АКШ тышкы иштер министрлиги Сирия президенти Башар Асад дароо кызматын таштоого мажбур эместиги тууралуу дагы бир жолу билдирүү берди. Министрликтин билдиришинче, Вашингтон Асаддын өткөөл мезгилдин курамынан орун алышы зарыл экендиги жөнүндө ойлонуп жатат.
Өткөөл мезгил канча убакытка уланышы жөнүндө берилген суроого АКШ тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Марк Тонер ачык жооп бербеди.
“Ал үчүн анык бир убакытты айта албаймын. Эки апта, эки ай, алты ай уланат деп айта албаймын”, “АКШ согуштарды токтотуу үчүн саясий чечим издеп жатат”, – деди Ак үйдүн маалымат катчысы.
Өткөөл мезгилдин кечигишинде Россияны айыптаган Тонер АКШ дагы деле өткөөл мезгилдин башталыш чекитинде тургандыгын билдирди.
АКШнын кабак-кашын карап сүйлөй турган Түркия өкмөтү да Асаддын өткөөл мезгил курамынан орун алышына ыраазы экендигин билдирди. Түркияда чыгуучу “Хуррият” гезитинин журналисти Верда Озердин атын ачыктоону каалабаган мамлекеттик жооптууга таянган абалда жазышынча, Асаддын бийликте калышы бүгүнкү күндө Түркиянын маанилүү маселесине айланган.
О.э. Озердин жазышынча, АКШ башчылыгында түзүлгөн коалицияга мүчө мамлекеттер да Сирия өткөөл мезгилинде Асад да катышуусу туурасында бир пикирде экендигин билдиришкен. Ошол мамлекеттердин дааба кылышынча, Асад алты айдын ичинде бардык ыйгарым укуктарын убактылуу өкмөткө тапшырат.
Иракта чыгуучу “Заман” гезити Сирия өткөөл мезгилинде Асаддын да орду болушун Саудия да кабыл алгандыгы тууралуу кабар таркатты. Кабарда айтылышынча, Саудия тышкы иштер министри Адил Ал-Жубайр Саудия өкмөтү Асаддын бийликте калышын кабыл алгандыгын билдирген.