Исламий жашоону кайрадан баштоо

371
0

Исламий жашоону кайрадан баштоо

Шаръий тарыйкат

وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَأُوْلَـئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ ()وَلاَ تَكُونُواْ كَالَّذِينَ تَفَرَّقُواْ وَاخْتَلَفُواْ مِن بَعْدِ مَا جَاءهُمُ الْبَيِّنَاتُ وَأُوْلَـئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ

Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун, дал ошолор ийгилик табуучулар. Анык далилдер келгенден кийин бөлүнүп кеткен жана бири-бири менен талашып-тартышкан кишилер сыяктуу болбогула! Андайлар үчүн улуу азап бар” (3:104-105)

Сөз башы

Куръани Каримди таквадар пенделери үчүн хидаят менен түшүргөн жана адамдарды куфр караңгылыгынан ыйман нуруна алып чыгуу үчүн бүтүндөй ааламга Мухаммад с.а.в.ды рахмат кылып жиберген Аллах Таалага чексиз алкыш-мактоолор болсун. Мусулмандар 1924-жылы кафирлер жана алардын малайлары тарабынан Халифалыгы кулатылгандан бүгүнкү күнгө чейин чачырандылык, азап-тозок, алсыздык жана кордукта жашап келет. Мусулмандар бир кезде дүйнөнүн жетекчиси эле. Бүгүнкү күндө болсо, жетелеме кулдарга айланышты. Алар бүтүндөй адамзат арасынан айырмаланып туруучу бирдиктүү Үммөт эле. Бүгүн болсо арасын жасалма чек аралар бөлүп турган, аларга адамдар тарабынан чыгарылган вазъий (адамдар иштеп чыккан) түзүмдөр өкүм жүргүзүлө турган бир нече чачыранды мамлекетчелерге бөлүнүп кетишти. Алардын 50дөн ашык кордолгон вужуду – картон мамлекетчелери аларды жашоодон артта калган дүйнө деп эсептелиши алдында эч кандай пайда бербеди. Мусулмандардын бүгүнкү күндөгү кордолгон вужуду Палестина сыяктуу момундардын ыйык жерлерин кафирлер  басып алышы каршысында эч кандай пайдасын тийгизбеди. Чындыгында, мусулмандарды бул уйкусунан ойготуу үчүн, аларды бул шалаакылык баткагынан чыгарып, бириктирүү үчүн ар түрдүү жолдорго кирип чыгылды, алардын үстүнөн чыгыш жана батыштын ар түрдүү пикирлери менен вазъий түзүмдөрү тажрыйбадан өткөрүлдү. Бирок, бул тышкарыдан экспорт кылынган нерселер өлгөндүн үстүнө тепкен болду. Акыры, мусулмандар өзүнө келип, аларды жетекчи кылган ошол мурунку улуулуктун себебин о.э. бүгүнкү күндө кафирлерге көз каранды кылган кордуктун себебин изилдей башташты. Натыйжада, алардын азиздик жана жетекчилик себеби – Исламды акыйда жана турмуштук түзүм катары бекем кармоо, ал эми жетелеме болуп кордолуунун себеби болсо – Исламды турмуштук түзүм катары колдонбой койгондукта деген тыянакка келишти. Мусулмандар арасынан чыккан, алгач жеке адамдарда, андан соң, жамааттарда калыптанган бул нерсе башка мусулмандардын да сезимин ойготту. Натыйжада, бул жаатта өздөрү жеткен ижтихаддан пайдаланып, Исламды жашоого кайтарууга, Ислам жашоосун кайрадан баштоого даъват кыла башташты. Мунун натыйжасында көптөгөн мусулман өлкөлөрдө мына ушул максатка даъват кылуучу кыймылдар, хизбдер жана жеке адамдар көрүнө баштады. Бирок кафир мамлекеттер жана кайрымусулман башка калктар бул иш өздөрү үчүн канчалык кооптуу экендигин дароо сезишти. Натыйжада, пикирий жана материалдык жолдор менен о.