Ирандын диний жетекчиси Барак Обамага жашыруун кат жолдоду

272
0

 Ирандын диний жетекчиси Аятулла ал-Хаменеий АКШ президенти Барак Обамага сый-урматын билдирип, жашыруун кат жолдогондугу ашкереленди. АКШда англис тилинде чыгуучу «The Wall Street Journal» газетасынын ирандык дипломатка таянып жазышынча, өткөн аптада Хаменеий Барак Обамага Ирандын ядролук долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө байланыштуу жашыруун кат жиберген. Дипломаттын билдиришинче, Хаменеийдиин жашыруун каты Обама тарабынан келген жашыруун катка жооп катары жазылган.

АКШ президенти Барак Обаманын 2014-жылдын октябрь айында Хаменеийге кат жазгандыгы кабарланган болчу. Катта эгерде ядролук сүйлөшүүлөр ишенимдүү баскычка өтсө, АКШ ИШИМге каршы күрөштө Иран менен кызматташуусу мүмкүн экендиги айтылган эле.

Эки мамлекеттин жооптуулары бул жашыруун каттар жөнүндөгү кабарды тастыктабаса да, бирок, бул тууралуу бир да билдирүү беришпеди.

Өткөн апта Ирандын тышкы иштер министринин жардамчысы Абдуллахиян террорчу (Исламий) топторго каршы күрөштө АКШга ишенбестигин билдирген эле.

Ал: “АКШ Ирандан террорчу (Исламий) топторго каршы күрөшүү үчүн жардам сурады. А бирок, биз АКШнын чын сүйлөшүнө ишенбейбиз. Себеби, бул топтордун кээ бирлерине АКШнын өзү жардам берип келүүдө”, – деди.

Ушундай болушуна карабастан, Абдуллахиян жашыруун каттар жөнүндө бир ооз да сөз айтпады. Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнест болсо жашыруун  кат боюнча берилген суроого: “Мен Обаманын жашыруун каттары жөнүндө талкуу кыла турган абалда эмесмин”, – деп жооп берди жана Иранга карата позициясы өзгөрбөгөндүгүн билдирди.

Хаменеий ушул аптада берген билдирүүсүндө ядролук программа боюнча келишимге жетишүү тарапкери экендигин билдирди.

Ирандын ядролук программасы боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү АКШ, Британия, Франция, Россия жана Кытай о.э. 5+1 эсебинде Германия бир жылдан ашык убакыттан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин тараптар бир чечимге келе алышпады. Сүйлөшүүлөр уланып жатат. 30-июнь сүйлөшүүлөр үчүн акыркы мөөнөт болуп белгиленген. Батыш мамлекеттеринин жооптуулары март айында бир натыйжага жетишүүнү көздөп жатышканын айтышууда. Батыш, эгерде Иран атомдук куралдар үстүндө иштебей жатканын далилдей алса, ага экономикалык жактан жардам бериши мүмкүн экендигин айтып келет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here