Талибандар кимдер? Америка менен Талибан күрөшүндөгү акыркы жараяндар

423
0

Талибандар кимдер?

Америка менен Талибан күрөшүндөгү акыркы жараяндар

Американын Ооганстандан чыгуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин Талибан өлкөнүн көпчүлүк аймагын каратып алды. Мындан улам Талибан жана Ооганстан маселеси дүйнөлүк медианын көңүл чордонунда болууда. Бул макалада Талибандар кимдер? Алардын максаты эмне? Америка менен болгон күрөштөгү акыркы жараяндардан эмнелер күтүлөт? деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

Талибандын келип чыгышы

Taлибан кыймылы Ооганстан-Пакистан-Индия аймактарында жайгашкан диний медреселерге таянат. Алгачкы медресени 18-кылымда Ханафий аалымдарынын бири Шах Валиюллах Дахлавий (1703-1762) негиздеген. Ал эми учурдагы Талибандар окуп чыгып жаткан Диябенд медресеси расмий түрдө 1866-жылы Индиянын Уттар Прадеш аймагындагы Диябенд шаарында түзүлгөн. Бул медреселерде Ислам аалымы Низамиддин Сихаливинин “Дарс-и низам” атту программасына негизделген хафиздик, араб тилинин сарфы жана нахвы, Ислам тарыхы, фикх жана шарият илимдери берилет. Диябенд медреселери Ханафий мазхабын жана Матрудий акыйдасын карманышат. Медреселер аз убакыт ичинде аймакка тездик менен жайылган. Алардын белгилүүсү Пакистандын Пешавар шаарындагы «Дарул Улум Хаккание» медресеси. Ооганстанда илим алган окуучулардын көпчүлүгү ушул медреседен илимин жогорулатышат. Аталган медреседе Молдо Умар, Жалаладдин Хакканий, Молдо Ахтар, Мухаммад Мансур сыяктуу Талибандын белгилүү ысымдары илим алышкан. 1979-жылы СССР Ооганстанга бастырып киргенден кийин салафий көз караштагылар да бул медресеге кошула баштаган. Маселен, өлкөдөгү алгачкы саясий партия атын алып жүргөн Худдамул Фуркан (Курандын кызматчылары) аттуу партиянын лидерлери камакка алынгандан кийин алар куралдуу күрөштү баштады.  Кийин бул партия «Ислам ыңкылабы» кыймылы деп аталып калган. Кыймылды Мухаммад Мухаммадий жетектеп, Талибанды негиздеген Молдо Умар сыяктуу белгилүү адамдар бул кыймылдын ичинде жетекчилик позицияда болушкан. 1989-1994-жылдары өлкө ичиндеги согуштардан кийин кыймыл Талибан аты менен кайрадан түзүлдү. Алгач пуштун молдолордон түзүлгөн кыймыл бир жыл ичинде өлкөнүн башка аймактарына жайылып, көпчүлүк райондор аларга согушсуз эле кошулушту. Талибандын негиздөөчүсү Молдо Омар кыймылды өлкөдөгү кризисти токтотуу үчүн түзгөнүн билдирген. 1996-жылы Кабулду ээлегенден кийин Талибан өлкөнү Ооганстан Ислам Эмирлиги деп жарыялады. Талибан өлкөнү 1996-2001-жылдар аралыгында башкарып, Чеченстан, Чыгыш Түркистан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген качкындарды кабыл алды. Бул жылдар аралыгында Талибанга Аль Каида менен кызматташтыгын шылтоолоп бир катар өлкөлөр эмбарголор киргизди. Дүйнөлүк медиа аларга каршы маалымат согушун алып барды. Талибандын башкаруусу учурунда өлкөдө апийим өндүрүүгө тыюу салынды. 11-сентябрь окуясынан кийин АКШ бастырып кирип Талибан бийлигин кулатты. Натыйжада апийим өндүрүшү 13 эсе көбөйдү. Пакистан ачык түстө америкага кызмат кылып, Талибандын бир катар лидерлерин камакка алды. Иран дагы чек арадагы шаарлардын бошотулушунда Америкага жардам берди. Натыйжада Талибан ачык согуштан чегинип, аймактарга жана Пакистандагы пуштундар жашаган райондорго жайгашты.

