Германия Сирияга берилүүчү авиа соккуларга кошулушу мүмкүн

263
0

Германия Сирияга берилүүчү авиа соккуларга кошулушу мүмкүн

Германиянын Коргоо министрлиги АКШ, Британия жана Франциянын Сирияга бере турган соккуларына кошулуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу “Коммерсантъ” кабарлады.

Германиянын “Bild” гезитинин маалыматына ылайык, АКШ Германияга авиа соккуларды ишке ашырууда катышуу сунушу менен кайрылган.

Германия аскерий-аба күчтөрү тарабынан Сирияга соккуларды берүү мүмкүнчүлүгү эки өлкө делегацияларынын өткөн аптадагы жолугушуусунда талкууланган. Алар талкуулаган варианттардын арасында Сирия армиясы жайгашкан чекиттерге авиа соккуларды берүү о.э. чабуулдун натыйжасына баа берүү үчүн разведкалык учууларды ишке ашыруу да бар.

Операцияларда Германиянын “Торнадо” аскерий учактары катышуусу мүмкүн. О.э. алар Сирия кошуундарынын аскерий инфраструктурасын, анын ичинде, авиабазаларды, командалык пункттарды о.э. ок-дары сакталуучу кампаларды бутага алышы мүмкүн.

Буга чейин, Башар Асаддын Идлибдеги согушкерлерге каршы хлор колдонууга уруксат бергендигине ишара кылуучу маалыматтар америка разведкасына келип түшкөн. Ушуга байланыштуу, Пентагон ыктымалдуу жооп даярдоодо, а бирок Дональд Трамп ал качан болору тууралуу чечим кабыл ала элек. Ошого карабастан, эгерде Вашингтон сокку берүүгө токтом кылса, ал мурункулардан бир топ күчтүү болору күтүлүүдө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here