Баткен областында чегарачылар жана Өзбекстан жарандары ортосунда кагышуу болуп өткөн

319
0

Баткен областында чегарачылар жана Өзбекстан жарандары ортосунда кагышуу болуп өткөн, бул кагышууда куралдан пайдаланылган.

Кыргызстан республикасынын чегара кызматынын маалымат кызматынан кабарлагандай, 12-ноябрь күнү Баткен областынын Вариган аймагында чегарачылар кыргыз-өзбек чегарасынан 100 метрдей аралыкта жайгашкан кыргыз жаранынын үйүндө “Дамас” автомашинасынан пахта түшүрүп жатышканын байкап калышкан.

Мыйзамсыз соодага жол койбостук үчүн чегарачылар аларды “Бел” чегара бөлүгүнө алып барууга аракет кылышкан. А бирок, жолдо баратып Өзбекстандын жараны машинаны тезинен буруп кошуна мамлекеттин аймагына өтүп кеткен. Натыйжада чегарачылар менен өзбек жарандарынын ортосунда мушташ башталган.

Күбөлөрдүн айтымында, Өзбекстандын чегара аймагында жашаган жарандар күч колдонуп кыргыз чегарачысынын куралын тартып алышкан. Алардын артынан жетип келген башка чегарачылар бир нече жолу асманга ок атып, чегарачыны ажыратып алышкан жана Айдаркендеги ооруканага жөнөтүшкөн. Учурда анын абалы канааттандырарлык.

Жүз берген окуяны үйрөнүп чыгуу үчүн Баткен чегара бөлүгүнүн командири жана Баткен областы боюнча аймактык чегара башкармалыгынын өкүлү жөнөп кетишкен. Сүйлөшүүлөрдөн кийин, өзбек чегарачылары тартып алынган куралды кайтарып беришкен.

Жүз берген окуяны биргеликте текшерүү үчүн Кыргызстан тарап Өзбекстан чегарачылары менен жергиликтүү жетекчилик деӊгээлинде жолугушууну сунуштаган.

Учурда аймакта абал туруктуу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here