АКШ эсептөө палатасынын мурдагы жетекчиси: АКШнын карызы 18 трлн эмес, 65 трлн долларга барабар

268
0

“кun.uz” сайтынын The Hill басылмасынан цитата келтирип кабар беришинче, АКШ эсептөө палатасынын мурдагы жетекчиси Дэвид Уокер АКШнын мамлекеттик карызы жарыя кылынгандай 18,5 трлн доллар эмес, түпкүлүгүндө болжол менен 65 трлн долларды түзө тургандыгын билдирген.

Уокер АКШнын бардык камсыздалбаган милдеттеринин суммасын эсептеп чыгып ушундай пикирге келген.

“Эгерде сиз бул 18,5 трлнго камсыздалбаган жарандык жана аскерий пенсия о.э. отставкадагы аскерийлерди камсыздоо боюнча милдеттер, социалдык камсыздандыруу жана мамлекеттик медициналык камсыздандыруу тармактарындагы кошумча каржыланбагандык, түрдүү милдеттер жана федералдык өкмөттүн назарда тутулбаган чыгымдарын кошсоӊуз, чыныгы цифра болжол менен 65 трлн долларды түзөт жана реформалар жоктугунан бул эсеп автоматтык түрдө өсүп барат”, – деп айтты Уокер.

Билл Клинтондун тушунда АКШнын Эсептөө палатасын башкарган Уокердин айтымында, АКШнын өсүп бара жаткан улуттук карызы ички жана тышкы саясаттагы ал же бул демилгелерди ишке ашырууга тоскоолдук кылууда.

АКШ конгресси тарабынан кабыл алынган 2016-жылдын бюджетине ылайык, АКШ мамлекеттик карызынын лимити 2017-жылдын март айына чейин автоматтык түрдө көтөрүлүп барат. The Washington Times басылмасынын жазышынча, Обама президенттиги доорунда АКШнын мамлекеттик карызы 2 эсеге көбөйгөн. Басылманын божомол кылышынча, учурдагы президент АКШны 20 трлн доллар карыз менен калтырат.

Туркистон:

АКШнын карызы алтында эмес долларда. Доллар болсо, АКШнын эле эмес, бүт дүйнөдөгү мамлекеттердин өз ара мамилесинин негизги өлчөөсү болуп эсептелет. Азыр, керек болсо алтын да доллар менен баалана турган сырьёго айланып калды.

Демек, АКШнын доллары дүйнөлүк экономиканын айырбаштоодогу негизги валютасы болуп эсептелет. Доллардын кунсузданышы же тескерисинче кубаттанып барышы, бай мамлекеттерде финансылык же экономикалык дисбаланстарды пайда кылышы мүмкүн. АКШ өзүнүн дүйнөдөгү саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын ишке ашырууда доллардын ушул деӊгээлинен курал катары пайдаланып келет. Мисалы:  2001-жылы 11-сентябрь окуясынан кийин АКШ Афганистанга согуш ачууга ыктыяр кылды. Ошондо БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болгон Франция башчылыгындагы Россия жана дагы бир катар жетекчи мамлекеттер АКШ бул согушка үчүн түзмөкчү болуп жаткан коалицияга каршылык көрсөтүп, Коопсуздук кеңешинде бул согушка каршы вето коймокчу болушту. АКШ буларга каршы долларды дүйнө жүзүндө 30% га кунсуздандырып жиберди. Натыйжада каршылык көрсөткөн бардык мамлекеттер коалицияга мүчө болушту. Себеби, доллардын кунсузданышы Европа мамлекеттеринин экспорт кылынып жаткан товарларын дээрлик токтотуп коёт. Бул жүздөгөн ишканалардын банкрот болушуна жана алардын мамлекетке саясий басымдарды өткөрүшүнө алып барат ж.б.у.с…

Демек, АКШ азыр өзүнүн карызын өз колундагы басма машиналар аркылуу басып чыгаруу менен төлөй баштаса, бай жана жетекчи мамлекеттердин өздөрү бул ишке каршылык көрсөтүшөт. Себеби, бул дагы кайрадан ар түрдүү экономикалык бороондорду пайда кылышы мүмкүн. Экспорт жана импорт ортосундагы дүйнөлүк же региондук дисбаланстарды пайда кылат.

Ошондуктан, АКШ өзүнүн карыздарын чуулгандуу көрүнүштө жарыя кылат. Себеби, чындыгында анын өзү өзүнөн карыз деп айтууга болот. АКШнын өзүн жана дүйнөнү башкаруудагы бул финансылык абалы, өтө кооптуу жана проблемалуу абал. Бирок, ал башка тема.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here