Аз-Замелий: ИШИМге курал ташып жаткан Британия самолёту атып түшүрүлдү

298
0

Ирак парламентинин улуттук коопсуздук жана коргоо комитетинин жетекчиси Хаким аз-Замелий ИШИМге каршы түзүлгөн коалицияга башчылык кылып жаткан АКШ жөнүндө жана ошол колициянын күчтүү катышуучуларынын бири болгон Британия жөнүндө күтүүсүз билдирүүлөр менен чыкты.

Хаким Аз-Замелийдин айтымында, АКШ жана Британия ИШИМ уюмуна курал-жарак жиберип турган. АКШ маалымат каражатынын Иран маалымат каражатына таянып кабар беришинче, Аз-Замелий өзүнүн билдирүүсүндө Ирак армиясы ИШИМге курал-жарак жеткирип берип жаткан Британиянын эки самолётун Анбар вилаятында атып түшүргөндүгүн айтты.

“Ирак парламентинин улуттук коопсуздук жана коргоо комитети ИШИМге курал-жарак жеткирип берип жаткан кезде атып түшүрүлгөн Британиянын самолётторунун сүрөттөрүн көрсөттү. Ирак парламенти бул маселе боюнча Лондондон түшүндүрмө талап кылууда”, – деди аз-Замелий.

Анбар калкы жана коопсуздук күчтөрү тарабынан Багдад өкмөтүнө тынымсыз кабар келип тургандыгын билдирген аз-Замелий, АКШ башчылыгындагы коалициялык күчтөр ИШИМ көзөмөлү астында болгон жерлерге өтө чоӊ өлчөмдө курал-жарак жеткирип бергендигин айтты. Аз-Замелийдин айтымында, бул иш колго түшкөн белгилерден маалым болгон.

Аз-Замелийдин билдиришинче, АКШ өкмөтү Кербала жана Багдадга жакын болгон Анбар регионундагы башаламандыктар уланышын талап кылган жана ИШИМ маселеси аягына чыкпастыгы үчүн коалиция курамындагы мамлекеттер ИШИМге курал-жарак жеткирип берип келген. Аз-Замелий бул иштердин  ишке ашырылышынан АКШ өкмөтү кабардар болгондугун айтты. АКШ маалымат каражаттарынан орун алган кабарларда айтылышынча, ирактык башка расмийлер да ИШИМ көзөмөлүнөн азат кылынган региондордо АКШ, Европа жана Израилде иштеп чыгарылган жабдыктар жана курал-жарактар табылгандыгын билдиришкен.

Туркистон:

ИШИМ уюму өзүн исламий мамлекет деп жарыя кылганы менен, оор жана жеңил өнөр жайларды жолго койгон эмес. Демек, анын аскерий өнөр жайы да жок.

Бирок, бул жана башка уюмдарды кандайдыр бир күчтөр курал-жарак жана башка материалдык кызыкчылыктар менен камсыздап келе жатканы анык. Аз Замелий жаңылык киргизген жок. Ал болгону, эл аралык саясий майданда болуп жаткан проблемалар жана мамилелерге каршы расмий билдирүү кылууга батынды. Маселенин чиелешкен жери да ушунда. Эмне үчүн АКШ же Англия жана башка куфр мамлекеттер маалымат каражаттарында кээ бир исламий уюмдар коркунучун бүт дүйнө жүзүндө күчөтөт. Иш жүзүндө болсо аларды өздөрү куралдантышат?

Демек, ИШИМ сыяктуу уюмдардын бар болуп турушунан АКШ сыяктуу куфр мамлекеттери азырынча пайдаланып жатышат. Алар бул уюмдун атынан көтөрүп жаткан жасалма коркунучтар да, куфр айла-амалдары негизиндеги долбоордун негизги бөлүктөрүнөн.

