Эрдоган Аббас менен жолукту

303
0

Эрдоган Аббас менен жолукту

Палестинанын президенти Махмуд Аббас Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга барды. Өлкө башчылардын жабык эшик артындагы жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы мамилелер жана кызматташтыкты күчөтүү боюнча аткарылып жаткан иштер о.э. Палестинадагы абал талкууланганы айтылууда.

Эрдоган Түркия мамлекети (Израил)дин Палестинадагы жырткычтыгына унчукпай карап турбаганын жана мындан кийин да ушундай болорун өзгөчө баса белгиледи. Анын айтымында, (Израил)дин баскынчылык саясаты уланып жаткан соң, региондо тынчтык жана туруктуулук орнотуу мүмкүн эмес.

Эки президенттин жабык эшиктер артында өткөн 1 саат 15 мүнөттүк жолугушуусунан кийин эки тараптын тышкы иштер министрлери, дин иштери боюнча министрлери, улуттук разведка уюмдарынын жетекчилери жана дипломатиялык иштер боюнча кеңешчилери ортосунда жолугушуулар болду.

Комментарий: Чындыгында Эрдоган мырза (Израил)дин Палестинадагы жырткычтыгына сүкүт сактап турбады, башкача айтканда тамагы айрылганча кыйкырып-бакырды. А бирок иш жүзүндө болсо, эч нерсе жок. Азербайжанга жөнөтүлгөн учкучсуз учактарды Палестинанын мазлум калкына ыраа көрбөдү. Палестиналыктардын акцияларындагы “Эй Эрдоган, кайдасын? Сенин убадаларың кайда калды” деген мазмундагы чакырыктарына көңүл бурулбады. Ал тургай, (Израил) учактары Газа калкына каршы кандуу чабуул уюштуруп жаткан кезде да ошол самолётторго күйүүчү май сатууну токтотуп койбоду.

Түркиянын (Израил)дин Палестинага карата саясатын катуу каралоосу негизинен Эрдоган башчылыгындагы “Адилет жана өнүгүү” партиясы бийликке келгенден кийин башталды. А бирок, (Израиль) менен Түркия ортосундагы соода алакалары да мына ошол “Адилет жана өнүгүү” партиясы бийликке келгенден кийин рекорддук деңгээлге жетти. Ал тургай, кээде (Израил)ди каралоонун артынан, бул каралоонун Түркия-(Израиль) мамилесине тиешеси жоктугу ачык айтылды. Мисалы, 2002-жылдын 3-ноябрындагы шайлоодон кийин, “Адилет жана өнүгүү” партиясынын өкүлү Мурат Мерcан Ариел Шарондун саясатын катуу каралаган билдирүү менен чыкты. А бирок, ал билдирүүдөн бир нече күн өтүп т.а. 2002-жылдын 8-ноябрында ал (Израиль) менен стратегиялык мамилелер уланышын, диний жана идеологиялык себептер Түркия өкмөтүнүн тышкы саясатына таасир көрсөтпөшүн тийгизбешин билдирди.

Адам ким болушуна карабастан, бир сөздү айтып, иш жүзүндө анын тескерисин кылып турса, бул нерсе анын эки жүздүү мунафык экендигине ишара кылат.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here