Өзбекстан менен Россия терроризмге каршы күрөштө маалымат алмашууну күчөтөт

250
0

Өзбекстан менен Россия терроризмге каршы күрөштө маалымат алмашууну күчөтөт

 “Sputnik” агенттигинин кабарына  таянсак, Россия менен Өзбекстандын коопсуздук жана укук коргоо органдары терроризм жана экстремизмге каршы күрөштүн алкагында маалымат алмашууну күчөтөт. Бул тууралуу РФ Коопсуздук кеңеши катчысынын орун басары Рашид Нургалиев билдирген.

 Шаршемби күнү Ташкентте Россия-Өзбекстан коопсуздук боюнча консультациялары болуп өттү. Аны РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев жана Өзбекстан президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов өткөрдү.

 Нургалиев : “Консультациянын жүрүшүндө Шавкат Мирзиёевдин Москвага сапары бардык багыттар боюнча, ошону менен бирге коопсуздук багытында да эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө жаңы түрткү болгону баса белгиленди. Россия менен Өзбекстандын министрликтер жана мекемелер деңгээлиндеги алакасы активдешти. Ошол себептен улам, бүгүн Өзбекстан менен Россиянын коопсуздук тармагындагы мамилесинин келечеги талкууланды”, – деди.

 О.э. эки мамлекеттин министрлик жана мекемелеринин ыкчам маалымат алмашуу, терроризм жана экстремизмге каршы күрөштө маанилүү болгон абалдар туурасында маалыматтарды сунуштоо иштерин активдештирүү назарда тутулгандыгын айтып өттү. Бул багыттагы кызматташтык КМШ жана ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрликтери кеңешинин форматында уланат.

 “Борбор Азиядагы абалды талкуулап жатканыбыздын себеби, ушул региондо кырдаал татаал бойдон калууда. Региондо коопсуздуктун камсыздалышына Афганистандагы кырдаал таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнө Сирияда террордук уюмдардын катарында согушкан согушкерлер кайтып келүүдө. Алар жашыруун ячейкаларды түзүп жатышат. Алар каалаган убакта террордук аракеттерин башташы мүмкүн”, – деп кошумчалады Нургалиев.

Сүйлөшүүлөр учурунда эки тараптын пикирлери бирдей экендиги белгилүү болгон. Эң негизгиси, келечекте кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жүз берген проблемаларды ыкчамдык менен чечүүгө даяр экендигин билдиришти.

Өзбекстан менен Россиянын коопсуздук кеңештеринин эксперттери жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууга келишип алышты.

Туркистон:

АКШда болуп өткөн БУУнун башкы ассамблеясынын 72-сессиясында Батыштын саясий элитасы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди жакшы маанай менен тосуп алды. АКШ Өзбекстандын Коопсуздук кызматынын жетекчиси Инаятовду кара тизмегег киргизгендигин жарыя кылуу менен, Мирзиёев тарапты колдоого даяр экендигине ишара кылды.

Өзбекстан президенти мамлекеттеги реформалык аракеттерди бир нече жыл алдыга ылдамдатып жиберип жаткандай, бир катар саясий, финансылык жана экономикалык кадамдарды таштап жиберди. Анын бул кайраттуулук менен тобокелге салып ишке ашырып жаткан реформалык аракеттеринен улам, Батыш дүйнөсү да, Россия тарап да мамиле билдирүүгө шашып калды. Эки тарап тең президенттин позициясын, стратегиялык пландарын түшүнүп жетүүгө үлгүрбөй, андан кооптоно башташты. Мындан тышкары, Мирзиёевдин реформалык аракеттерине каршы негизги оппонент болгон Инаятовдун оор дартка чалдыкканы тууралуу айтылууда.

Албетте, Өзбекстанды өзүнүн колониясы деп билген Россия ал жердеги абалга кайдыгер карап турбайт. Патрушевдин сапары да мамлекеттин стратегиялык позициялары Россия менен бирге экендигин текшерүү максатында уюштурулган. Өзбекстандагы саясий элитанын ортосунда өтө чоң жарака пайда болуп,  кырдаал өтө начар жана кескин абалда турат. Россия бул абалга таасир өткөрө алышы мүмкүн. Т.а. ал Патрушев аркылуу Мирзиёевдин системасына каршы Коопсуздук кызматын колдоп жибериши мүмкүн экендигине ишара кылууда. Бул болсо, ал тургай аскерий төңкөрүшкө чейин алып барышы мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here