Күч биримдикте, биригүүнүн негизи болсо ИСЛАМ

374
0

Күч биримдикте,  биригүүнүн негизи болсо ИСЛАМ

Ислам Үммөтү – бул жүздөгөн улуттар Ислам негизинде бириккен бир Үммөт. Анын күчү да, биригүү негизи да, эки дүйнө бактылуулугу да Исламда. Исламдан кыпындай алыстоо – бул кыйроо жана эки дүйнө дүйнө кордугу үчүн бир кадам болот. Үммөт душмандары ушул кадамдарды көбөйтүү үчүн тынымсыз аракет кылууда. Биригүүбүздүн негизи  болгон Исламга кайтышыбыздагы күчтү алар өтө жакшы билишет. Ошондуктан, бир гана АКШнын өзү Исламдан коргонуу үчүн 700 миллиард доллар каражат бөлүүдө. Ал башкалары канча бөлүп жатканын айтып отуруунун кажети жок.

Үммөттүн дагы кайрадан биригүүсүн бир элестетип көрүңүз, аянты, калкы, армиясы, алтын, күмүш, нефть, газ жана  башка баалуу кендери канча болот? Аскерий,  экономикалык  тармактардагы мүмкүнчүлүктөрүн ким кеңири сүрөттөп бере алат? Кимдин акылы жетет… Үммөт мурунку абалына кайтса кандай  мүмкүнчүлүктөргө ээ болот? Негизи, сиз ошол өлкөнүн жаранысыз, ал тургай Исламдан чыгып жаткандар да ошол улуу Үммөттүн  өкүлдөрү, бирок, куфр көздөрүн көр кылып койгондуктан алар тарыхты, акыйкаттарды көрбөй калып, куфрдун айла-амалына алданып калган бечаралар болуп эсептелишет.  

Мына ушул нерсе куфрдун тынчын алууда жана малай акимдерди эч  нерсеге карабастан –кониституция, идеология жана адамгерчиликке карабастан – Ислам жана мусулмандарга тынымсыз каршылык кылууга  о.э. айла-амалдарды кылууга үндөп жатат. Исламга байланышы бар болгон аз гана нерсеге (миаслы: жаш кыздардын жоолугуна)  каршы күрөшүүнү кандай мыйзам, идеология же конституция актайт…

Жетекчилерибиз да, орган кызматкерлери да Исламга кайтышыбызды каалашат. Эч бири  каршы каршы эмес.(Туура, ата-теги анык болбогон, Үммөттүн  өкүлү экени тан алынбаган айрым Ислам Каримов сыяктууларды кошпогондо.) Буга Кыргызстан президентинин сот кызматкерлери адилеттүү болушпаса эки дүйнөдө шерменде болушуна хадистен далил келтиришин мисал кылып келтирүүгө болот. Бирок, биздин биригип кетишибизди – жогоруда айтканыбыздай – куфр таптакыр каалабайт. Ал тургай, ушул чачыранды абалыбызда да Исламга кайтышыбыз алар үчүн проблема болууда. Бул болсо, Орто  Азиянын тез арада биригүүсүнө алып барат. Анда биздин үстүбүздөн каалаганын кыла албай калышат. Күндөн-күнгө  күчөп,  мүмкүнчүлүктөрүбүз көбөйүп барат. Ислам негизинде бириксек, Исламга амал кылууга олуттуу киришсек Россия, Кытай  жана башкасы эсептешүүгө мажбур болот. Ушул жерде бир суроо, муну ким каалабайт жана буга ким каршы? Ушундан келип чыгып, биздеги келишпестиктерди күчөтүп жаткан, фитналарды уюштуруп жаткан мына ошолор экендигин түшүнөбүз.

Обама Афганистандан чыгып кетүү чечимин кабыл алганда ушул иштерге ишара кылып, эми биз аскерий күчтөрүбүздү тынчтыкты көзөмөлдөө үчүн пайдаланабыз деген эле. Башкача айтканда,аскерий каршылык  көрсөтүүдө Иракта да, Афганистанда да шерменде болушту. Заманбап курал-жарактары туруп да жеңилип калышты. Ислам саясий майданга кайтып келиши менен андан дүйнө жетекчилигин тартып алат. АКШ бул нерсени жөн гана күзөтүп тура албайт. Биз мурунку абалыбызга кайтып, алардан  жетекчиликти алып койбошубуз үчүн фитналарды уюштуруп, ич ара жаңжал чыгарууда ал Россия менен бирге. Ошондуктан, алар ич ара жаңжал чыгарууну, фитналарды  уюштуруп, Үммөттү бири-бирине каршы коюуну пландаштырууда. Ошол себептен улам, Сирияда да аскерий жактан Россия жана Түркиядан пайдаланышты. Алар ар дайым ички жаңжалдарды күчөтүү үчүн себептерди издеп жүрүшөт.