Америка Талибанды оодаргандан кийин бийлик үч негизги тайпага бөлүндү: Пуштундардан турган Америка таасириндеги технократтар; Ирандын колдоосундагы Хазарлар; Түндүктөгү Бурханиддин Роббани, Ахмад шах, Абдурарашид Достум сыяктуу кадрлардан турган тайпа.

Ал эми 2002-жылдан тарта Талибан Америка баштаган НАТО күчтөрүнө каршы согушту баштады. Бул согуштун башталышына Талибан медреселериндеги 1500дөн ашык аалым фатва чыгарган. 2001-жылы бийликтен оодарылышы менен таасири жоголушу күтүлгөн Талибан Батыштын баскынчылыгына каршы күрөштү күчөтө баштады. Алар негизинен Ооганстандын Кандагар, Хилменд жана Пакистандын Вазиристан аймагында активдүү иш алып барышты. 2006-2007-жылдары кыймылдын чабуулдары дагы да уюшкан түстө уланды. Ушул жылдан тарта ар жаз айларында шаарларга чабуул жасай турган болду. АКШ баштаган коалициянын жоготуулары көбөйө баштады. Тынымсыз чабуулдардан улам АКШ 2010-жылы аймактан чыгуунун үстүндө баш катырып калды. Учкучсуз учактарга маани берип, алардын санын арттырды. Бул учактар негизинен аймактагы Аль Каида жана Талибан лидерлерин бутага алды. Талибандын активдешүүсү АКШ чыгымдарын көбөйтүп, жалпы чыгаша 2 триллионго жакындады. Мындан улам, Америка Талибандын жогорку лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү баштоого олуттуу кадам таштап, Пакистан бул сүйлөшүүлөргө ортомчу болду. 2013-жылга келип Талибан Ооганстандын жарым аймагын көзөмөлдөп калды жана түндүктөгү тажик улутунун арасында да таасири артты.

2014-жылы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Гуантанамо абагындагы 5 талиб туткуну бошотулуп, анын ордуна талибдер бир америкалык сержантты (Бо Бергдал) бошотушту…

2017-жылы Талибан өлкөнүн 65 пайызын көзөмөлдөп калды. Бул учурда Америка шашылыш жоготууларды азайтуу үчүн Талибан менен сүйлөшүү алып барууга аракет кыла баштады. 2018-жылы Талибан менен АКШнын ортосунда «тынчтык» сүйлөшүүлөрү башталды. 2018-жылдын 5-сентябрында Залмай Халилзад АКШнын Ооганстандагы атайын өкүлү болуп дайындалды. Халилзад дайындалгандан эки ай өткөндөн кийин, 2018-жылдын 25-октябрында Пакистан Карачи шаарында 8 жылдан бери кармалып турган Абдулгани Барадарды бошотту. Ал бошотулгандан кийин Дохадагы Талибан кеңсесинин башчысы болуп калды.

2020-жылы 29-февралда Катардын Доха шаарында эки тарап келишим түздү. Келишимге ылайык, Америка өлкөдөн 2021-жылы чыга турган болду жана Талибан өлкөнү Америкага каршы колдонбоого кепилдик берди.

          Американын жаңы шайланган президенти Джо Байден Ооганстандан чыгуу кампаниясын кийинки президентке эстафета катары өткөрбөй турганын жана Америка тарыхындагы эң узак согуш аяктаганын билдирди. Байден Кытай менен стратегиялык атаандашуу маанилүү орунга чыкканын кошумчалады.

          АКШ аскерлерин Ооганстандан алып чыгуу жараянын баштагандан кийин Талибан өлкөдөгү бир катар райондорду каратты жана өлкөнүн 85 пайызын көзөмөлдөп жатканын жарыялады.

