Европарламент Москвага каршы олуттуу чараларды көрүүгө киришүүдө

353
0

Европарламент Москвага каршы олуттуу чараларды көрүүгө киришүүдө

Европарламент Брюссель менен Москванын саясий алакалары туурасындагы резолюцияга добуш берди. Документте “Түндүк агым– 2” долбоорун токтотуу сунушу да бар.

Документтин текстинде “Түндүк агым–2” Евробиримдиктин Россиянын газына көзкарандылыгын күчөтүшү о.э. Европанын ички базарына коркунуч  туудурушу жана Евробиримдиктин энергетика саясатына же стратегиялык кызыкчылыктарына таптакыр туура келбестиги белгиленген.

О.э. персоналдык санкцияларды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу, Россия үчүн каржыга жана технологияларга жолду жабуу, Москваны мындан кийин стратегиялык өнөктөш деп эсептебөө чакырыктары бар.

Европа комиссиясына жана европа дипломатиялык кызматтарына “тез арада Евробиримдик үчүн жалпы болгон “Магнитский мыйзамы” боюнча мыйзамдарды иштеп чыгуу”  сунушталган.

Бул нерсе визалык чектөөлөргө жана даректүү санкцияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берери күтүлүүдө. О.э. тийиштүү санкциялык тизмени түзүү пландаштырылууда.

Документтин текстинде, Россия мындан кийин стратегиялык өнөктөш деп таанылбастыгы, себеби өнөктөштүк жана кызматташтык туурасындагы келишимдердин принциптери “аткарылбай жатканы” айтылган. Евробиримдиктин мүчөлөрүнө Москвага карата тышкы саясатын кайрадан карап чыгуу сунушталган.

Бул резолюциянын демилгечиси Европарламенттеги Латвиянын өкүлү депутат Сандра Калниете. Анын талабына ылайык, “эгерде Россия тараптан эл аралык укук бузуу улана берсе” Москвага карата чаралар колдонулушу керек.

Добуш берүүгө 402 депутат катышып, алардан 163 депутат каршы добуш берсе, 89 депутат бейтарап калган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here