Миллиардер өспүрүмдөрдү саткан

370
0

Миллиардер өспүрүмдөрдү саткан

АКШдан чыккан миллиардер Джеффри Эпштейн 6-июлда өспүрүмдөрдү сексуалдык кулчулукка саткан деген айып менен кармалды. Бул тууралуу The Daily Beast басылмасы билдирди. 8-июлда өспүрүмдөрдү сексуалдык соодалоо айыбы боюнча миллиардердин соттук отуруму өттү.

66 жаштагы Эпштейн 2008-жылы прокуратура менен айыпты моюнга алуу үстүндө келишим түзүп 13 ай абакта отурган соң чыгып кеткен. Келишим Майаминин башкы федералдык прокурору Александр Акостой менен түзүлгөн. Ал учурда Трамптын администрациясында жумуш менен камсыздоо министри кызматын аркалайт. Февралда Флорида соту Акостой баштаган прокуратура Эпштейн менен жашыруун келишим түзгөнү федералдык мыйзамга каршы келерин аныктаган.

Учурда жабыр тарткандар федералдык прокуратураны кылмышкер он жыл мурун кармалганы тууралуу маалымат бербегени үчүн айыптап келет. Алардын саны прокуратуранын маалыматы боюнча отузга, «Майами херальд» басылмасынын журналисттик иликтөөсүндө алтымышка жетет.  Кылмыш ишиндеги маалыматтарга таянсак, Эпштейн 14-15 жаштагы кыздарды сексуалдык кулчулук үчүн иштеткен. Аларга акча төлөп башкаларды да алып келүүсүн тапшырган. Бул 1999-жылдан 2005-жылга чейин созулган.

Белгилей кетсек, миллиардер буга чейин учурдагы президент Дональд Трамп, мурунку президент Билл Клинтон жана принц Эндрю менен дос мамиледе болгон. Дүйнөлүк колонизаторлук системанын былыктары күн сайын калкып чыгууда. Мындай кылмыштар дал ушул мамлекет жетекчилер менен келишкен абалда жүргүзүлүүдө. Анткени, капиталисттик системада тукумду сактоо баалуулугу каралбаган. Мунун натыйжасында сойкулук, аларды мажбурлап иштетүү жана башка кылмыштардан миллиарддаган акчаларды жасап жатышат. Анткени, капиталисттик-демократиялык системада бир гана пайда өлчөө кылынып калган.

Мумтаз Мавренахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here