Бишкекте 6-7-июлда «Европа Биримдиги – Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өттү.

317
0

Бишкекте 6-7-июлда «Европа Биримдиги – Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өттү. 
Жолугушууга Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини жана Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын тышкы иштер министрлери, Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары катышты.
Жолугушууда Евробиримдик быйыл 17-июнда кабыл алган Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыктын жаңы стратегиясына өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө Евробиримдиктин жаңы стратегиясынын алкагындагы негизги багыттарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттер талкууланды. 
“Мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, демократияны алга сүрөө жана адам укуктарын сактоо, коопсуздук, жаратылыш жана климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарын башкаруу, жеке секторду өнүктүрүү үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүү, сооданы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу, экономикага санариптик технологияны киргизүү, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергетика, билим берүү, жаштар маселелерин талкууладык”, – деди Айдарбеков.
Түпкүлүгүндө Батыш колонизаторлугу дал ушул адам укугу, сөз эркиндиги сыяктуу ураандар менен кирип келет. Анын аркасынан болсо инвестор аты менен отурукташкан мамлекетиндеги байлыктарды ташып кете баштайт. Буларды ишке ашырууда өздөрү даярдаган кадр жана студенттерден өнүмдүү пайдаланышат. Болбосо, Түркмөнстанда сөз эркиндиги кандай абалда экени, Өзбекстанда миңдеген мусулмандар Раббим Аллах дегени үчүн абакта жатканы, Тажикстанда муслималардын жоолугу мажбурлап чечтирилип, эркектердин сакалы күчкө салынып кырылып жатканы Европа белгисизби? Алардан кем калбай, Казакстан менен Кыргызстанда да дааватчылар сурак-сопкутсуз камалып жатканын укпаганбы? Демек, Борбор Азиянын географиялык жактан ыңгайлуу жайгашуусу жана жер алдындагы кен байлыктардын жайнап жатышы жогорудагылардын баарына көз жумуп келишим түзүүсүн шарттап жатат. 
Могерини өз сөзүндө Европа Биримдигинин экономикасы Орусияга карата киргизилген санкциялардан жабыркап жатканын, шаркет Орусияга Украинадагы маселеден улам санкция киргизүүгө аргасыз болгонун, Москва менен тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. 
“Минск келишимин бардык тарап сактаган күнү санкциялар алынат жана европалыктар буга биринчилерден болуп кубанат. Борбор Азиядагы өнөктөштөр менен да диалогдор ачык жүрүп жатат. Алар да санкциялар эмне үчүн салынып жатканын абдан жакшы түшүнүшөт. Бул Минск келишиминин аткарылышына жана Украинадагы маселенин оң тарапка чечилүүсүнө көз каранды”, – деди Могерини.
Мындан белгилүү болгондой, Могерини Европанын Борбор Азияга карата жаңы кадамы ташталбай жатып Орусия тараптан кесилип калуусунан чоочулап жатат. Ошондуктан, актануу позициясында туруп, Минск келишимин алга сүрүүдө. Болбосо Миск келишими Америкасыз ишке ашпай турганын Европа да Орусия да жакшы түшүнөт. Демек, Могеринин сөзү Орусияны Европанын бул аракетине тоскоолдук кылбоого чакыруудан башка нерсе эмес. 

Мумтаз Мавренахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here