Түркия-Россия жолугушуусу – сыртынан карама-каршылык, түпкүлүгүндө союздаштык

215
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түркия-Россия жолугушуусу – сыртынан карама-каршылык, түпкүлүгүндө союздаштык

Умарий мечитинин аянтында жума намазынан кийин Даръа шаарынын жүздөгөн адамдары элдик нааразылык демонстрация өткөрүштү. Бул демонстрация режимдин, анын күчтөрүнүн жана жалданган аскерлеринин калкка басым өткөрүү жана жеке куралдарын тапшырууга мажбурлоо үчүн регион бойлоп орноткон курчоосуна каршы өткөрүлдү. Өлкө калкы куралдарды тапшырууну четке кагып келүүдө.

Бир күн мурда, бейшемби күнү Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Түндүк Идлибде «Хиврандагы калкыбыздын айтар сөзү: жаныбызды беребиз, бирок, куралдарыбызды бербейбиз» деген демонстрация уюштурушту. Батыш Ато айылынын жанындагы Атма качкындар лагеринде өткөрүлгөн бул демонстрацияда адамдар ушул сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты: «Саткындык келишими Даръага сокку берген болсо, бүгүн Түркия-Россия жолугушуусу сыртынан карама-каршылык, түпкүлүгүндө союздаштык болуп эсептелет», «Даръада согушкер топтор куралдарын тапшыргандан кийин, эми Даръаны тапшыруу талап кылынууда». О.э. ушул аяттар жазылган плакаттар болду:

﴿وَدَّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْ تَغْفُلُونَ عَنْ أَسْلِحَتِكُمْ وَأَمْتِعَتِكُمْ فَيَمِيلُونَ عَلَيْكُمْ مَيْلَةً وَاحِدَةً

«Кафирлер, силер курал-жарактан жана буюмуңардан бейкабар болгон убагыңарда үстүңөргө күтүүсүздөн чабуул коюуну эңсешет»                                                      [4:102]

 

Роя гезити, №346, 2021-жыл, 7-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here