Жапаров да мурункулардын изи менен бара жатат

296
0

Жапаров да мурункулардын изи менен бара жатат

 Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлашынча, Чүй облусунун Аламүдүн районунда Жалал-Абад облусунда төрөлгөн, Хизб ут-Тахрир уюмунун аялдар канатынын активдүү мүчөсү кармалган. Кармалган 41 жаштагы А.Б буга чейин да эки жолу соттолгон. А.Бнын социалдык тармактарда экстремисттик мазмундагы материалдарды таратканы аныкталып, ага карата кылмыш кодексинин 315-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу) менен кылмыш иши козголду. Аламүдүн райондук соту А.Бны эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.

 Садыр Жапаровго чейин бийликке келген президенттер да өздөрүнүн башкаруудагы ийгиликсиздигин жашырууда о.э. мамлекеттеги саясий-экономикалык кризистерден элди чалгытууда “экстремизм” жана “терроризм”ге каршы күрөштү курал кылып алышат эле. Мисалы, Атамбаев 2014-жылы Россиянын басымы астында мамлекетти карапайым калк үчүн эч кандай пайдасы болбогон ЕАЭБге алып кирердин алдында дал ушундай ыкманы колдонуп, муслималарга карата “аңчылык” баштаган. Биринчи май райондук соту 2014-жылдын 10-сентябрындагы соттук отурумда 1960-жылы 16-ноябрда төрөлгөн, экинчи топтогу майып Кыпчакбаева Сайракан Кенжетаевнаны сегиз жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. Ошол соттук жараянда Кыпчакбаева менен бирге 1986-жылы Нарын облусунда төрөлгөн, үй-бүлөлүү, эки жаш баланын энеси Орозбекова Гүлзина Качкыновнанын да иши каралып, ага карата үч жыл мөөнөткө шарттуу түрдө эркинен ажыратуу жазасы белгиленип, бир жылдык сыноо мөөнөтү дайындалган. Булардан тышкары ошол эле жылы Аманова Зулфияга эки айлык камактан кийин 50 миң сом айып пул салынган болсо, Токтобаева Жумазия Сүйүтбековна 4 жылга эркинен ажыратылган. О.э. 2014-жылдын 30-сентябрында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында “антитеррор” операциясынын алкагында бир нече үйдө тинтүү өткөрүлгөн. Ал операциялардын натыйжасында 20 жаштан 25 жашка чейинки 7 аял Хизб ут-Тахрир уюмунун мүчөсү деген шек менен камакка алынып, аларга карата кылмыш иши козголгон. 2014-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаары жана Чүй облусунда Хизб ут-Тахрир уюумуна мөчү болгондукта шектелген бир нече аялдын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Буларга кошумча, 1989-жылы Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылында төрөлгөн ошол кезде Бишкек шаарында жашап жаткан К.Б, 1988-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда төрөлгөн, Бишкек шаарында жашап, мектеп-гимназияда мугалим болуп иштеп жаткан Ж.А, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну, 1987-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ичке-Суу айылында төрөлгөн Ж.З о.э. Бишкек шаарындагы Жал кичи районунда жашаган 1987-жылы төрөлгөн К.Жлардын үйүнөн да экстремисттик мазмундагы адабияттар табылып, аларга карата ар түрдүү жазалар белгиленген…

 Атамбаевден бийликти мураска алган Жээнбеков да Россиянын басымы себептүү жана эл аралык уюмдар бере турган жардамдарды алуу үчүн Ислам жана мусулмандарга, алардын арасында аялдарга каршы күрөштү улантты. Мисалы, 2017-жылы Ош облусунун Кара-Суу шаарында зыяпатка чогулган аялдар отурган үйгө күч органдарынын куралданган атайын бөлүгү бастырып кирип, мыйзамга тескери көрүнүштө алып кетишкен. Ал аялдардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, айрымдарына айып пул салынган…

 Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшкөн Атамбаев жана Жээнбековдор кандай тагдырга туш болгонунан сабак албаган Садыр Жапаров да ошолордун изи менен жүрүп, ошол күрөштү улантууда. Бийликке келе электе “бир жылда мамлекеттик экономиканы көтөрөм, Кыргызстанды беш жылдын ичинде карыз алуучу мамлекеттен карыз берүүчү мамлекетке айландырам” деген убадаларды берген Жапаров бийликке келгенден бери бир да убадасын аткарбады. Тескерисинче, ал бийликке келгенден бери баалар асмандап, карапайым калктын жашоо деңгээли төмөндөп, жумушсуздук өсүп, экономика сенек болуп калды. Кыскасы, элдин бийликке ишеними жоголуп барууда. Мындан тышкары, Жапаровдун алдында Кытай талап кылган “калктын 70 пайызын эмдөө” милдети турат. Ошентип, Садыр Жапаров да элдин көңүлүн “экстремизм” жана “терроризм” коркунучуна буруп, Исламга каршы күрөшүү үчүн бериле турган каржылык жардамдарды алуу менен оор экономикалык кырдаалдан чыгып кетүүгө умтулууда.

Жапаров режими мамлекетке миллиондогон, ал тургай миллиарддаган зыян жеткирген чиновниктерди “кустуруп”  анан чыгарып жиберүүдө. Ал “кустурулган” каражаттар кайда жумшалып жатканы жөнүндө элге маалымат берилген жок.Ал эми, Роббим Аллах дегенден о.э. пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллоху алайхи ва салламды сүйгөндөн башка айыбы болбогон алсыз аялдардын үстүнөн ар түрдүү жалаалар менен кылмыш ишин козгоп, куугунтуктоону токтотпой жатат.

Эй Садыр Жапаров, сага мурункулардын тагдыры сабак болсун. Алсыз, мазлума муслималардын дубасынан этият бол, себеби, мазлумдун дубасы менен Аллахтын ортосунда парда жок, пакиза муслималардан колуңду тарт!

Аллах Таала айтат:

وَالَّذِينَ يُؤْذُونَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ بِغَيْرِ مَا اكْتَسَبُوا فَقَدِ احْتَمَلُوا بُهْتَانًا وَإِثْمًا مُّبِينًا

Мумин жана муминаларга эч бир күнөө кылбаса да азар бере турган кимселер да жалган жалаа жана ачык күнөөнү өз үстүлөрүнө алыптыр”. [33:58]

 Абдурахман Адилов

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here