Токаев: Бул мамлекеттик төңкөрүш аракети
Кабар: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын онлайн саммитинде сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттеги окуяларды “мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети” катары баалады.
Токаев “мамлекеттик төңкөрүш аракетинин” артында кандай күчтөр турганын айтпады. Ал башаламандыктарга чет өлкөлүк жарандар катышканын баса белгилеп, аларды “террорчулар” деп атады.
Казак президенти тынчтык митингине чыккандардын талабы аткарылганын айтты. Ал тынчтык митингине чыккандарды башаламандыктарды уюштургандар менен бир катарга коюуга болбостугун билдирди.
Токаев ЖККУ күчтөрүн Казакстанга киргизүүгө ыраазы болгону үчүн Россиянын президенти Владимир Путинге өзгөчө ыраазылык билдирди.
Комментарий: Токаев 2-январда башталган нааразылык акцияларына “Казмунайгаз” жана “Казтрансгаз” компанияларын айыптап, газдын баасын түшүрүүгө буйрук берип жана өкмөттү отставкага кетирген болсо, 5-январдын кечинде митингчилерди “террорчулар” деп атай баштады. Ошентип , бул аркылуу тынчтык митингине чыккандарга каршы курал колдонууга жана демонстрацияны ырайымсыздык менен бастырууга жол ачып алды. Мындан тышкары, Токаев демонстанттарды “террорчуларга” чыгарып, Путиндин алдына чөгөлөдү. Расмий москва Токаевдин ЖККУ күчтөрүн киргизүү суранычын дароо кабыл алып, 6-январь күнү эртең менен орус аскерлери Казакстанга кирип келди. Ошентип, мамлекетте “антитеррор” операциясы башталды. Токаев Алматыга жакшы даярдыктан өткөн жана уюшкан 20 миң “террорчу” кол салганын билдирип, күч түзүмдөрүнө “эскертүүсүз ок атууга” буйрук берди. Токаев демонстранттарды “чет өлкөдө даярдалган террорчулар” деп атагандан кийин күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Казакстанга чет өлкөлөрдөн барып оокатын өткөрүп жаткан мигранттарга каршы “аңчылык” баштады. Катуу кыйноого алынган ошондой адамдардын бири кыргызстандык белгилүү музыкант Викром Рузахунов болуп чыкты.
Ал эми бүгүнкү күнгө келип, нааразылык акцияларынан “исламий радикалдарды” издөө башталды. Казакстан Улуттук коопсуздук комитети 10-январда тараткан кабарга ылайык, күч түзүмдөрү атайын операция өткөрүп, 2 радикал исламчы топтун мүчөлөрүн кармаганы айтылды. Кабарда келишинче, алардын жетекчиси эл аралык террорчу уюмдарга тиешелүү чет элдик жаран экендиги, кармалгандардан ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана экстремисттик адабияттар табылганы о.э. согушкерлер “Таблиги Жамаат” радикалдык уюмунун мүчөлөрү экендиги божомолдонуп жатканы айтылды.
Мындан тыянак чыгарсак, Казакстанга аскерий жактан кирип келген Россия казак өкмөтүнөн жана региондогу мамлекеттерден Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү ого бетер күчөтүүнү талап кылат. Башаламандыктарга кыргыз, өзбек жана тажик жарандары катышканына басым жасалып жатышы бекеринен эмес. Россия бул аркылуу региондогу мамлекеттерде “потенциалдуу террорчулар” бар экендигине ишара кылып, аларга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылууда. Казакстанга кирип келген Россия эми ал жерден оңой эле чыгып кетпейт. Тескерисинче, региондо аскерий аралашуусун дагы да күчөтүү үчүн кошуна мамлекеттерде да жасалма башаламандыктарды уюштурушу мүмкүн.
Абдурахман Адилов