Орус офицерлеринин моюнга алуусу

276
0

АКШ Сириядагы пландары ийгиликсиздикке дуушар болгон соӊ, бул ишке Россияны тартууга мажбур болду. Ошондон кийин орус кошуундары ИШИМди шылтоолоп, расмий түрдө Асад кошуунунун сабында туруп, ИШИМди эмес, карапайым калкка жана Асадды сарсанаага салып койгон мужахиддерге абадан чабуул кыла баштады. Арадан кыска убакыт өткөн соӊ бир топ чыгымдарга дуушар болду.

Россиянын бул аракеттерине көптөгөн саясатчылар тарабынан, ошону менен бирге орус саясатчылары тарабынан да “өтө чоӊ ката” деген баа берилүүдө. Орус офицерлери Сириядагы согушка кирген Россия армиясы “экинчи Афганистан” баткагына батып калышынан тынчсызданып жаткандыгын билдиришти.

Ушул күндөрдө Россиянын маалымат каражаттарында таркаган кабарларда айтылышынча, Сирияда согушуп жаткан орус офицерлери аскерий самолёттор жардамында бомба чабуулдарын ишке ашыруу менен бирер натыйжага жетишүү болбостугун билдирип жатышат. Алардын кээ бирлери болсо Россиянын Сирия жеринен артка чегиниши эң туура чечим болушун айтып жатышат.

Аскерий адистер Асад армиясы ийгиликке жетишүүсү үчүн Башар Асаддын көзөмөлүндө болгон ар бир чекитке курал-жарактар жана атайын аскерий топтор жайгаштырылышы керектигин баса белгилеп жатышат. А бирок алардын айтымында, учурдагы шартта мунун таптакыр мүмкүнчүлүгү жок. Бирок ошондой болсо да, окуянын агымына караганда, Путин башчылыгындагы өкмөт Сириядан чегинүү ниетинде эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here