Дүйнөдөгү соода согушу Казакстан экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн

242
0

Дүйнөдөгү соода согушу Казакстан экономикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн

Дүйнөдөгү ири мамлекеттер ортосундагы соода согушу Казакстандын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Казакстан Улуттук экономика министри Тимур Сулейменов маалымат жыйынында айтып өттү.

Сулейменовдун айтымында, ири мамлекеттер ортосундагы соода согушу Казакстандын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизишине карабастан, Казакстан өкмөтү 2025-жылга чейин экономикасы өнүккөн мамлекеттер менен салыштыруу мүмкүн болгон деңгээлге жетүүнү көздөп жатат. Анын айтымында, Казакстан дүйнөдө өнүккөн 30 мамлекеттин катарына кирүү үчүн 2025-жылга чейинки стратегиялык өнүгүү долбоорун кабыл алган.

“Биздин негизги максатыбыз 2025-жылга чейин Кызматташтык жана өнүгүү уюмуна мүчө мамлекеттер менен салыштыруу мүмкүн болгон жогорку жашоо деңгээлине, сапаттуу жана туруктуу экономикалык өсүшкө жетүү», –  деди Сулейманов.

Туризм, саламаттыкты сактоо, билим берүү, соода, транзит жана космостук кызматтар сыяктуу экспортко ылайыктуу кызматтарды өнүктүрүүгө көңүл бурулушун билдирген Сулейменов, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында казакстандык 33 экспортчуга 26,5 миллиард теңге жардам берилгендигин, бул болсо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге көп экендигин баса белгиледи.

О.э. Сулейменов быйыл май айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен, Кытай жана Иран менен түзүлгөн соода-экономикалык кызматташтык келишимдерин да эске салып өттү.

“Кытай менен түзүлгөн келишимдер товарлар, анын ичинде даяр продукциялар соодасын көбөйтүүнү камсыздайт. Иран менен түзүлгөн келишим болсо, Иран базарына кирүү шарттарын жакшыртат”, – деди Казакстандын Улуттук экономика министри.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here