ТАЛИБАН КЫЙМЫЛЫ: УЛУТТУК БИРИМДИК ӨКМӨТҮ АКШНЫН КУУРЧАГЫ

305
0

Афганистандагы Талибан кыймылы мамлекетте бир нече ай өтүп, бир нече талаш-тартыштардан кийин түзүлгөн Улуттук биримдик өкмөтүн тан албастыгын билдирди.

Талибан кыймылы Афганистанда президенттик үчүн ат салышкан мурдагы финансы министри Ашраф Гани жана мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла ортосунда келишилген Улуттук биримдик өкмөтү өздөрү үчүн эч кандай кадыр-баркка ээ эместигин ачыктап, бул өкмөттү “АКШнын куурчагы” катары баалай тургандыгын билдирди.

Афганистанды душмандын баскынчылыгынан куткаруу үчүн жихад жүргүзүп жаткан жана Батыш тарабынан “Радикал Исламчы” деп бааланган Талибан кыймылы дүйшөмбү күнү журналисттерге жолдогон электрондук катында Ашраф Гани башчылыгында түзүлгөн өкмөттү таптакыр тан албастыгын билдирген.

Талибан тарабынан чыгарылган билдирүүдө: “Кошмо штаттар жерлерибиз жана өлкөбүз бизге тиешелүү экендигин жана кабыл алынуучу чечимдер о.э. кол коюлуучу келишимдер тышкы иштер министри же АКШ тарабынан эмес, афганистандыктар тарабынан белгилениши керектигин түшүнүп жетиши керек”, – деп айтылат.

Билдирүүдө Афганистандан баскынчыларды кууп чыгуу жана мамлекетте Ислам шариятын өкүмдар кылуу үчүн Талибан кыймылы ишмердүүлүгүн уланта тургандыгы баса белгиленет.

Туркистон:

21-сентябрда Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла ортосунда “улуттук биримдик” деген аталыштагы келишим түзүлдү. Ашраф Гани ошол күнү президент деп жарыя кылынган болчу.

Бул АКШнын эски ыкмаларынын бири болуп, Афганистанды бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберүү үчүн чөйрө даярдайт. Максаты тынчтык орнотуу эмес, тескерисинче, кырдаалды өзгөртүү. Т.а. куфрга каршы Ислам жана мусулмандар жүргүзүп жаткан согушту мусулмандар аралык согушка айландырып, өзү дагы кайрадан алардын ортосундагы казы, жардамчы, көзөмөлчү, союздаш… позицияларына кайтмакчы. Бул ишке Россия, балким, Кытай да тартылышы мүмкүн. Бирок, бардыгы жогорудагы сыяктуу белгилүү бир тараптарга союздаш… болушат. Анткени, жогорудагы АКШ тарабынан түзүлгөн жасалма тандемден тышкары Талибан, Худайбердиев сыяктуу чыныгы күч-кубат ээлери да бар. АКШ өтө чоӊ саясий ыпылас айла-амал баштамакчы.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here