айдын ичинде 121 бала өз өмүрүнө кол салган эле. Министрликтин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева мындай дейт:

“Өз жанын кыйган балдар көчөдө калган кароосуз балдар эмес. Демек, балдар өлүмүнүн көбөйүп жатышынын себебин – социалдык, экономикалык абал менен гана түшүндүрүүгө болбойт. Мисалы, өз өмүрүн кыйган балдардын 70-78 пайызы жакшы жашаган, жакшы окуган, толуккандуу үй-бүлөнүн балдары. Балдардын өлүмүнө социалдык абал же рэкетчилик гана себеп болбостон, коомчулукта болуп жаткан өзгөрүүлөр да себеп болуп жатат. Алсак, өз жанын кыйган балдардын саны революция учурунда көбөйүп кетет. Бир-эки жыл өткөн соң кайра азайып калганы байкалат. Мындай иштерди такыр болтурбоо үчүн социалдык жактан окутуучу педагогдор талап кылынат”.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматында, быйыл былтыркыга салыштырмалуу өз өмүрүнө кол салгандардын саны өскөн. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраиттүмов да суициддин көбөйүп жатканынын негизги себебин адамдардын социалдык абалы катары гана эсептөө туура эместигин айтат.

Министрлик эмне үчүн өспүрүмдөр жаш эле туруп өз өмүрүнө кол салганын изилдеп көргөндө, көпчүлүгү жакшы жашаган үй-бүлөнүн балдары экен. Ошондуктан бул маселеге медицина да жакшы көңүл бурушу керектигин, эгер мындай иштер чогуу-чаран тезинен чечилбесе, өз өмүрүн кыюу жылдан жылга арта берерин белгилеп өттү.

Кырчынынан кыйылган жаш өмүрлөр тууралуу «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесинин социалдык кызматкери Таалай Жакыпов:

“Негизги маселе ата-эне менен баланын мамилесинде жатат, ошондуктан ата-энелер чогулушун байма-бай өткөрүп туруу жана ата-энелер турмуштагы көйгөйлөрүн балдарга көрсөтпөөсү керек”, – деп белгиледи.

Чындыгында учурда суицид улам ырбап бараткан коом ооруусу экени талашсыз.

Эгер тарыхка кайрылсак, мусулман ата-бабаларыбыз, ал тургай орус колонизаторлугунун эң оор учурларында да өз жанын өзү кыюуга таптакыр барышкан эмес. Анткени, алардын исламий түшүнүктөрү буга жол бербеген.

Азыр болсо бул көйгөйдүн көбөйүшүнө исламга өгөй түшүнүктөр себеп болууда. Мисалы, “Ушундай кыйналып жашагандан көрө өлүп тынган жакшы” же “Бул дүйнөдө бири-бирине жете албай калгандар аркы дүйнөгө барып кол кармашып калышты” деген сыяктуу. Демек, суициддин себеби – коомдо ушундай бузук түшүнүктөрдүн жайылып кетиши. Эми коомдун бул илдети төмөнкүдөй исламий түшүнүктөр менен гана дабаланат:

1-түшүнүк. Бул дүйнө тарткылыктарын сыноо деп ыйман келтирүү жана  аларга сабыр кылуу;

2-түшүнүк. Өз жанын өзү кыюу эң чоң күнөө жана ал тозокко гана алып барат деп билүү.

Бирок өкүнүчтүүсү, азыр калк арасында батышка малай мамлекет жана коомдук уюмдар тарабынан бузук батыш түшүнүктөрү жайылтылууда. Мунун натыйжасында суицид арбып барууда. Ал эми мунун чечими катары болсо, кайра эле баягы батыш пикирлери батыш малайлары тарабынан тыгыштырылууда! Буга эксперттердин, расмий булактардын, коомдук уюмдардын айткандарынан күбө болуп жатасыздар.

Эми силерге, эй мусулмандар, коомго жайылып кеткен бузук пикирлерди исламий аруу пикирлерге өзгөртүү фарз!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here