Исламда «аймактык таандыктуулук» деген саясий термин жок

381
0

Исламда «аймактык таандыктуулук» деген саясий термин жок

«Мекен» жана «мекенчилдик» деген сыяктуу сөздөр саясий терминдер болуп эсептелет, бул сөздөр белгилүү бир мамлекет менен болгон байланышты түшүндүрөт. Ар бир адам өзүнүн дүйнө карашын (акыйдасын) жана идеясын карманышы үчүн бул байланыш адамдар ортосундагы мамилелердин негизине айландырылды.

Ошону менен бирге «мекен», «мекенчилдик», «улутчулдук» адамдар ортосунда байланыш болууга жараксыз экени эч кимге сыр эмес, себеби алардан – коом башка коомдордон айырмаланышы үчүн – адамдардын иштерин башкарган, туруктуу мамилелерди жөнгө салган идеялар, мыйзамдар келип чыкпайт. Башкача айтканда, идея жарактуу байланыш болушу үчүн адамдар ортосундагы туруктуу мамилелерди тартипке салышы керек, ал эми мекен, мекенчилдик, улутчулдуктун бул сыяктуу идеялар менен эч кандай байланышы жок. Анткени, аларды колонизатор ойлоп тапкан, бул ыплас идеялар колонизатордун маданиятына жана идеяларына азгырылгандардын, ага кызмат кылууга макул болгондордун жүрөгүнө киргизилди. Бул, мусулмандардын Исламга карата берилгендигин жана ишенимин сындыруу үчүн кылынды.

Мусулмандардын мамлекети кулашы менен шарият мыйзамдары башкаруудан жана адамдардын иштерин тартипке салуудан четтетилди. Алардын ордун капитализмдин мыйзамдары ээледи, бул мыйзамдар бүгүнкү күнгө чейин бизди азапка салууда, дээрлик 100 жылдан бери мына ушинтип жашап келе жатабыз. Бирок, биздин абалыбызга карабастан, Батыш маданиятынын үгүтчүлөрү мекенди, мекенчилдикти, улутчулдукту коомдун турмушу үчүн негиз катары колдонуп, баса белгилеп келе жатышат.

«Аймактык таандыктуулук» деген термин келип чыккан «мекен» (ватан) сөзүнүн сөздүктөгү маанисине келсек, «Лисан ал-Араб» сөздүгүндө мындай делет: «Ватан – бул жашоо орду, адамга карата алганда, бул анын турак жайы. Бул сөздүн көптүк түрү «автан» болот». Ал эми, Халил ибн Ахмаддын «Муъжам ал-Айн» сөздүгүндө мындай делет: «Ватан – адамдын жашоо орду. Айбандарга карата алганда, «ватан» сөзү мал кармалган кашаа маанисинде колдонулат». «Адам жаңы жашоо орду катары кайсы бир аймакты тандады», – деп айтылат т.а аны өзүнүн жашооо чөйрөсү катары тандады. Жашоо чөйрөсү – бул адам кандайдыр бир иш үчүн жайгашкан орун деп айтылат». Исмаил ал-Жаухариге таандык «Муъжам ас-Сахах» сөздүгүндө мындай делет: «Мен жерде жайланыштым», – т.а. аны өзүмдүн мекеним катары тандадым, бул жерлерди өздөштүрдүм».

Мына ошентип, «мекен» сөзүнүн кенениээк мааниси – бул айыл же шаар т.а. адам жашап жаткан калктуу конуш. Халифалык кулаганга чейин мусулмандарда «мекен» сөзүнүн мындан башка мааниси болбогон, бирок мусулман өлкөлөрү басып алынгандан кийин «мекенчилдик» идеясынын үгүтчүлөрү келечектеги картон мамлекетчелерге негиз салуу үчүн «мекен» сөзүнүн маанисин бурмалашты, кийинчерээк колонизатор бул картон мамлекетчелерди тикеледи. Батыш мына ушинтип «мекен» сөзүн бурмалады, акыбетте мусулмандар Ливанды, Иракты, Иорданияны, Фалестинаны, Сирияны, Мисирди мекен деп билип калышты. Бул мамлекетчелер Батыштын келишиминен кийин пайда болду, бул келишимдердин көч башында Сайкс-Пико келишими турат.

Кошумча маалымат үчүн «Ал-Ваъй» журналынын 313-санындагы «Мекенчил позициялар Исламга бөтөн» деп аталган макалага кайрылсаңар болот.

