Эрдоган Ататүрктү сый-урмат менен эскерди

308
0

Англистердин колдоосу менен Халифалык мамлекетин кулатып, анын ордуна Түркия республикасын тикелеген Мустафа Кемел Ататүрктүн өлгөндүгүнө 77 жыл толгондугуна байланыштуу Аниткабир мавзолейинде расмий иш-чара уюштурулду. Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган башчылыгында уюштурулган ырасымда Түркиянын премьер-министри Ахмад Давутоглу, “Республикалык элдик партия”нын жетекчиси Кемел Кылычдароглу сыяктуу мамлекеттик кызматкерлер о.э. министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана армия командачылары катышышты.

Ырасымда сөз сүйлөгөн Эрдоган Ататүрктү көккө көтөрүп мактап, анын аманаты болгон Түркия республикасын “ата-бабалардан алган күч” менен дагы да күчтүү кылуу жана гүлдөтүү үчүн бар болгон күчүн жумшай тургандыгын билдирди. Анын айтымында, Түркия демократия жолунда, айрыкча акыркы 13 жылда, өтө маанилүү аралыкты басып өткөн.

Иш-чаранын соӊунда президент Эрдоган жана бардык катышуучулар “Misak-ı Milli” сепилине өтүштү. Ал жерде Эрдоган Аниткабир мавзолейиндеги Ататүрккө таандык эскерүү дептерине өз мамиелесин билдирип, кол койду. (Наалаты Ататүрктүн мүрзөсү мына ушул Аниткабир мавзолейинде жайгашкан).

Эрдоган Ататүрккө таандык эстелик дептерине төмөнкү саптарды жазып калтырды:

“Азиз Ататүрк! Көз жумгандыгыӊызга 77 жыл болгондугуна байланыштуу сизди куткаруу  согушунун башкы командачысы жана республикабыздын негиздөөчүсү катары дагы бир жолу урматтоо менен эскерип жатабыз. Республикабыздын пайда болушуна 92 жылды артта калтырган бул доордо сиз бизге көрсөткөн заманбап маданияттын эң жогорку баскычына көтөрүлүү максатында бар болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Ички жана тышкы зыянкечтерге карабастан, республикабыздын 100 жылдыгы болгон 2023-жыл үчүн алдыга койгон максатка жетишүү менен керээзиӊизди ишке ашырабыз. Ошого байланыштуу сиз жана куралдаштарыӊыз менен биргеликте бардык шейиттерибизге Аллахтан рахмат тилеймин, гозийлерибизге ыраазылык билдиремин. Түркия республикасы түбөлүккө турат, рухуӊуз шат болсун”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here