Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 млн доллар берет

336
0

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 млн доллар берет

Бул каражат республикага “Активдүү көңүл буруу жана чыгымдарды колдоо” программасынын алкагында берилет.

Азия өнүктүрүү банкынын расмий кабарында келишинче, бул каражат пандемиянын жайылышын ооздуктоо, социалдык жактан муктаждарды коргоо, чакан жана орто бизнеске, өндүрүшкө жардам берүү боюнча чукул чараларды колдоого жумшалышы керек.

50 млн доллардын тең жарымы Азия өнүктүрүү банкынын жеңилдетилген кредити, калганы Азия өнүктүрүү фондунун гранты.

Апрелде Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 200 миң доллардык жардам көрсөткөн. Ал каражатка ЮНИСЕФ аркылуу дары-дармек жана медициналык жабдуулар сатып алынган.

Комментарий: Буга чейин вице-премьер Эркин Асрандиев: “Тышкы жардамды беренелер боюнча колдонуу тууралуу маалыматтарды көрсөтүү сунушу болгон. Учурдагы система муну жасоого жол бербейт. Көзөмөл боюнча айтсак, Эсеп палатасы бар, көзөмөлдөөчү башка органдар, Жогорку Кеңештин комитети, бюджеттик чыгымдар тууралуу өкмөт отчёт берген парламенттин өзү бар”, – деген эле.

 А бирок, расмий кабарларда эл аралык уюмдардан алынып жаткан карыздар бюджеттик чыгашаны жабууга жумшалып жатканы айтылууда. Эл аралык Валюта Фондунан алынган 120,8 миллион доллар каражат да бюджеттик чыгашаларды жабууга кеткени айтылды. Азия өнүктүрүү банкынын расмий кабарында карыздын чоң бөлүгү аз камсыздалгандарды социалдык жактан коргоо үчүн берилери айтылды. Демек, бул карыз да бюджеттин чыгашаларына жумшалышы керек. А бирок, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев июнь айында пенсия, жөлөкпул жана айлык маселесинде кыйынчылыктар пайда болушу мүмкүндүгүн билдирди. Эгерде карызга алынып жаткан ушунча каражаттар бюджеттин чыгашалары үчүн жумшалып жаткан болсо пенсия, жөлөкпул жана бюджеттен айлык алуучу кызматкерлердин айлыгы боюнча проблема каяктан келип чыгууда?

 Мунун жообу төмөнкүдөй, биз өкмөттөн ишмердүүлүгүн ачык-айкын жүргүзүүнү жана чыгашалардын эсеп-китебин талап кылбаганыбыз себептүү бийликтегилер колуна түшкөн каражатты өздөрү каалагандай пайдаланып жатышат. Убагы келгенде бул карыздарды өздөрүнүн уурулук жана аферисттигин жаап-жашыруу үчүн эл аралык уюмдардан тынымсыз карыз алып жаткан бул чиновниктер төлөшпөйт. Ал карыз карапайым калк төлөп жаткан салыктардан жана элдин мүлкү болгон кен-байлыктар эсебинен төлөнөт. Ошентип, карапайым калк жебеген самсага пул төлөп калат.

 Расмий бийлик карыз алуу менен өз калкын карызга батырганы аз келгенсип, ички саясатта да элдин чөнтөгүндөгү акыркы тыйынын тартып алууга киришти. Көпкө созулган карантинден кийин ишке киришмекчи болгон жарандар коронавируска анализ тапшырышы (экспресс-тест же ПЦР) шарт кылнды. Мындай тест-анализди бир гана Бишкектеги Бонецки лабораториясы өткөрөт. Анализдин баасы 2000 сом. Мындан тышкары, такси кызматын көрсөтмөкчү болгондордон лицензия алуу жана күн сайын машинасини кеминде эки жолу дезинфекциялоо талап кылынууда. Эки айга жакын убакыт карантинде отурган, ушул убакта болгон акчасын түгөтүп, керек болсо карызга күн көрүп жаткан адамдар бул талаптарды аткаруу үчүн кайдан акча табат деген нерсе өкмөттү кызыктырбайт. Эгерде биз “мен саясатка кызыкпаймын” деп отура берсек, өкмөт биздин акыркы тыйыныбызга чейин тартып алганы аздык кылгансып, бала-чакабыз төлөп бүтүрө албай турган өлчөмдө карызга батырып таштайт. Өз акыбызды талап кылалы!

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here