Расулуллах A Мадина келишиминде «аймактык таандыктуулук» идеясына негиз салган деген сөздөр сандырак, нафсини ээрчүү, туура жолго көз жумуу болуп эсептелет. Негизи, Мадина келишиминин биринчи пунктунда мындай деп келет: «Бул – курайш жана Йасрибдеги момундар, аларды ээрчиген, аларга кошулган жана алар менен жихадга катышкан момундар ортосундагы мамилелер жөнүндөгү Аллахтын элчиси Мухаммад тарабынан жазылган келишим. Алардын баары башка адамдардан өзүнчө бир Уммат». Умматка Исламга ишенгендер гана таандык т.а. мухажирлер, ансарлар жана бул келишим жазылган соң алардын жолун жолдогондор, алар менен бир сапта согушкандар. Аларды Ислам акыйдасы негизинде бириккен адамдар катары билүү үчүн бул топ Мадинадагы башка жашоочулардан айырмаланып турат, алар башка адамдардан айырмаланган бир бүтүн Уммат. Бирок, ошол эле учурда Мадинада жашаган адамдар (мусулмандар, мушриктер, яхудийлер ж.б.) бири-биринен айырмаланганына карабастан, баары Ислам мамлекетинин жарандары болуп эсептелет. Ислам мамлекети өз жарандарынын ар бирине – ырас моюн сунуп жатса – кам кордук кылат.

Ислам мамлекети Ислам акыйдасына жана Ислам жолун жолдоого негизделет, ал мусулмандарга жана башка жарандарга адам үчүн зарыл болгон кадырлуу жашоону кепилдейт. Жашоо таризи шарият мыйзамдары менен белгиленет, эч ким аларга каршы чыга албайт же этибарсыздык кылбайт. Себеби, Исламга ылайык Халифалык Исламды бүткүл дүйнөгө жаюуга жана Ислам өкүм жүргүзүп жаткан аймактарды коргоого милдеттүү. Аны менен бирге, мусулман өлкөлөрү Ислам аймагы бойдон калат, жада калса, ал жерлерде, мисалы Пиреней жарым аралында болгондой, мусулмандарды кууп чыгаруу аркылуу Ислам өкүмдарлыгы бекер кылынган болсо да алар Ислам аймагы бойдон калат.

Жер маанилүү, бирок ал байланыш жана таандыктуулукка негиз болуп эсептелбейт. Негиз – бул Аллахка, Анын Расулуна болгон сүйүү. Аллахка, Анын Расулуна, жихадга болгон сүйүү сүйүүнүн сап башында турушу керек. Сүйүү – бул Аллахтын буйругуна берилгендик жана моюн сунуу о.э. тыюу салганынан экиленбестен жана дароо баш тартуу. Ушул нерселерде экиленүү болбошу керек:

– адамдарга шариятты колдонууда,

– адамдарга туура жолду жеткирүүдө, аларды мажбурлоосуз жана кыянаттык кылбастан Исламга киргизүүдө.

Аллах Таала айтат:

«Айткын: «(Бул) Роббиңер тарабынан келген чындык. Демек, каалаган киши ыйман келтирсин, каалаган киши кафир болсун». Ырасында, Биз залимдер үчүн жалындары тозокуларды чулгап ала турган тозокту даярдап койгонбуз. Эгер, алар суу сурашса, кызытылган май сыяктуу жүздөрүн күйдүрүүчү суу берилет. Кандай гана жаман ичимдик жана кандай гана жаман жай!» [18:29]

Берилгендик Аллахка, Анын Расулуна жана муминдерге гана болушу керек. Ислам – бул ар түрдүү тектеги жана өлкөлөрдөгү мусулмандар ортосундагы байланыш. Мусулман өлкөлөрү – бул жашоочулары Исламды кабыл алган, Ислам өкүмү жүргүзүлгөн өлкөлөр. Кийинчерээк бийлик кайры мусулмандарга өтүп кетсе да, ал жерлер мусулман өлкөлөрү болуп эсептелет. Кандайдыр бир аймактын жашоочулары ортосунда байланыш болгон мекен идеясы Исламга каршы келет. О.э. мекен жана мекенчилдик жөнүндөгү идея Батыштын тил бириктирүүсүнө кирет, Батыш ушул идеялар аркылуу Ислам аймагын элүүдөн ашык картон мамлекетчелерге бөлүп бекем кармап турууну көздөйт. Ал эми, бул мамлекетчелердин негизи Исламга каршы күрөшүү жана Ислам мусулмандардын турмушуна таасир кылышына жол бербөө болуп калды.

