Ас-Сиси биргелешкен аскерий кубат түзүү сунушу менен чыкты

323
0

 Мисир президенти Абдулфаттах ас-Сиси региондо куралдуу топтордун коркунучу күчөп бара жатканына көӊүлдү буруп, аларга каршы биргелешкен аскерий күчкө муктаждык пайда болгондугун жана бул муктаждык күн өткөн сайын күчөп бара жаткандыгын баса белгиледи.

Мамлекеттик телевидение аркылуу кайрылган ас-Сиси башка мамлекеттерге чабуул кылуу же бастырып кирүү сыяктуу кадамдар Мисирдин куралдуу күчтөрүнө пайда алып келбестигин баса белгиледи. О.э. президент Сиси, зарыл болгон убакта башка араб мамлекеттери менен келишкен түрдө Мисирди жана бардык регионду коргоого даяр экендигин билдирди.

Мисир президенти биргелешкен араб аскерий кубатына болгон муктаждык күн өткөн сайын күчөп бара жатканын жана бул өтө эле зарыл абалга айлангандыгын айтты.

“Associated Press” маалымат агенттиги өткөн ноябрь айында Мисир, Саудия, Бириккен Араб Амирликтери жана Кувейт мамлекеттери аскерий кызматташуу максатында жолугушуу өткөргөндүгү туурасында кабар таркаткан эле.

Ас-Сисинин айтымында, бир апта мурда ИШИМ тарабынан 21 мисирликтин башы алынышынын артынан Иордания жана Бириккен Араб Амирликтери Мисир өкмөтүнө жардам сунуштаган. 21 мисирлик өлтүрүлгөндөн кийин Мисирдин аскерий самолёттору Дарна шаарында ИШИМге тиешелүү деп эсептелген жерлерге абадан чабуул кылды. А бирок, аба чабуулдарынан жалаӊ гана карапайым жарандар, ошону менен бирге жаш балдар да өлгөндүгү айтылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here