РОССИЯ МЕНЕН АКШ СИРИЯ БОЮНЧА КЕЛИШИП АЛЫШТЫ

290
0

Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада АКШ мамлекеттик департаментинин башчысы Жон Керри менен болуп өткөн жолугушуудан кийин мындай билдирүү берди: «Россия менен АКШ Сириядагы кризис боюнча эл аралык конференция өткөрүшмөкчү».

Керри маалымдагандай, конференция ыңгайлуу убакытта – май айынын акырында болуп өтөт. АКШ мамлекеттик катчысы бул жолугушуунун жыйынтыгы катары Сирия өткөөл өкмөтүнүн түзүлүшүнө үмүт билдирди.

Мындан мурун Керри минтип баса белгилеген, Сирияда Москва менен Вашингтон ортосунда регионду туруктуулукка алып келүү о.э. экстремизмдин жайылышына каршы күрөшүү жана башка ортоктош кызыкчылыктары бар.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри мындай билдирүүлөрдү жасады: «Президент Башар Асад тарыхий мүмкүнчүлүктү колдон чыгарды. Бүгүн ал отставкага кетиши керек. Жана бийликти тартиптүү таризде өткөрүүнү камсыздоо үчүн орустар менен жана башка тараптар менен өз ара келишип, Асадды бийликтен кетиши шексиз экенине ишендирүү менен ишке ашыруу керек».

«Мени, эгер мамлекет (Сирия) куласа, эч ким аны кайра бүтүн кылып тургузууну анык айта албашы көбүрөөк тынчсыздандырат. Кырдал чынында эле саясий процесстерге караганда ылдам өзгөрүп барууда. Бул нерсе иштерди орчундатып жатат».

«Эгер, оппозиция аскерий жеңишке жетсе, анда, курал көтөрүп согушуп жаткан адамдар, экстремисттер бийликке келет деп коркомун

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here