Хизб-ут-Тахрир–Кениянын Навид Батты азат кылуу үчүн уюштурган кампаниялары жана иш-чаралары

197
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Кениянын Навид Батты азат кылуу үчүн уюштурган кампаниялары жана иш-чаралары

Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын расмий сүйлөөчүсү мухандис Навид Баттын Пакистан режими тарабынан уурдалганына тогуз жылдан ашты. Арадан ушунча убакыт өтсө да, анын кайда кармалып жатканы белгисиз бойдон калууда!

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Кения 2021-жылы 29-июнь күнү Найробидеги Пакистан элчилигине делегация жиберип, Навид Батты азат кылууну талап кылды.

2021-жылы 2-июлда жума намазынан кийин Хизб-ут-Тахрир–Кения мухандис Навид Баттка жардам берүү жана аны тезинен азат кылуу маселесин алга сүргөн бир катар иш-чараларды өткөрдү. Мисалы, Такса мечитинде жума намазынан кийин мечиттин имамы шейх Мухаммад Али намазкөйлөргө Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмү тарабынан жарыяланган «Пакистанда Навид Баттын зомбулук менен уурдалганын токтотууга чакыруу» деген билдирүүнү окуп уктурду.

 

Роя гезити, №347, 2021-жыл, 14-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here