Россиянын Санкт-Петербург шаарында 5 айлык наристе рейддин курмандыгы болду

255
0

Россиянын Санк-Петербург шаарында мигранттарды текшерүү рейдинин натыйжасында 5 айлык Умар Назаров  дүйнөдөн кайтты. Анын энеси Заррина Назарова Россия федерациясында мыйзамсыз жүргөндүгү себептүү айыптуу деп табылды. Эми анын ыктыярында 15 сутка гана бар жана Заррина ушул убакыттын ичинде Россиядан чыгып кетиши керек. Баланын атасы Расул Назаровдун айтымында,   анын уулу кечээ Цимбалин ооруканасында көз жумган. Аны бул ооруканага  Адмиралтейский районуна караштуу полиция  бөлүмүнөн алып барышкан. Маалыматтарга  ылайык, 2 күн мурда  текшерүү жараянында  Назаровдордун үй-бүлөсү полиция бөлүмүнө алып барылган. Натыйжада Заррина Назарованын убактылуу жашоо жана иштөө туурасындагы документи жоктугу аныкталган. Ушуга ылайык, ал  Россиядан  кыска  мөөнөттө чыгып кетүүгө буюрулган. Ушул убакыттын ичинде Заррина эмчектеги баласынан башка абалда кармалып турган. Умарга чоӊ энеси алып келген сүттү да беришпеген. Бөбөктүн абалы оорлошуп калгандан кийин аны ооруканага алып барышкан.

“Бизге саат 12.15те телефон чалып “балаӊар оору себептүү өлдү“ деп айтышты. Күтүүсүз кабардан улам эсимди жоготуп койдум. Аялым Зарринанын  абалы өтө аянычтуу. Аны кантип жубатууну билбей жатам. Акыры балабыз сопсоо төрөлгөн эле жана ушул кезге чейин бир жолу да ооруган эмес”, – деди Расул Назаров.

Ания Батаева аттуу журналисттин айтымында,«Россия мыйзамына ылайык Заррина баланын коляскасы, оюнчуктары жана кийимдерин өзү менен алып кетүүгө укуктуу. А бирок, бул нерселердин ага эмне кереги бар. Баары бир бала жок, аларды ким ойнойт… .». РФнын балдардын укугун  коргоо боюнча жооптуусу Павел Астахов РФ Башкы прокуратурасынан жана РФ ИИМинен   наристенин өлүмү себептерин аныктоону талап кылды.

Бул окуя тажик мигранттары арасында өтө чоӊ ызы-чууга себеп болду. Тажикстандын Россиядагы элчиканасы  алдында  нааразылык митинги уюштурулду. Өкмөттөн баланын өлүмүнө тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу талап кылынды. Эми Тажикстандын өзүндө да бул окуяга карата катуу нааразылыктар пайда болууда. Россияда болсо   нааразылык толкунун токтотуу максатында ИИМ тарабынан мигранттарды тинтүү, үйлөрүнө иттер менен бастырып кирип, коркутуу иштери жүргүзүлүп жатат. Тажик мигранттары Тажикстандын Россиядагы элчиканасына чара көрүү жана  кылмышкерлерди аныктап жазага тартуу талабы жазылган кайрылууну тапшырышты. Бирок, күтүлгөндөн башкача натыйжа жүз берип, тажик элчиканасынан: “Бизге Россия өкмөтү көп жакшылыктарды кылууда, эми бул арзыбаган жагымсыз окуя себептүү бул мамлекет менен мамилебиз начарлашына жол бере албайбыз”, – деген жооп келди.

Мындан бир жарым жыл мурда Заррина Назарова тукумсуздуктан дарылануу үчүн Россияга  келип, көпкө күткөн наристе үстүбүздөгү жылдын 20-майында Аллахтын буйругу менен ддүйнөгө келген. Ал эми бул айыпсыз наристе да  маъсум Айлан сыяктуу эле батыл, ырайымсыз режимдин курмандыгына айланды.

Мунаввара.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here