АКШ менен Сирия режими мужахиддерге каршы биригүүдө

289
0

Сириянын борбору Дамасктын айланасында таасири күчөп бара жаткан “Жайшул Ислам” жихадий тобунун жетекчиси Зехран Аллуштун билдиришинче, АКШ өкмөтү менен Сирия режими ортосунда келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, АКШ менен Асад режими ортосунда Дамасктын айланасын оппозициялык топтордон тазалоо боюнча чечим кабыл алынган.

“ЦРУнун жооптуу кызматкерлери менен Сирия режиминин адамдары ортосунда чогулуш болуп өттү. Асаддын адамдары менен ЦРУнун жооптуу кызматкерлери Дамасктын айланасындагы 40 км аралыкты мужахиддерден тазалоого келишип алышты”, – деди “Жайшул Ислам” жихадий тобунун командачысы.

О.э. жихадий топтун жетекчиси Зехран Аллуш Гута шаарынын курчоого алынышына жана ал жердеги мусулмандардын ачкалыктан өлүп жаткандыгына карата бүт дүйнө кайдыгер болуп жатканын сындады. Кобанини Гутага салыштырган Аллуш дүйнөлүк маалымат каражаттарын жалганчылыкта айыптады.

 “Жайшул Ислам” командачысы Асад режими тарабынан курчоого алынышынын натыйжасында мусулмандар ачкалыктан өлүп жатканына көӊүлдү буруп, бүт дүйнө буга көӊүл бурбастан, Кобаниге гана карап калганы жөнүндө айтты. Командачынын айтымында, бул жаатта дүйнөлүк маалымат каражаттары өтө чоӊ ролду ойноп беришүүдө.

“Жайшул Ислам” жихадий тобунун командачысы Зехран Аллуш: “Кобани деген кичинекей эле бир шаар. Бүт дүйнө топтолуп ошол шаар тууралуу сөз кылып жатышат. Бардык массалык маалымат каражаттары бир гана ошол шаар тууралуу кабар таркатып жатышат. Ал эми Гутада эмне болуп жатканы жөнүндө эч ким кызыкпайт. Гута толугу менен режимдин курчоосу астында. Ал жерге абадан чабуулдарды уюштурууда. Бирок, бул жердеги окуяларга Кобани окуяларындай көӊүл бурулбай жатат. Массалык маалымат каражаттары жалган кабарларды таркатышууда. Бул жерде (Гутада) болуп жаткан окуялар жөнүндө эч бири сөз кылбайт. Көргөн-билгени эле Кобани. Себеби, бул жерде сунний мусулмандар бар, себеби, бул жерде мусулмандардын суварийлери бар”, – деп массалык маалымат каражаттарын сынга алды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here