Кытай бийлиги 6 кылымдык мечитти музейге айлантты

293
0

Кытай бийлиги 6 кылымдык мечитти музейге айлантты

Кытайдагы коммунисттик партия башында турган бийлик Чыгыш Түркистандагы 6 кылымдык тарыхы бар Ийдгах (майрамдык майдан) мечитин музейге айлантты. Бул тууралуу MepaNews жергиликтүү булактарга таянып жазды.

1442-жылы курулган мечит аймактагы эң маанилүү тарыхый мечит болуп эсептелчү. Буга чейин мечиттин мунаралары жок кылынган.

Белгилүү болгондой Кытайдын бутпарас бийлиги аймактагы миллиондогон мусулмандарга зулумдугун улантып келет. Чыгыш Түркистанды ачык абакка айлантып барууда. Мусулмандар ибадаттарын да толук аткара албай турган абалда. Мусулман үй-бүлөнүн кыздары бутпарас эркектерге мажбур түрдө турмушка берилип жатат. Жолдошу «тарбиялоочу лагерь» деп аталган абактарда калган үйлөргө орган кызматкерлери убактылуу жашоо үчүн жиберилүүдө. Алар үй бүлө мүчөлөрүн арак ичип, чочконун этин жешин талап кылышууда.

Мунун каршысында мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилери Кытай менен кызматташтыктарын эч нерсе болбогондой абалда улантып жатышат. А түгүл экономикалык кызыкчылыктардан улам, Кытайдын сепаратизм саясатын колдоп, өлкөлөрүндөгү качкын болуп жүргөн уйгур боордошторду Кытайдын заалим бийлигине өткөрүп беришүүдө.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here