Токаев «элбасы» Назарбаевди сындады

214
0

Токаев «элбасы» Назарбаевди сындады

Туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда өтө кирешелүү компаниялар жана эл аралык деңгээлдеги ашынган байлардын катмары пайда болгон. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-январда соңку окуяларга байланыштуу түзүлгөн ыкчам штабдын онлайн жыйында билдирди.

Анын айтымында, экономикалык өнүгүүдөн олигархтык топтор гана пайда көрүшкөн. Андыктан, “Казакстан эли” фонду түзүлүп, тоо-кен жана мунай-газ сектору мамлекет менен кирешесин бөлүшүүсү зарыл. Алар калкка туруктуу жана системалык негизде жардам көрсөтүшү максатка ылайык. Аталган фонд салыматтык сактоо, билим берүү, социалдык колдоо тармактарын каржылоо менен алектенет.

Токаев Улуттук коопсуздук комитетинин департаменттеринин жетекчилери жетиштүү согуштук арсеналы бар экенине карабай имараттарды таштай качып, куралдарды жана жашыруун документтерди кароосуз калтырып кеткенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, коңшу өлкөдөгү башаламандыктардан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Карим Масимов кызматтан алынып, көп өтпөй мамлекетке чыккынчылык кылды деген негизде камакка алынган. Комитет төрагасынын орун басарлары Марат Осипов менен Даулет Ергожин да кызматтарынан бошотулган. Анын артынан эле коопсуздук тармагында жогорку кызматты ээлеген үч адам өзүн-өзү өлтүргөн кабар таркады.

Бул көрүнүш Казакстанда “антитеррордук” операция менен катар эски бийликтин таасирин сындыруу аракеттери көрүлүп жатканын каңкуулайт. Башкача айтканда, Назарбаевдин ишеничтүү кадрлары өлкөдөгү башаламандыкка айыпталууда.

Белгилүү болгондой, Казакстанды 30 жыл жалгыз башкарган 81 жаштагы Назарбаев 2019-жылы кызматын тапшырган менен бийликтен кеткен эмес. Анын башкаруу мезгилинде үй-бүлөсү миллиарддаган мүлккө ээ болгон. Forbes журналынын маалыматына ылайык, Назарбаевдин ортончу кызы Динара Кулибаева менен анын күйөөсү Тимур Кулибаевдин 6,2 млрд. доллар капиталы бар деп эсептеген. Ошондой эле, Вячеслав, Михаил Ломтадзе сыяктуу Назарбаевге жакын адамдардын капиталы да миллиарддап саналат. Мындан тышкары, өлкөдөгү мунай-газ тармагында да Назарбаевдин жакындарынын үлүштөрү бар.

Жогоруда Токаевдин сөзүнөн маалым болгондой, калктагы нааразылыкты басуу үчүн Назарбаевдин чөйрөсүндөгү адамдардын байлыктары тартып алынмакчы же бир бөлүгүн берүү менен жаңы системага кызмат кылып калышмакчы.

Түпкүлүгүндө, Токаев айтып жаткандай бир ууч адамдын өлкө байлыгына ээлик кылышы капитализмдин табияты. Казак бийлигин сактап берген Орусияда да, казак оппозициясы куштарланып жаткан Батыш өлкөлөрүндө да абал ушундай. Анткени, дүйнө жүзү капиталисттик системанын зулумуна тушалып калган.

Ал эми Исламдын экономикалык түзүмү жакырчылык проблемасынын чечими катары байлыкты бөлүштүрүүгө көңүл бурат. Ал үчүн бир нече шаръий өкүмдөр бар. Байлык бир топ байлардын колунда чогулуп калышынан кайтаруу, рибаны (сүткордук), монополияны арам кылуу, байлар үчүн зекетти фарз кылуу, мурас бөлүштүрүүнү тартипке салуу, байлыкты максатсыз чогултуп-басуудан кайтаруу, жеп-ичүү, кийим-кече жана үй-жай сыяктуу жарандардын негизги муктаждыктарын кандырууну мамлекеттин мойнуна жүктөө ушулар түкүмүнөн.

А бирок, мусулмандар Казакстан сыяктуу дүйнө байлыктарынын так ортосунда жашаса да, көпчүлүгү жакырчылыкта күн көрүүдө. Себеби, капиталистик түзүмдө Исламдагы сыяктуу адилеттүү бөлүштүрүүнүн изи да жок.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here