Кытай баскынчылыгына каршыбыз!!!

288
0

Кытай баскынчылыгына каршыбыз!!!

Кыргызстан акыркы апта ичинде баскынчы Кытай өкмөтүнүн делегацияларынан бошобой калды. Алгач, кытайлык тарыхчы-окумуштуулар кыргыз тарыхын үйрөнүү үчүн келген болсо, андан соң, Кытайдын дин иштери боюнча комитети Кыргызстандагы диний кырдаалды үйрөнүү жана өз сунуш-пикирлерин билдирүү үчүн келишти. Алар Кыргызстандан кете элегинде аскерий делегациясы келип, аларды президент кабыл алды. Кытай делегациялары эмне себептен Кыргызстанга тынымсыз каттап калды?

 2018-январь айындагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 624 миллон долларга жетти. Бул карыздын негизги бөлүгү,  башкача айтканда 1 миллиард 711 миллион доллары Кытайдан алынган карыз. Кыргызстан бул карызды 2024-жылдан баштап төлөй башташы керек. Ал эми Кыргызстан экономикасынын бүгүнкү абалы муну көтөрө алабы же жокпу, белгисиз. Кытай болсо берген карызын акчалай эмес, жер жана кен-байлыктар түрүндө кайтарып алууга кызыкдар.

 Кытайдын бул баскынчылык долбооруна каршы болгон жана Кытайга Кыргызстандын ички иштерине аралашуусуна шарт түзүп берип жаткан расмий бийликтин аракеттеринен тынчсызданган кыргызстандык мусулмандар “Биз Кытай баскынчылыгына каршыбыз” деген аталыштагы акция уюштуруп, Кыргызстан эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүнүн келечегине кайдыгер карабаган адамдарды ушул акцияга кошулууга чакырышууда!!!

 Баарыбызга белгилүү болгондой, кудайсыз Кытай өкмөтү ондогон жылдардан бери Чыгыш Түркстандагы мусулман уйгур боордошторубузду куугунтуктап, камакка алып, үй-жайынан мажбурлап көчүрүп, диний ибадаттарына тыюу салып келүүдө. Кытай өкмөтү муну менен эле чектелбестен, уйгур мусулмандарынан доңуз этин жеп, арак ичүүнү жана динден кайтууну талап кылып, муслима карындаштарыбызды  нажас хань кытайлары менен турмуш курууга мажбурлай баштады. Миллиондогон уйгур боордошторубузду атайын түзүлгөн “кайрадан тарбиялоочу” концлагерлерине таштады жана жүздөгөн мусулмандарды жок кылды… Дүйнөлүк куфр системасы жана эл аралык коомчулук Кытайдын бул иштерин көрмөксөн болуп жаткан болсо, ал эми мусулман өлкөлөрдүн башчылары сүкүт сактоо менен ыраазылык билдиришүүдө.

 Эй, мусулмандар!

Ибн Умар разияллоху анхудан риваят кылынат:
 Расулуллох соллаллоху алайхи ва салламМусулман – мусулмандын боордошу. Ага зулум да кылбайт, аны тек таштап да койбойт. Кимде-ким боордошунун кажетин чыгаруу жолунда болсо, Алла анын кажетин чыгаруу жолунда болот, кимде-ким бир мусулмандын капалыгын таркатып жиберсе, Алла кыямат күнүндө анын бир капалыгын таркатып жиберет, кимде-ким бир мусулмандын айыбын жапса, Алла кыямат күнүндө анын бир айыбын жабат, – деди. (Бухарий жана Муслим риваяты).

Кудайсыз Кытай өкмөтү уйгур боордошторубузга карата ишке ашырып жаткан кыргындарды унчукпай күзөтүп туруу, буга кайдыгер мамиледе болуу биз үчүн арам! Биз мүмкүнчүлүктөрүбүздү ишке салып, расмий өкмөттөрдөн Кытайга басым өткөрүүнү, аны менен соода-сатык иштерин жана ар кандай мамилени токтотууну талап кылалы . О.э. уйгур боордошторубуздан ыплас колдорун тартышын талап кылалы!!!

Уйгур боордошторубузга жардам берели!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here