Айлык акы кечиктирилип берилет

258
0

Айлык акы кечиктирилип берилет

Бишкек шаарынын вице-мэри Алмаз Бакетаевдин айтымында, бир жарым айдын ичинде бюджетке түшкөн каражат 900 млн. сомго азайган. Мындан улам, бул айда айлык акы жана башка төлөмдөр кечиктирилип берилет. Ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында бир нече баскычтар менен ишканаларга ишин жандандырууга уруксат берилиши кырдаалдан чыгууга шарт түзөт деген үмүттү жаратууда.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө абал шартында Бишкек шаарындагы 75 363 ишкананын 71,5 миңи ишин токтоткон. Натыйжада 155 миң адам убактылуу жумушсуз калган.

 Эми болсо өкмөт элди жумушсуз карантинде камап жатканы аз келгенсип, айлыктарды кечиктирүү менен коркутууда. Пенсия, жөлөкпул жана айлык маселесинде кыйынчылыктар пайда болушун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да эскерткен жайы бар.

Буга чейин өкмөт эл аралык уюмдардан алган карыздардын эсебинен бюджеттин чыгаша бөлүгүн жабаарын билдирип, бир катар уюмдар каражатты которгону айтылган. А бирок, калктын салыгынан төлөнө турган бул карыздардын кайда иштетилгени тууралуу отчёттор жашыруун калууда. Бийликтин мындай аракеттери калк арасында катуу нааразылыктарга себеп болуп жатат.

Түпкүлүгүндө, калкка карата мындай зулумдук үстүбүздө империалисттик саясатка негизделген капиталисттик түзүмдүн колдонулуп жатканы себептүү жетип жатат. Анткени, капитализм капиталисттердин байлыгына таянгандыктан алардын акы-укугуна өзгөчө көңүл буруп, карапайым калк жакырчылык артынан жакырчылыкка батып барышына маани бербейт. Мындай абал дүйнөлүк пандемиянын учурунда өзгөчө көзгө урунуп жатат. Маселен, Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 500 млн доллардын тегерегинде дефицитке учурашы күтүлүп, аны эл аралык уюмдардын пайыздуу карыздары менен жабат. Бирок, аталган каражаттын бир бөлүгү бийлик ээлеринин сол чөнтөгүнө сомолуп кетиши да айдан ачык. Мындай абалга аталган эл аралык уюмдар да кызыктар. Анткени, алар колониядагы мамлекетти карыз кылуудан сырткары, аны кризиске батыруу жана ачарчылык келтирип чыгарууну да максат кылат.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун баяндамаларында келишинче, пандемиядан келип чыккан ачарчылык акыбетинде, Африкада 73 миллион, Азия менен Жакынкы Чыгышта 43 миллион, Латын Америкасында 18 миллиондон ашуун адам кырылары белгиленген. Демек, пандемия артынан империалисттер калктын жумушка жарамсыз катмарын азайтуу саясатын да жүргүзүп жатат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here