Асаддын досу Сириядан кийин Түркияда

303
0

Сирия сапарынан кийин Стамбулга келген БУУнун Сирия маселеси боюнча өкүлү Де Мистура Сирия улуттук коалициясынын жетекчиси Холид Хожа менен жолугушту. Жолугушууда Холид Хожа БУУнун планы Халабды эле эмес, бардык регионду өз ичине алышы керектигин билдирди.

Холид Хожанын баса белгилешинче, Халабда жүз берип жаткан чабуулдардын токтотулушуна тиешелүү ар кандай эл аралык же аймактык демилгелер Женева келишимине туура келиши керек. Болбосо, таптакыр ийгиликке жетише албайт. Холид Хожа сөзүнүн уландысында Асад режими менен оппозиция ортосунда Каир жана Москвада өткөрүлгөн жолугушууларга ишара кылып өттү.

Сирия улуттук коалициясынын жетекчисинин айтымында, көтүрүлүп жаткан демилгелер жаңы-жаңы өлүмдөргө себеп болуп жаткан чабуулдарды токтотууну назарда тутушу о.э. эл аралык мыйзамдарга туура келиши керек.

“Бул демилге кеӊири камтуучу бир чечимди өз ичине алышы жана Сириянын бардык аймактарын камтып алышы керек. Ушул көз карашка ылайык, демилге эл аралык токтомдорго туура келиши керек. Женева келишими менен ынтымакка келбеген ар кандай эл аралык же региондук демилгелер ийгиликке жетише албайт”, – деди Сирия оппозициясынын жетекчиси Холид Хожа.

БУУнун Сирия маселеси боюнча өкүлү Де Мистура Стамбулга келишинен мурда 6 апта Халабды абадан чабуул кылбастыкка Сирия режимин көндүрүү үчүн Сирияга барган эле.

Де Мистура Сирияда турган кезде 6 ай Халабды абадан бомбалабастыкка Асадды көндүргөндүгүн билдирди. А бирок, бул токтом качан күчүнө кириши азыркыга чейин белгисиз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here