          17.07.2021-жылы Дохада Талибан менен Ооганстандагы светтик өкмөт 14 мүчөдөн турган комитет түзүүгө макулдашышты. Ошентип, Катарда Ооган өкмөтү менен Талибан кыймылынын сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталды. Жолугушууда өкмөттүн элдешүү боюнча комитетинин жана өкмөттүк делегациянын башчысы Абдулла Абдулла, «өлкөдө тынчтыкка жетишүү үчүн эки тараптан тең ийкемдүүлүк талап кылынарын белгилеп, бул маселеге негиз салынганын кошумчалады. Өз кезегинде Талибандын Дохадагы саясий кеңсесинин башчысы Мулла Абдулгани Барадар, «бүгүн Дохада башталган Ооганстан тынчтык сүйлөшүүлөрүндө оң натыйжага жетүү үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз» деди.

Пакистандагы Талибан

Пакистанда пуштун улутунун саны 45 миллионго жетет. Анын 4 миллионго жакыны Ооганстандан ооп барган. Алардын баары Пакистан менен Ооганстандын чегинде жашайт. 2001-жылы Пакистан Америка ыраазылыгы үчүн Абдулгани Барадар баштаган бир катар Талибан лидерлерин камакка алган. Молдо Убайдуллах, Устад Ясир сыяктуу айрым лидерлер күч органдары тарабынан өлтүрүлдү. Кийин АКШ кызыкчылыгына ылайык позициясын өзгөртүп, Талибан менен мамиле түзө баштады. Бул кызматтарынын көрүнүктүүсү 2018-жылдагы АКШ менен сүйлөшүүгө шарт жаратуусу болуп калды. Мында Пакистандагы жогорку даражалуу офицерлер жана саясатчылар чоң роль ойношкон. Ошондой эле Пакистандын чалгындоо кызматтары Талибандагы байланыштары менен өз таасирин тийгизип турат. Америка Талибан менен күрөштө негизинен ушул рычагдарына таянып иш алып барат.

Түркия позициясы

Америка президенттигине Джо Байдендин келишинин артынан Түркиянын Ооганстандагы ролу дагы да күчөтүлдү. Июнь айында Американын атайын делегациясы Түркияга келип Ооганстан маселеси боюнча чечимдер кабыл алынды. Кийин Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган НАТО саммити алдында: «Эгер Ооганстандан чыгуубуз кааланбаса, Американын бизге дипломатиялык жана материалдык колдоосу маанилүү», – деп билдирди. Мындан белгилүү болгондой, Түркия баскынчы Американын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Ооганстанда АКШ саясатын улантууну көздөп жатат. Башкача айтканда, Ооганстандагы светтик өкмөттү Талибандан коргоо үчүн калууда. Эрдоган Байден менен болгон жолугушуудан кийин «союздаштар менен дагы да жакын жана кеңири кызматташтык алып барарын» билдирди. Демек, Түркия тогуз жолдун тоомундагы стратегиялык мааниге ээ Кабул аэропортунун коопсуздугун камсыздоону улантат. НАТО өлкөлөрүнүн ичинен Түркияга бул кызматтын тапшырылышы да өзгөчө мааниге ээ. Түркия биринчиден мусулман калктуу өлкө. Ага карата ооган калкында Батыш аскерлерине болгондой жек көрүү сезими жок. Ошондой эле, Түркиянын Ооганстан менен тарыхый байланышы бар. Бул байланыш Усманий Халифалык доорунан бери келаткан байланыш. Мына ушул исламий байланыштан улам оогандыктар түрк аскерлерине баскынчы катары мамиле кылышпайт жана аларды бутага алышпайт. Ошондуктан, Талибандын Түркияны НАТО мүчөсү болгондуктан аймактан чыгып кетүүсүн эскертүүсүнө карабай, Түркия «Ооганстан бийлигинин суранычын» шылтоо кылып, Вашингтондун тапшырмасын аткарууда.

Америка Ооганстан маселесинде жергиликтүү өлкөлөрдүн ичинен Өзбекстандын кызматынан да ийгиликтүү пайдаланып келет. Маселен, 15-16-июлда Ташкентте бир катар эл аралык иш чаралар болуп өттү. 15-июлда Америка менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн С+5 форматындагы саммити болуп, Ооганстандагы маселе талкууланды. 16-июлда “Борбордук жана Түштүк Азия: регионалдык өз ара байланыш” аталышында конференция болуп өттү. Иш-чарага Өзбекстан менен Ооганстандын президенттери, Пакистандын премьер-министри, Европа комиссиясынын коопсуздук боюнча вице-президенти Жозеп Боррел, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери, жогорку кызматтагы өкүлдөрү, эл аралык жана аймактык каржы уюмдарынын, аналитикалык борборлордун өкүлдөрү катышты. Конференцияга АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад жана бир катар дипломаттары да келди.