Өзбекстанда да диний келишпестиктер натыйжасында талаш-тартыштарды пайда кылмакчы болушууда. Кыргызстанда болсо, диний жана улуттук жаңжалдарды чыгарып, Үммөттү өз Исламын, Аллах Тааланын турмуш жөнүндөгү мыйзамдарын үйрөнүүдөн чалгытууга аракет кылышууда. Биз ошолор көтөрүп чыгып жаткан, бирер мазхабга жана акылга туура келбей турган беймаани буйруктарды талкуулоону токтотуп, Исламдын  башкаруусу кандай болушун, экономикасын, ижтимаий түзүмүн, айрыкча “муфтияты” кандай болушун Расулуллох с.а.в.дын жашоосуна салыштырып, сахих ижтихаддан үйрөнүүгө олуттуу киришсек, Кыргызстандын ичинде бөлүнүүлөрдү каалап жаткан куфрдун планы жокко чыгат. Мына ошондо биз мурунку биримдикке, күчтүү мамлекет болууга о.э. алдырып койгон жетекчилигибизди кайтарууга олуттуу кадам таштаган болобуз. О.э. ушул иш аркылуу бирөөлөрдүн көңүл ачуу үчүн талаштыра турган дөбөттөрү эмес, Орто Азиядагы улуу инсандардан, саясий пешкадамдардан, Исламга таандык жетекчилерден болобуз, инша Аллах.

Исламды кыянатчы имамдардан үйрөнүү мүмкүн эмес, алар паскечтиги себептүү ыйманын жалган дүйнөнүн арзыбаган кызыкчылыгына сатып жиберишет. Исламды куфрдун каалоосуна, жийиркеничтүү саясатына ылайыкташтырып баарыбызды алдоого аракет кылышат. Бирок – Аллахка алкыш-мактоолор болсун – таква боордошторубуз жетиштүү. Алар олуттуу үйрөнүшүбүзгө карап, Аллах Тааланын турмуштун бардык тармагына, ал тургай, ар бир окуяга тиешелүү өкүмдөрүн жеткирүүгө аракет кылышууда. Алар Аллах Тааланын ыраазылыгынан жана бейишинен үмүттөнүп, жаманатты кылуучунун жаманатты кылуусуна көңүл бурбастан, залимдердин зулумунан коркпостон, куфрга каршы акыйкатты ашкере кылып жатышат. Аллахка алкыш-мактоолор болсун, алар күндөн-күнгө көбөйүп, илимдери, акыйкатты ашкере кылуудагы кайраттары күчөп жатат. Туура, кээде акыйкатты табуу кыйын болот, айрыкча, бүгүнкү күндө адаштыруучу түшүнүктөр көбөйгөн бир учурда адашып кетүү оңой эле. Бирок, мунун дабасы бар. Куран жана хадисте бардык нерсе баяндалган. Сахих ижтихаддар жетиштүү. Пайгамбарыбыз с.а.в.:

«بَادِرُوا بِالأَعْمَالِ فِتَنًا كَقِطَعِ اللَّيْلِ الْمُظْلِمِ يُصْبِحُ الرَّجُلُ مُؤْمِنًا وَيُمْسِي كَافِرًا,

 وَيُمْسِي مُؤْمِنًا وَيُصْبِحُ كَافِرًا يَبِيعُ دِينَهُ بِعَرَضٍ مِنْ الدُّنْيَا»

«Зулматтуу түндүн караңгылыгы сыяктуу фитналар келишинен мурда амалдарды аткарып калууга шашылгыла. Ал фитнада киши момун абалда таң атырып, кечке барып кафир болот, момун абалда кеч киргизип, таңга барып кафир болот, динин арзыбаган дүйнө матасына сатып жиберет», – деген. Бул хадисти Муслим Абу Хурайрадан риваят кылган.

Рахмат кылып жиберилген Пайгамбарыбыз с.а.в. дагы: “Мен силерге эки нерсени калтырдым, эгерде ошол эки бекем жабышсаңар эч качан адашпайсыңар. Ал эки нерсе Аллахтын Китеби жана Расулунун Сүннөтү”, – деген. Бул хадисти имам Малик Муватта китебинде келтирген.

Гариб. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here