Дания өкмөтү исламий үй-бүлө баалуулуктарына каршы күрөштө жеңилди

180
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Дания өкмөтү исламий үй-бүлө баалуулуктарына каршы күрөштө жеңилди

Дания өкмөтүнүн тапшырыгы менен өткөрүлгөн жана жакында басылып чыккан жылдык изилдөө мусулмандар Батыштын жашоо таризин четке кагып жатышканын көрсөттү. Өткөрүлгөн бул массалык сурамжылоодон мусулман жаштары «уятсыздык кабыл алгыс нерсе» деген бир пикирди билдиришкени белгилүү болду. Дания интеграция министри Маттиас Тесфайенин буга карата реакциясынан анын өтө капа болгону көрүнүп турду жана бул «кабыл алгыс абал!» экенин билдирип, Дания баалуулуктарын жана гендердик теңдикти сактоого чакырды.

Бул тууралуу Хизб-ут-Тахрир–Дания маалымат бөлүмү 2021-жылы 9-декабрда билдирүү чыгарып, ушуларды баса белгиледи: «Дания өкмөтү өзүнүн көз карашын сиңдирүүдөн үмүтүн үзгөн. Ошондуктан, Ислам сакафатына каршы «баалулуктар согушуна» катышуу үчүн бардык каражаттарды ишке салууга даяр турат. Өкмөт тарабынан адамдардын аң-сезимин, деңгээлин аныктоо үчүн жыл сайын өткөрүлө турган сурамжылоонун натыйжалары ушуну көрсөттү – мусулмандар дагы эле исламий өздүктөрүнөн баш тартууну четке кагышууда. Ко-ош, мусулмандар илманий мамлекетте төрөлүп өскөнүнө карабастан, эмнеге бузгунчу турмушта жашоону каалабай жатышат? Жооп жөнөкөй: ар кандай таза табияттагы адам «туура жашоо – улуулук» деп билет. Ислам аялдарды уят, изгилик жана үлкөн урматка ээ орунга койгон. Эгер, бул даниялык министр мусулмандарды исламий баалуулуктарынан баш тарттыра алам деп мактанып жаткан болсо, ага айтар сөзүбүз бир: эч качан андай кыла албайсың! Андан тышкары, биз батышча жашоо таризинен баш тартып, Исламды тандап жаткан даниялыктардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатканын көрүп жатабыз».

 

Роя гезити, №370, 2021-жыл, 22-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here