э. ар түрдүү ыкма жана каражаттар менен ушул мамлекеттин алдын алууга киришишти. Ошондуктан, кимде-ким Исламды саясий түзүм катары жашоого кайтарууга чакырса аны “экстремист”, “террорист”, “вахабист” деп каралай башташты. “Диндер жана хазараттар аралык кызматташтык” урааны астында ар түрдүү конференция жана дебаттар уюштурула баштады. “Диний экстремизм жана терроризмге каршы туруу” урааны астында чоң өлчөмдөгү каражаттарды бөлүп, адамдык ресурстарды ишке салды. Булардын бардыгы Ислам жашоого кайтып келишине каршы аткарылып жаткан иштер болчу. Кафирлер өздөрүнүн мындай арамза максаттары жолунда Исламын  билбегени үчүн же бул дүйнө матасына баш оту менен кирип кеткени үчүн Үммөттөн ажырап калган айрым мусулмандарды да өздөрү менен бир сапта болууга чакырышты. Муну менен эле чектелбестен, айрым хизб, кыймыл жана жамааттарга кирип алып, аларды Халифалыкты кайра тикелөөнүн шарьий тарыйкатынан чалгытуу максатында Исламга таптакыр тескери болгон айрым пикирлерди Исламдан деп зыйнаттап көрсөтүштү. Албетте, исламий жашоону кайрадан баштоо тарыйкаты Исламдан гана алынышы керек. Себеби, Ислам – бул фикрат жана тарыйкатка ээ болгон, ар бир чоң жана кичине нерсени өз ичине алуучу мабдаъ. Башкача айтканда, ал тарыйкаты фикратынын жынысынан болгон фикрат жана тарыйкат. Ошондуктан даъват жолунда жүргөндөр Ислам тарыйкатынан кылдай да четтеши мүмкүн эмес. Себеби, бул тарыйкатты Аллах Тааланын Өзү фарз кылган. Расулуллах с.а.в. да Мединада – кийинчерээк кафирлер кулатканга чейин 13 кылымдан ашуун жетекчи болуп турган – Ислам мамлекетин тикелегенге чейин, мына ушул тарыйкат негизинде жүргөн. Мусулмандар ибадат, мамиле жана жаза-чаралары сыяктуу ар кандай шаръий өкүмдөр жөнүндө миңдеген китептерди жазып, бул өкүмдөрдү ийне-жибине чейин өздөштүрүп алганы менен Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин аны кайрадан тикелөө тарыйкатынын өкүмдөрүнө келгенде аксап калышты. Башка ар кандай өкүмдөр жөнүндө булбулдай сайрап туруп, Исламий жашоону кайрадан баштоо тарыйкатына келгенде тилдери күрмөөгө келбей калды. Себеби, алар Халифалык мамлекетинин көлөкөсүндө исламий жашоодо жашайт эле. Алар бул мамлекет бир күнү кулап калышын элестете алышпайт эле. “Фикх” – бул мусулмандардын назарында  “Амалий шаръий өкүмдөрдү билүү”. Чындыгында, мамлекет бар болуп турган учурда Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө тарыйкатынын өкүмдөрүнө муктаждык болгон эмес. Бүгүнкүдөй аянычтуу абал аларда эч качан болгон эмес. Бирок, Халифалык мамлекети кулатылган соң, алар өздөрү жашап жаткан жаңы вакиъни сезишти. Натыйжада аларга ушул жаңы вакиъ каршысында Ислам өкүмдөрүнө ылайык көрүнүштө иш алып баруу важиб болуп калды. Ошондуктан, исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн пайгамбарлык сийратынан (сийрати набавиядан) шаръий тарыйкат издей башташты. Алардын айрымдары ушул тарыйкатты Халифалыкты кайра тикелөө жолуна каршы тургандардын баарына курал көтөрүүдө жана аларды өлтүрүүдө көрүштү. Айрымдары болсо тасаввуфта жана Аллах жолунда сапар кылууда, даъватка чыгууда көрүштү. Айрымдары кайрымдуулук жана адеп-ахлак уюмдарын түзүүнү көтөрүп чыгышты. Дагы башкалары болсо, тафсир, хадис, фикх сыяктуу байыркы исламий мурасты көтөрүп чыгууну тарыйкат деп билишти. Дагы бирөөлөрү саясий жана пикирий ишмердүүлүктү тарыйкат деп билишти. Алардын бардыгы өз райъларында Куръан жана хадистен келген далилге же шибхи далилге таянышты. Ошондуктан, биз киришмекчи болгон мына бул талкуу биз жашап жаткан вакиъни жакшылап үйрөнүп чыккандан кийин Китеп жана Сүннөттөн алынган шаръий тарыйкатты баяндоо болот, ИншаАллах. Ушул талкуу сахих тарыйкатта жүрүүчүлөрдүн максаттарын жүзөгө чыгаруусу жолундагы иш аракеттерди күчөтүүгө үндөөчү себеп болушун Аллахтан сураймын. О.э. бул талкуу бардык мусулмандар дүйнө азиздигине жана акырет сообуна жетүү максатында эң туура жолдо жүрүшү үчүн башкалар да тарыйкат өкүмдөрүн жакшылап үйрөнүшүнө үндөөчү түрткү болсун! Аамин!

وَلِلَّهِ ٱلْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ

Мухаммад Хусайн Абдуллах

2002-жыл.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here