Конференцияда аймактардын байланышын бекемдей турган «Термез – Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар» темир жолун курууга чакырыктар жасалды. Темир жолдун курулушу эки аймактын жүк өткөрүү мүмкүнчүлүгүн арттырып, сезилерлик даражада убакыт үнөмдөлмөк. Өзбекстан президенти Шавхат Мирзиеевдин айтымында, бул долбоорду ишке ашырууда Ооганстандагы туруктуулук маанилүү ролду аткарат. Жолугушуулардын артынан АКШ, Ооганстан, Пакистан жана Өзбекстандын ортосунда төрт тараптуу дипломатиялык платформа түзүлгөнү жарыяланды. Тараптар аймактагы туруктуулукту сактоо менен аймактар аралык соода байланыштарды күчөтүүгө келишишти. Демек, Ташкенттеги жолугушуулардан Америка колонизаторлук саясатын ишке ашырууну көздөп жатат. Анткени, Мирзиеев айткандай Ооганстанда Талибан жана Ашраф Гани баштаган жалпы бийлик орноп, туруктуулук ишке ашса Ооганстан Орто Азиядан келген мунай жана кен байлыктарга коридор боло алат. Башкача айтканда Орто Азиянын миңдеген тонна алтын жана башка баалуу металдарын, чалкып жаткан газ жана мунай запастары Ооганстан аркылуу ташылмакчы. Америка Ооганстандын өзүндөгү эле чалгындалган кен байлыктарды « триллион долларлык деп эсептеген.

Жыйынтыктап айтканда, Дохадагы акыркы сүйлөшүүлөрдөн жана региондогу Америкага кызмат кылып жаткан Пакистан менен Түркиянын аракеттеринен кийин маалым болгондой, Америка Ооганстандын бир эшигинен чыгып, экинчи эшикте калуу позициясын карманууда. Алар Ооганстандагы Американын шапалагына айланган светтик өкмөттү жана Америка кызыкчылыктарын ишке ашыруу милдетин аткарышмакчы. Ал эми Америка аймактагы сарп-каражаттарын стратегиялык атаандашка айланган Кытайга каршы жумшамакчы. Ошондуктан, Байден бийликке келгенден кийин Американын негизги атаандашы катары Кытайды эсептей турганын билдирип мындай деди: «Эми приоритет Кытай менен стратегиялык атаандаштык».

Демек, Талибандын Афганистан режими, Америка жана анын малайлары менен сүйлөшүүлөргө кириши чоң жаңылыштык болду… Анткени колонизатор каапырлар өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Андыктан, Талибанда чынчыл жана ишенимдүү бир туугандар Америкага согушта жетише албаган натыйжага сүйлөшүү аркылуу жетишине мүмкүнчүлүк бербеши керек! Ошондой эле Ислам менен светтик мыйзам аралашкан башкарууга эч качан макул болбогула! Анткени, мындай башкарууну Аллах кабыл кылбайт! Бул чындык, демек, чындыктын артында бир гана жалган бар… Силер Молдо Омардын сөзүн эстеп, бир ийинден эки жолу чактырбагыла! Аллах ага ырайым кылсын Молдо Омар айткан: «Хизб ут Тахрир биздин башкаруунун башталышында Талибанды жана бүткүл мусулмандарды куткаруу үчүн Халифалык мамлекетин жарыя кылууну насаат кылды. Бирок силер баш тарттыңар. Бирок бул баш тартуу ката болгонун кийин түшүндүңөр…»

«Албетте Аллах Ага жардам бергендерге нусрат-жардам берет. Шек-күмөнсүз Аллах күчтүү, кудуреттүү».                                                    [22:40]

Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here