Көӊүл буруӊуз, АКШ өзүнөн башка негизинен Ирак, Афганистан, Кыргызстан, Казакстан, Кавказ сыяктуу исламий өлкөлөрдө анын коркунучу күчөп жатканынан коркууну пайда кылып келүүдө. Европада да кудум ушул коркунуч көтөрүлдү. Бирок, алар бул коркунучту, өз өлкөлөрүндөгү мусулмандарды тар чөйрө ичине алып кирип алып, өздөрү менен мусулмандар ортосунда таптык мамилелерин мыйзамдаштырып алмакчы болуп жатышат. Бул аркылуу исламий баалуулуктар алардын коомдоруна олуттуу кирип келишинин алдын алышмакчы.

Исламий өлкөлөрдө болсо абал кооптуу. Бул өлкөлөрдө куфр ушунча жылдардан бери колония саясатын жүргүзүп келишине карабастан, Ислам акыйдасын мусулмандардан сууруп ала албады. Эми бул өлкөдөгү өзүнө малай болгон саясий элиталарды ИШИМ коркунучу астында өз жарандарына каршы мажбур жүргүзүүгө аракет кылууда. Бул өлкөлөрдүн жарандарынын негизги бөлүгүн мусулмандар түзгөнү себептүү, Европадагы натыйжалар күтүлбөйт. Тескерисинче, мусулмандар өз баалуулуктарын коргоого мажбур болушат. Куфр да кудум ушул биздин ыйманыбыздан келип чыгуучу милдеттерибизден пайдаланып, биз мусулмандарды өз өкмөттөрүбүзгө каршы багытталышыбызды күтүп жатат.

Бул иш кандай ишке ашат?

Тажикстан, андан бир аз мурун Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан сыяктуу мамлекет башчылары, алгач исламий баалуулуктарыбыз болгон хижаб, сакалга каршы чыгышты. Андан кийин жалпысынан исламий кийимдерге тыюу салышты. Кээ бирлери акырындап намазга тыюу сала башташты. Ошону менен бир убакта, Ислам жана мусулмандарды акаараттоочу багыттагы (бир жыныстуу алакаларды жактоочу аракеттердин күчөшүнө шарт түзүп берүү, спирттик ичимдиктерди пайдалануу үчүн кеӊири мүмкүнчүлүк түзүп берүү, сойкуканалар, кумар жана сүткордук сыяктуу өтө көптөгөн шариятка тескери иштерге кеӊири жол ачылды) өтө көптөгөн тармактардын өнүгүшүнө дээрлик демөөрчү болуп алышты.

Ушулардын бардыгы өкмөттөр менен мусулман жарандар ортосунда кеӊири жаракаларды пайда кылып келет. Бул өлкөлөрдүн акимдери болсо, чоӊ куфр мамлекеттеринен коркуп, Ислам жана мусулмандарды кадыржам кылуу үчүн аларды акаараттоодон тыйылуунун ордуна, өз баалуулуктарын тебелеп-тепсөөгө каршылыктарын билдирүүгө мажбур болгон мусулмандарга каршы согуш майдандарын ачып келе жатышат. Алар мыйзамдарын бир тарапка гана иштей турган кылып кабыл алып, куфр баалуулуктарын коргоо үчүн мусулмандарга каршы өз дүйнө караштарына шерик болушу мүмкүн болгон бардык тармак өкүлдөрүн бир тарапка өтүүгө мажбурлап, Исламга каршы социалдык армия түзмөкчү болуп жатышат.

Куфрдун белгилүү бир өлкөлөрдө согуш пайда кылуу долбоору да, кудум ушул аракеттерден пайда боло турган жаракалардан пайдаланып калуу негизинде жүргүзүлүп келүүдө. Алар учкун таштаса тутанып кете турган абалды пайда кылып алышмакчы. Себеби, исламий өлкөлөрдө куфр системасы жана анын негизи болгон баалуулуктары эми өнүкпөйт. Тескерисинче Ислам өнүккөн сайын алар сүрүп чыгарыла беришет. Ушуларды билген абалда куфр дүйнөсү, мусулмандарды бири-бири менен согуш абалында гана кармап туруу долбоорлорун түзүүгө катуу көӊүл бура башташты.

Ассаламу алайкум

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here