Атамбаев: Атка минерлер коомчулуктан чоочулап калды

314
0

Атамбаев: Атка минерлер коомчулуктан чоочулап калды

 Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында  “Time” журналынын баяндамачысы,  саясат таануучу, “Eurasia Group” изилдөө борборунун Иэн Бреммерге интервью берген.

 Кабарда келишинче, Атамбаев мамлекеттин тышкы саясий багытын ишке ашыруудагы стратегиялык өнөктөштөр менен мамилелерди өнүктүрүүдөгү негизги приоритеттер туурасында айтып берген. Ал “Time” журналынын баяндамачысынын диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөштө көрүлүп жаткан чаралар, Кыргызстанда демократияны мындан ары да бекемдөө жана  АКШ менен мамилелерди чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндөгү суроолоруна жооп берген.

Атамбаев: “Биз өлкөдө тынчтыкка, ынтымакташтыкка жана туруктуулукка жетиштик. Ушул жылдары  адамдарда  келечекке  ишенимин ойгото алдык. Адамдар башкача болуп өзгөрдү, биз аларга миң жылдык тарыхыбызды эске салып, адамдардын улуттук аң-сезими ойгонду. Адамдар өлкөнүн тагдырын өздөрү чечиш керек экендигин  түшүндү. Аны үчүн биз  жыйынтыкты будамайлоого жол бербеген биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен таза шайлоолорду өткөрдүк.   Атка минерлер, бийлик коомдук пикирди урматтап, андан чоочулап калышына жетиштик”, – деген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here