Кыргызстанда жүргүзүлүп  жаткан “Сирия согушкерлеринин кайтып келиши”  коркунучун таркатуу кампаниясы күчөп барууда

261
0

Кыргызстанда жүргүзүлүп  жаткан “Сирия согушкерлеринин кайтып келиши”  коркунучун таркатуу кампаниясы күчөп барууда 

Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүлүп жаткан бул сыяктуу фитнакечтик кампаниясына карата мусулмандар кандай позицияны ээлеши керек?

 Хизбут-Тахрир мусулмандарды ар бир иштеринде шаръий өкүмдүн негизги дастур кылууга чакырып келет. Өзү үчүн бул ишти материяны рухка аралаштыруу (иштерди Аллахтын өкүмдөрүнө байлоо) деп, исламий фалсафа катары табанний кылды. Т.а. Хизб жүргүзүп жаткан ар бир аракетин шаръий өкүм негизине гана курат. Хизбге мүчө болгон мусулмандардан да турмушунда дуушар боло турган ар кандай абал же проблемаларын чечүүдө ушул проблема үчүн Аллах Субханаху ва Тааладан Мухаммад соллаллаху алайхи ва саллам алып келген өкүмдөргө амал кылышын катуу көзөмөлдөйт. Хизбут-Тахрир мусулмандар үчүн бактылуулук деген Аллахтын ыраазылыгына жетүү т.а. жашоону жалаӊ гана ушул үмүт негизине куруу жана ушул негизде аракеттенүү деп түшүндүрүп келет.

 Кыргызстандын башына түшүп келе жаткан жогорудагы сыяктуу куфр системасынын маалыматтык чабуулу мусулмандарды бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберүү максатын көздөйт. Алар алгач бийлик өкүлдөрүн жана күч түзүмүнүн кызматкерлерин элден ажыратып жиберүүнү, андан кийин болсо өздөрү эл тарапка өтүп алып, ошол бийликке каршы аны багыттоону пландаштырышат. Муну ишке ашыруу үчүн Сириядагы согушкерлердин кайтып келишинин акыбеттеринен катуу коркутуу кампаниясын жүргүзүп жатышат. Өкмөт болсо алардын тузактарына түшүп, өз элине каршы кандай басымдарды өткөрүү керектиги жөнүндө баш катырып баштады.

 Кантип эле бул саясатчылар куфр коргоосу астында болгон Асад режими жана Израиль режимдери эмнеге коркуп жатышкан жок деп ойлоп көрүшпөйт? Эмне үчүн Түркия, Ливан мамлекеттеринде кудум эч нерсе жүз бербей жаткандай турмуш өз нугунда жүрүп жатканына көӊүл бурушпайт? Эмне үчүн ал тургай Ирактын өзү да тынч? Акыйкатта болсо, бул мамлекет жана режимдер Сирия менен чектеш го. Эмне үчүн бардык коркутуу Кыргызстанда жүз берүүдө?

 Яман, Судан, Вьетнам, Афганистан, Мисир, Косово….. мамлекеттери АКШ, СССР, Улуу Британия жана Франция ортолорунда талаш болгондуктары үчүн гана кыргын кылынганына күбө болгонбуз. Бул колонизатор күчтөр бүгүнкү күндө Кыргызстанды да, кудум жогорудагы талаштуу мамлекеттер сыяктуу, кезектеги согуш майданына айлантууга даярдап жатышат.

 Бул үчүн алар элдин арасында жикчилдик пикирлерин эгип жатышат. Бул аркылуу алар улуттар аралык, диндер аралык, мазхаб жана жамааттар аралык жаӊжалдарды келтирип чыгарууга аракет кылышат. Кыргыз өкмөтү да куфр тарабынан көтөрүп чыгылып жаткан бул пикирлерди өзү үчүн пайдалуу деп эсептөөдө. Себеби, алар куфр сакафаты менен сугарылган саясий элитадан түзүлгөн болуп, мусулман болушуна карабастан куфр өлчөөлөрү менен өлчөөгө үйрөтүлүшкөн.

 Биз мусулмандар ушул абалда өзүбүздү кандай кармашыбыз керек?

 Кыргызстанда Ислам жана куфр баалуулуктары ортосунда күрөш жүрүп жатат. Мусулмандар өз баалуулуктарын куфрдукунан ажырата билиши керек. Биз өзүбүздүн маалыматтык түзүмүбүзгө ээ болбогондуктан, куфр маалымат каражаттарына байланып калдык. Алар болсо бизге, ал тургай куфрга каршы кандай күрөшүү керектигин да үйрөтө башташты. Мусулмандар өлтүрүлгөн сахналарды, чын же жалган материалдарды кеӊири тарката башташты. Бул сахналарды көрсөтүүнүн артынан бул сыяктуу “жырткычтарга” каршы биз Афганистан, Сирия, Ирак…. дүйнө бойлоп акыйкат күрөш жүргүзүп жатабыз деп ишендирмекчи болушууда.

 Мусулмандар ар бир ишке өзүнчө, шаръий өкүмгө таянып баа бериши керек. Алар ар бир маалыматты алып жатып, аны ким таркатып жатканына, максатына жана ошол иштин шаръий маанилерине көӊүл бурушу важиб. Адам өлтүрүүнү жырткычтык деп берип жаткан АКШнын өзүндө адамдардын көз алдында электр столу менен тирүү адамды дээрлик күйдүрүп жиберет. Муну ал “адилеттүү өлтүрүү” деп мыйзамдаштырган.

 Ошондуктан, Хизбут-Тахрир белгилеген раъйга ылайык, адам өлтүрүү жакшы же жаман иш деп эсептелбейт, тескерисинче эмне үчүн өлтүрүлгөнү иштин жакшы же жаман экенин белгилеп берет. Хизб ар бир ишти өз ээсине тапшыруу важиб деп билет. Т.а. адамдар үстүнөн чыгарылуучу бардык маддий өкүмдөр мамлекет тарабынан гана аткарылышы важиб. Ошондуктан, Хизб өзү үчүн маддий иш аракет алып барууга тыюу салды. Мусулмандарга куфр (муртад) өкүмү берилген күндө да, аларга карата ушул өкүмдү ар кандай жамаат аткарышы мүмкүн эмес деп табанний кылды. Хизб бул өкүмдөрдү табанний кылууда бир гана Ислам мабдаъсын негиз кылды.

 Бул билдирүүлөрдү беришибизден максат, колонизатор куфр түзүмү Кыргызстанда Ислам жана мусулмандарга каршы аракет баштады. Демек, ал эӊ оболу Кыргызстан өкмөтү жана калкы алдында мусулмандарды жаманатты кылып алууга аракет кылат. Белгилүүлөрүн гана айта турган болсок, 11-сентябрь жана 16-февраль окуяларында буга күбө болгонбуз. Кыргызстанда да ушул сценарийди ишке ашыруу пландаштырылып жаткан болушу мүмкүн.

Биз төмөнкүнү кабарлайбыз, Хизбут-Тахрир бул сыяктуу террористтик иш-чаралар менен алектенбеген жана кыяматка чейин алектенбейт.

 Хизб бул сыяктуу операцияларды исламий кызыкчылыктарды көздөгөн бирер мусулман ишке ашырат деп да билбейт.

Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here