Эрдоган АКШда “урматтуу досу” менен жолугушту

267
0

Эрдоган АКШда “урматтуу досу” менен жолугушту

Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышуу үчүн АКШга барган Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган Нью-Йорктогу “Lotte New York Palace” мейманканасында “урматтуу досу” Дональд Трамп менен жолугушту. Эки достун маеги болжол менен бир саатка созулду.

Жолугушуунун маалымат каражаттарына ачык болгон бөлүгүндө Түркия президенти Эрдоган билдирүү берип, “урматтуу досу” Трамп менен бир нече маселелер боюнча  кеңеше тургандыгын билдирди. О.э. ал үчүн убактысын аябаган Трампга ыраазылык билдирди.

“БУУнун башкы ассамблеясына катышуу үчүн Америкага келгенде урматтуу досум Дональд Трамп менен бүгүн делегациялар аралык жана өз ара жолугушууларды өткөрөбүз”,“Мен ишенемин, керек болсо Америка-Түркия карым-катнаштары, керек болсо аймактык абалдар, дүйнөдөгү башка темаларды кароо мүмкүнчүлүгүн табабыз. Мен да бул мүмкүнчүлүккө ээ болгон үчүн ага (Трампка) чоң рахматымды айтамын”, – деди Эрдоган.

Мусулмандардын ашынган душманы болушуна карабастан, Эрдоган “урматтуу досум” деп атаган Трамп да жолугушуудан кийин кыскача билдирүү берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here