Аллах Таала айтат:

«Эй момундар, ыймандан куфрду абзел көрүшсө, ата-энеңерди жана ага-иниңерди (да) дос тутпагыла! Силерден ичиңерде кимде-ким аларды дос тутса, демек алар залимдер. Айткын: «Эгер, силерге ата-энеңер, балдарыңар, ага-иниңер, жубайларыңар, тууган-уругуңар жана кесип кылып тапкан байлыгыңар, өтпөй токтоп калуусунан корккон соодаңар о.э. жакшы көргөн үй-жайларыңар Аллахтан, Анын пайгамбарынан жана Анын жолунда жихад кылуудан кымбатыраак болсо, анда Аллах Өз буйругун келтиргенче күтүп тура бергиле. Аллах фасык коомду хидаят кылбайт» [9:23-24]

Мусулмандар ортосундагы байланыштыруучу нерсе – бул Аллахка жана Анын динине болгон ыйман. Ал эми, берилгендик Аллахка, Анын Расулуна жана муминдерге гана болушу керек. Эгер, ыйман болбосо, анда берилгендик да болбойт. Анткени, тууганчылык, байлык, үй-жай, жайыттар, талаалар ж.б. Аллахка, Анын Расулуна болгон сүйүүгө, Аллахтын буйругун аткарып, тыюу салган нерселеринен тыйылууга тең келе албайт. Ошону менен бирге, Ислам бул дүйнөнүн жыргалына тыюу салбайт, ал ар бир адам өз укугун алышы үчүн турмушту тартипке салууда анын мыйзамдарына амал кылууну буйруйт.

Аллах Таала айтат:

«Айткын: «Аллах пенделери үчүн чыгарган кооздук жана таза ырыскыларды ким арам кылды?». Айткын: «Алар дүйнө турмушунда ыйман ээлери үчүн, Кыямат күнүндө болсо жалаң гана өздөрүнө таандык». Билген коом үчүн аяттарыбызды мына ушундай ачыктайбыз» [7:32]

Мамлекет адамдардын кызыкчылыгына кам көргөн, аларды адамдар туура деп кабыл алган идеялар, критерийлер, ишенимдер аркылуу тартипке салган аткаруучу орган болуп эсептелет. Бул нерселер адамдардын дүйнө карашына барып такалат. Андыктан, Ислам акыйдасы Ислам мамлекети үчүн идеялык негиз болот, акыйдадан мыйзамдар, идеялар жана проблемалардын чечимдери келип чыгат. Дал ушул акыйда мамлекеттин кубатынын жана бекемдигинин сыры болот.

Ислам акыйдасы мусулмандарды бириктирет, байланыштырат жана бир дене кылат. Бул акыйда жана андан келип чыккан нерселер мусулмандардын турмушун жөнгө салат, аларга жашоо жөнүндөгү идеяларды, критерийлерди жана түшүнүктөрдү белгилеп берет. Алар исламий шахсияны жана исламий маданиятты башка шахсиялардан жана маданияттардан өзгөчө кылат. Мусулмандар башка калктардан айырмаланган бир Уммат, аларды Ислам акыйдасы жана идеялар байланыштырып турат. Дал ушул акыйда жана идеялар аклия жана нафсияга исламий түс берет. Ал эми, мусулмандардын арасында жашаган кайрымусулмандар Ислам мамлекетинин жарандары болуп эсептелет, ошону менен бирге, алар Умматка таандык эмес. Мусулмандар Расулуллах Aдын бул сөздөрүн ушинтип түшүнүшкөн: «… курайш жана Йасрибдеги момундар, аларды ээрчиген, аларга кошулган жана алар менен жихадга катышкан момундар… Алардын баары башка адамдардан өзүнчө бир Уммат».

Батыш бизге «мекен», «мекенчилдик», «улутчулдук» терминдерин тыгыштырганга чейин мусулмандар бир Уммат болуп жашап келишти. Негизи, Батыш бул терминдерден кутулууга умтулуп жатат, себеби алар Батыштын биримдигине тоскоол болот.

Мусулмандар бир жеңден кол чыгарып экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу Исламий жашоо таризин жандантып бул кордуктан чыгууга аракет кылышы зарыл эмеспи?! Себеби, Расулуллах адамзатты куткаруу жана куфрдун караңгылыгынан Аллахтын нуруна алып чыгуу үчүн Мадинада дал ушул ишти кылды го. Он үч кылым ушинтип уланды.

Оо Аллах, биз ишибизде жол берген күнөөлөрүбүздү жана ысырапкерчилигибизди кечир, бизге, ата-энелерибизге, мусулмандарга, тирүүлөргө жана өлүктөргө ырайым кыл. Мухаммад Aга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына саламдар болсун. Ааламдар Роббисине мактоолор болсун.

وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

«Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт»  [12:21]

Хизб-ут-Тахридин Борбордук басма сөз бөлүмүнө, Ибрахим Салама, хижрий 1440-жыл, 16-жумадул-ахир.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here